Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:09

Таластагы тойго айланган маараке


Чыңгыз Айтматовдун Таласта өткөн юбилейине барган Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков.
Чыңгыз Айтматовдун Таласта өткөн юбилейине барган Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы Таласта белгиленди. Жогорку Кеңештин төрагасы баш болгон бийлик өкүлдөрү катышкан мааракенин катардагы тойдон айырмасы жок өткөнү социалдык тармактарда сынга кабылды.

Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган мааракелик иш-чара 8-ноябрда Талас шаарындагы "Манас-Ордо" комплексинде өттү. Майрамдын урматына ат оюндары, төкмө акындардын айтышы, спорттук мелдеш жана сахналаштырылган оюн-зоок уюштурулду.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев баш болгон бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты.

Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, комплекске 90 боз үй тигилип, 30га жакын жылкы союлган.

Иш-чараны өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгү уюштурган. Мааракени өткөрүүгө таластыктар 6 миллион сомдон ашык каражат топтогон.

Анын ичинде президент Сооронбай Жээнбеков менен Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков да өз фондунан каражат бөлүп берген.

Чыңгыз Айтматовдун Таласта өткөн мааракеси.
Чыңгыз Айтматовдун Таласта өткөн мааракеси.

Облустун жетекчиси Марат Мураталиев акчаны жергиликтүү тургундар бергени үчүн алардын сунуш-пикири эске алынганын билдирди:

- Таластын тургундары бир күндүк айлыгын которду. Ардагерлер пенсиясынан беришти. Бишкектеги жердештер да акча чогултту. Аны топтоо боюнча атайын банктан эсеп ачып, мааракелик иш-чараны өткөрдүк.

Таластагы тойго "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов да катышып келген. Ал элдин демилгеси менен өткөн иш-чараны тыюуга болбосуна токтолду.

- Таласта өткөн иш-чарага мамлекет бир тыйын бөлүп берген эмес. Бизге ошентип айтышты. Андай болгон соң жалпы элдин демилгесин биз эмнеге тыйышыбыз керек? Сыймыктуу жазуучубузду эскерип, той өткөрөлү дешти, өткөрүштү. Албетте, ар кандай көз караштар болот. Ысырапкорчулук дегенде биз мамлекеттин казынасын аяшыбыз керек.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Айтматовдун балалыгы өткөн Шекер айылында курулуп жаткан "Чыңгыз Ордо" комплексинин курулушу аяктаган соң мааракени эл аралык мааниде өткөрүү керек болчу деген пикирде:

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

- Мекенибиздин эң атактуу адамынын мааракесинде атактуу иштер жасалышы керек болчу. Чыңгыз Айтматов ага татыктуу да. Чыгармачылык өңүттөн алып караганда бул иш-чара башкача өтсө болмок. Мамлекеттик деңгээлде сценарий даярдалып, коңшу жана башка өлкөлөрдө жазуучунун чыгармачылыгынын бардык чөйрөсүн камтышы зарыл эле. Мынча жылкы союлуп, мынча боз үй тигилди деп эсте калганы залкар жазуучубуздун деңгээлин түшүрөт. Тилекке каршы, мааракенин баркын кетирип жиберишти.

Акын, журналист Олжобай Шакир гуманисттик идеялары менен дүйнөгө таанымал, планетардык масштабдагы ойчул-жазуучуну аш-тойлор менен эмес, башка форматта эскерүү зарыл болду деп эсептейт:

- Айтматов бизде рухий лидер катары кабыл алынат. Биз анын деңгээлине ылайык белек жасай алдыкпы? Ал биздин эле эмес, жалпы дүйнөнүн аң-сезимин көтөрүү үчүн аракет кылган. Жанагыча той-ашка кеткен чыгымды чыпчыргасын коротпой, улуттук аң-сезимди көтөрүү үчүн мектептердеги өксүктөрдү толтурууга берсек болбойт беле? Орой айтканда ичип, анан басып кеткенге көнүп алдык.

Чыңгыз Айтматовдун Таласта өткөн мааракеси.
Чыңгыз Айтматовдун Таласта өткөн мааракеси.

​Той өткөрүп, жылкы сойгондун ордуна пайдалуу иштерди бүтүрсөк болмок дегендердин катарында "Биздин тарых" коомдук фондунун жетекчиси Чоробек Сааданбек да бар. Ал учурда Интернетте Айтматовдун чыгармалары жарыялана электигин белгиледи.

- Мисалы, Айтматовдун чыгармаларынын мүлктүк укугу бар. Жазуучунун мураскерлери аны менен Айтматовдун музейин каржылап жатат. Биз 30 жылкы союп же башкага каражатты жумшагандын ордуна алардан укукту сатып алып, кыргыз тилиндеги чыгармаларын Интернетке жайгаштырсак сооп иш болмок.

Быйыл Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын Кыргызстанда жана эл аралык деңгээлде белгилөө боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы чыккан. Анын алкагында, бир катар адабий, маданий жана илимий иш-чаралар өтүп жатат.

Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ) 2018-жылды "Айтматов жылы" деп жарыялаган. Залкар жазуучунун 90 жылдыгына карата түрк тилдүү өлкөлөрдө ар түрдүү маданий иш-чаралар өтүп жатат.

Кыргызстандын маданият министри Азамат Жаманкулов Айтматовдун мааракеси боюнча айтылган сын пикирлерди моюнга аларын билдирди:

Азамат Жамангулов.
Азамат Жамангулов.

- 30 жылкы союлганын билбейт экем. Бирок 100гө жакын боз үй тигилди. Жалпылап айтсак, биз деле той-топурларда ысырап кылууга каршы чыгып келебиз. Бирок кечээ өткөн тойдун жалпы калктын катмары үчүн өз мааниси бар. Бирок ошол эле мезгилде бул маараке башкача форматта өтсө болмок деген сынды моюнга алабыз.

Чыңгыз Айтматов дүйнөдөгү көп окулган авторлордун бирине кирген. Жазуучунун чыгармалары 170ден ашык тилге которулган, жүздөн ашык мамлекеттеги окурмандар окушат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.



  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG