Айыл жеринин заман өзгөрсө да баштагы калыбынан жанбай келаткан турмуш ырааты жазуучунун «жанытма» деген жанрдык эн белги менен чыккан аңгемелеринде мыкты сүрөттөлгөн.
Аза артынган арман
Жашоо бар жерде өлүм, кубаныч менен сүйүнүч артында кайгы-касирет турат. Мындайды кыргыз оомал-төкмөл дүйнө деп коёт. Ошол дүйнө өз ыраатында көчүн улап келет. «Туугандан айланса болот…» жанытма аңгемеси пенде баласынын башына туш келчү оор учурга арналган. Көздөй жакын адамынан ажырап кайгыга баткан жакындарынын жанында жакын туугандары, айылдаштары, билген-көргөн адамдары турушу керек. Мындай оор учурда көз көрсөтүп келгендер болот, аларды тосуп алыш, узатыш, андан да маркумду акыркы жайына сый-урмат менен жөнөтүү милдети турат. Түш оой бу жалганды таштаган Сары молдону жай жерине алып коюшуп, жакын адамдары бир сыйра ыйлап, бугун чыгарып алышкандан кийин мындан ары эмне кылышаарын ойлошту. Сары молдонун жакын тууганы Кармышак кыйлага үнүн баспай ыйлап жатып токтолуп, демин басып отуруп келген адамдарга көңүл бурду.
«Булар көбүнчө сынап келип жатышат, - деп ойлоду ал. – Аттай даңкыбыз болбосо да, койдой даңкыбыз бар. «Баягы Сары молдо өлгөндөгү конок» деп тамшанып, айта жүргүдөй болсун. Өзүнүкүн өзүнөн аяйынбы?!»
Ушул ойго токтолгон Кармышак Сары молдонун уулу Касымбайды кеңешке чакырат. Атасынан айрылып кайгыга батып турган молдонун уулуна билген кеңешин айтты. Кабыргасы сөгүлүп турган инисине достон көп душманы бар экенин эсепке алып, абышканы жакшылап узатууну табыштады. Жакшылап узатыш үчүн албетте, кара мал союлушу керек. Сары молдонун кара ашына бир бээ, бир уй, майда жандыктан алтыны союуну туура көрүштү.
« – Дагы канча малыңар бар?
- Эми бир кунаажын, бир серке, бир токту калды.
- Аларды жетилигине, кыркылыгына калтыралы.
- Болуптур. Бирок койлордун көбү бооз эле, сиздин ириктерден союп турбайлыбы, кийин оошорбуз. – Кармышак көпкө ойлонуп туруп калды. Бир топто барып мурутун сылагылап алды да, инисин теше тиктеп туруп: «Эми, аны көрөлү, сөөк-тамырдан дагы бирдеме түшүп калаар», - деди. Анан башка маселеге өттү».
Мындайда майда маселе жок. Кармышак инисинен отун жетерин тактап, боз үйдөн көбүрөөк тиктирүүнү, оттон чоң жактырып, сөөк-тамырларды ошого кийирүүнү табыштады. Мындайда таарыныч көп болорун эскертип, өлүк коюу чоң сыноо экенин ырастады. Бардык маселе кеңешилип чечилгенден кийин Кармышак инисин боз үйдүн жанында өкүрүп турушун тапшырып, өзү «тияк-быягын тейлештирмей» болду. Кечке жетпей алты канат боз үйдөн бешөө тигилип, эки кара, төрт жандык алеки саатта союлуп, от жалбырттап казан-казандарда эт кайнатылып, иш кызыды. Кыштын ызгаарына карайбы, боз үйлөрдүн ичине от жагылып, жылууланып, келген коноктор киргизиле баштады. Кармышактын эки көзү иштеп аткандарда болду. Баарын карап, тескеп турбаса эти тургай табагын таппай калышы ыктымал. Кармышак агасын жакшылап узатыштын камында. Уккан эл айта жүргөндөй, батага келгендердин баки-жогу сыйга карк болуп кетиши керек. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бир алдын жакындарына сыноо, эчен кылымдап калыптанып калган салттан четтебей, башкаларга сөз болбой, «Сары молдону узаткандагыдай» деп көргөндөр айта жүрүшкөндөй болсун. Көпчүлүк деген көпчүлүк, баарын көз алдынан өткөрүп турду.
«Кармышак байкап турса: касапчы «кол кесерден» алган этин араң көтөрүп баратат, эт бышырчу адам шорпонун үстүнө кылаңкыр май калтырчудай эмес, боорсок бышырган аял баласынын чөнтөгүн толтуруу менен алек, а тиги боз үйдүн ичиндеги, эми эле толтурулган тасмал жылан сыйпагандай бош, сары май менен боорсокту аралаштыра ороп алып, конфеттерди тандаган байбичелер «молдокемки, той эмеспи» деп ырымдап алып жатышат. «Жуттугуп калышканбы? Сары молдо өлбөсө кантишмек!» деп ойлоду да бул көрүнүштү тартипке салгысы келди. Өз үй-бүлө мүчөлөрүн чакырып, ар бирине иш бөлүштүрүп берүүнү чечти.
- Сен конокторду жайгаштырасың, табак тарттырасың, келинчегиң ашканадан жылбасын! – деди уулу Абдырахманды чакырып алып. - Эт, боорсок бышыргандарды жакшылап карап тургула. Энең үй ичин: кийим-кечени, дасторконду тээлесин! Калганына өзүм жетишемин. Этият болгула, уурдатпай жакшы кайтаргыла!»
Кармышак ал ишти жөнгө салган соң Сары молдонун там үйүнө кирип ал жерде өлүм зыйнатын кандай өткөрүштү кеңешүүгө олтурушту. Сөөктү кимге карматууну чечишип, маркумдун кийимдеринин ичинен кылоосу кете элек түлкү ичик көзүнө жылуу учурап, аны өзүнчө бөлөк алдырып койду. «Кандан капкалуу шаар калган экен, биздин деле көз акыбыз бар» деп ойлоп, кылчу кызматынын акысын эмитен эле чектеп койду. Ага улай жыртышка деп Касымбайдын келинчегинин кызына сепке даярдаган адеми кездемелер төрт чарчыланып бөлүндү.
Эт уурдамай
Ал күнү эң кеч Кармышактын уулу Абдырахмандын чогуу иштешкендери келишкен, алардын баарын сый-урмат менен тосуп алышты. Ящиктеги арактын бөтөлкөлөрү азайган сайын дасторкон үстүндөгү уу-дуу кептер күчөгөн. Отургандардын бири нааразылыгын ачык эле айта баштады.
«Бурчтагы адам өйдө обдулуп сүйлөп кирди. - Жээнбек өлгөндө жети уруу элди конок кылган, Арзымбай өлгөндө алтообузга бир табак эт берген, Кожоке өлгөндө кемегесинен май аккан, а мына сенин атаң өлгөндө айкалактай далыны жеп отурабыз…
- Отур, отурчу! – Төрдөгү ошпурлуу адам босогодогу бурчта отурган адамга олунду. – Тойбогон атаң көрүгө дагы бир табак эт бергилечи… Өлүктүн коногуна таарынган эмнеси, жаман ата-а. Көрөбүз сени дагы, энеңдин эчкидей жашы калыптыр, - деди да ордунан турду. Бата тилегенди унутуп коюшуп, кажы-кужу менен эшикке чыгышса түн ортосунан ооп калган экен.
- Болгула, даярсыңарбы? – Абдырахман коноктор узап кетээр замат ашканага келген энеси менен аялын шаштырды. – Кеттик, тезирээк жүргүлө! Абдырахмандын аялы туурдуктун арасына каткан эттерин чогултса, чеч кап экен.
- Куда кааласа, айлык катык болот! – деди колундагы капты копшоп. – Кишиге көрсөтпөй көтөрүп кетели».
Арак менен этке тойгон жакын туугандардын ал түнкү иши чогулткан этин кантип үйгө жеткирүү гана болду окшойт. Үчүнчү күнү Сары молдону коюп кайтышканда маркумдун жакындарынын алдыңкы катарында Кармышак үйгө жакындаганда ботодой боздоп ыйлады. Көз жашы көл болуп, сакалы ылдый куюлуп жатты. Аны көргөн айылдаштары менен тааныгандардын баары «бир туугандыкы ушу да» деп шыпшынып, тууган ушундайда күйөрүн айтышып жатышты. «Кармышактын көзүнүн жашы эмне үчүн төгүлүп жатканы менен алардын иши болгон жок», дейт автор.
Канболот Бердикеевдин өткөн кылымдын 70-жылдары жазылган мына ушул аңгемесинде улуттук турмушубуздун талылуу маселеси камтылган. Жазуучу улуттук каада-салтка бекем чүмкөнүп алган социалдык көрүнүштүн тереңде билинбей жаткан кытмырлуу дүйнөсүн ачыкка чыгарган. Сары молдо - Кармышактын жакын агасы, жан күйөр тууганы. Ошол үчүн агасынын кайтыш болгонун көргөндө чын дилден күйүп, кайгыга батат. Ичтеги бугу чыгып, ыйы токтогондон кийин ал агасын кантип акыркы сапарга узатуунун камылгасын ойлоно баштайт. Сары молдону акыркы сапарга узатуу жөрөлгөлөрү көпчүлүктүн эсинде калгыдай өтүшүн каалайт. Туугандык сезимге оронуп-чулганган анын аракет-кыймылынан эч бирөө кынтык таба албайт. Баары каада-салттын, туугандык мамиле-катнаштын негизинде өтөт. Ошон үчүн анын агасынын түлкү ичигин өзүнө энчилеп алышы, аялы менен уул-келини бир айга жетерлик эт-ашты уурданып көтөрүп кетиши кадыресе көнүмүш иштей кабыл алынат.
Кармышактын акыл-кеңешин уккан иниси менен келини үйүндөгү болгон дүйнө-мүлкүнөн ажырап атышына деле кайыл. Намыс деген мурдун балта кеспес жүйө турганда дүйнө-мүлк эмне болуп калыптыр?! Өзүндө болбосо башкалардан карыз алып болсо да маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөлөрүн аткарышка бала-чакасы мажбур. Кармышак инисине союшка жарамдуу ириктеринен беришти каалабайт. Колунан келсе Сары молдонун үйүнөн көбүрөөк алгысы келет. А бирок агасынын колунда жок. Ошондон кара малдан экини гана союп, жалгыз кунажынды Сары молдонун кыркылыгына калтырып отурушпайбы.
Жазуучу сыртынан байкер, жайыл дасторкон көрүнгөн элеттик турмуштун жат көзгө байкалбаган илдетин ачыкка чыгарат. Канболот Бердикеев «Туугандан айланса болот…» жанытма аңгемесин жазган чакта коомдук турмушта ушу таптагыдай ысырапкорчулук жайыла элек болчу. Коммунисттик бийлик коомдук институттардын текши баарын бекем тескеп, артыкбаш ыгым-чыгымдарга жол берчү эмес.
Кыргызстан өз алдынча өлкө болуп, баштагыдай чоң борбордон тергеп-тескеп турчу башкаруудан бошонгону мурда жабылып-жашырылып келген адат-жөрөлгөлөрдүн бир тобу жамырап чыга келди. Экономикалык өнүгүү артынан улуттук куру намыстын унутта калган рудименттеринин кыйласын жандантып, жаңы түс берди. Көпчүлүк элдин жашоо-турмушу оңолуп, базар экономикасы бай-кедей катмарын алдыга чыгарган соң мурда кездешпеген жөрөлгөлөр ойлоп табылды. Мунун баары коомдук аң-сезимге таасир этип, өлкөбүздүн экономикалык оор абалдан бошонушуна кедергисин тийгизип, артыкбаш ыгым-чыгымдардын, санжыргалуу шаан-шөкөттөрдүн көбөйүшүнө алып келди.
Кармышак агасын жайына берип, сөөк чыккан боз үйгө келе жатканда көзүнөн жашы төгүлүп, катуу күйүшү бекеринен эмес. Бул жерде өлүү дүйнөдөн бийик тирүүлөрдүн баарын ойлонтчу акыйкат бар болчу. Кармышак да жакын агасынан айрылып, аны түбөлүк жайына узатып келатып өзүн ойлоп, бул жашоонун оомал-төкмөлүгүнө, бүгүн бар адамдын эртең жок болуп каларына, ошондой оор учурларда да пенде баласы пенделигине тартып, майдалыгына кетип, өз баркын өзү кетирип, билип-билбей оголе көп күнөөлүү иштерди жасап ийишин эстеп кайгыга батат. Өлүм кези келгендин баарын алып кете берет. Ал эми анын артында калган тирүүлөр кандай адамдар? Алар майда нерселерден бийик, адам деген атка татыктуубу? Канболот Бердикеевди ойлонткон маселелер ушу.