Франциянын президенти Эммануэл Макрондон кийин эле Германиянын канцлери Ангела Меркел да Европанын армиясын түзүү боюнча демилге көтөрдү. Ал бул тууралуу 13-ноябрда Страсбургда Европарламенттин жыйынында сүйлөп жатып айтты:
- Биз түзүмдүк аскердик кызматташтыкта көп нерсеге жетиштик. Бул жакшы жана андай кадамдар колдоо таап жатат. Бирок акыркы жылдардагы окуяларга байланыштуу биз кайсы бир кезде Европанын чыныгы армиясын түзүүнүн үстүнөн иштешибиз зарыл экенин айтып жатабыз.
“Европанын бирдиктүү армиясы дүйнөгө Европа өлкөлөрүнүн ортосунда мындан ары согуш болбой турганын көрсөтөт эле” деген Меркел “эгер биздин коомчулугубузду коргогусу келсе, Европа биздин тагдырыбызды өз колуна алышы керек” деди. Канцлердин айтымында, мындай армия НАТОго атаандаш болбойт.
Меркелдин демилгесин парламентте отургандар кол чабуу менен кубатташты, бирок ал жактагы улутчул партиялар аны жактырбагандай, ышкырып кабыл алышты.
Европанын армиясын түзүү маселесин өткөн жумада Франциянын президенти Эммануэл Макрон да "Европа 1" радиосу менен болгон маегинде көтөргөн.
- Мен азыр дүйнөнү караганда Европа күндөн күнгө бөлүнүп баратканын көрүп жатам, - деген ал. - Европанын айланасында кайрадан куралдана баштаган авторитардык күчтөрдү көрүп жатам. Кибермейкиндигибизге жана демократиялык турмушубузга кирүү боюнча ар кыл аракеттерди байкап жатам. Биз өзүбүздү Кытайдан, Орусиядан, ал тургай Кошмо Штаттардан да коргошубуз керек. Мен Трамптын 80-жылдардын ортосунда кабыл алынган Орто жана кыска аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча ракеталык келишимден чыгарын жарыялап жатканын көрүп жатам. Ал Европага тиешелүү жана анын башкы курмандыгы Европа болот.
Бирок Макрондун демилгеси АКШнын президенти Дональд Трампка жаккан жок. Ал дароо “Твиттерде” франциялык кызматташынын сөзүн "өтө кемсинтүү" деп баалап, биринчи кезекте НАТОнун бюджетиндеги “үлүшүн” чынчыл төлөөнү сунуш кылды:
- Франциядан Эммануэл Макрон "Европа Кошмо Штаттардан, Кытайдан жана Орусиядан коргонуу үчүн өз армиясын түзүшү керек" деген сунушун айтты. "Өтө кемсинтүү", бирок балким Европа биринчи кезекте Кошмо Штаттар берип келе жаткан өзүнүн НАТОдогу үлүшүн төлөшү керек чыгар?
Трамп 11-ноябрда Парижде Биринчи Дүйнөлүк согуштун аякташынын 100 жылдык мааракесине катышып, Макрон менен да жолугушкан. Ал АКШга кайтып баргандан кийин Франциянын бийлигин жана президент Макронду сындаган бир канча твит жайгаштырды. Анын биринде “маселени себеби - Францияда Эммануэлдин рейтинги төмөн, 26 пайыз, ал эми жумушсуздуктун деңгээли 10 пайыз” деп жазды Трамп “Твиттерге”.
АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Жон Керри 1700-жылдары эгемендик үчүн Улуу Британия менен болгон урушта Кошмо Штаттарга Франция жардам бергенин эске салып, “илгертен келаткан өнөктөштү кемсинткени үчүн” Трампты сындады.
Дональд Трамп НАТО өлкөлөрү коргонуу чыгымдарын көбөйтүп, каржылык жүктү Кошмо Штаттар менен чогуу көтөрүшү керек экенин президенттикке талапкер болгон кезинен бери эле айтып жүргөн. АКШ альянстын башка 27 мүчөсүнө салыштырганда Вашингтон НАТОнун коргонуу жаатындагы чыгымдарынын “шайкеш эмес үлүшүн” көтөрүп келе жатканын билдирип келет.
НАТО өлкөлөрү он жыл ичинде коргонуу чыгымдарын ички дүң өнүмдүн 2% үлүшүнө жеткирүүгө 2014-жылы эле милдеттенме алган. Учурда бул чекке беш гана өлкө жетти.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин көз карашында, “Европанын армиясы анын коргонуу кубатын арттырышы мүмкүн, бирок ал НАТОну толукташы керек”. Ушундай эле пикирди 13-ноябрда АКШнын коргоо министри Жим Мэттис да айтты:
- Биз коопсуздук жагынан НАТОну Европаны коргоодогу негизги пайдубал катары көрөбүз. Биз жүктү көтөрүш үчүн көп иш кылып жаткан өлкөлөрдүн аракетин колдойбуз.
Макронду Европанын өз армиясын түзүү тууралуу ойго түрткөн Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча макулдашууга мындан 31 жыл мурда, 1987-жылы ал кездеги СССРдин лидери Михаил Горбачев менен АКШнын ошол кездеги президенти Рональд Рейган кол койгон. Келишим учуу аралыгы 500дөн 5500 чакырымга чейин жетүүчү жана жерде жайгаштырыла турган канаттуу ракеталарды жасоого тыюу салган. АКШ ноябрь айында ракеталар боюнча “кансыз согуш” доорунан калган келишимден чыгарын жарыялаган. Бирок анын ниетин Орусия жана Европа мамлекеттери сындаган.