Расмий маалыматтарга ылайык, 22-марттагы теракт 144 кишинин өмүрүн алды. 500дөн ашуун адам жарадар болду.
"Важные истории" басылмасы менен маектешкен адамдар айтып бергендей, чабуулду ишке ашыргандар пайдаланган АК-74 дүйнөнүн булуң-бурчуна экспорттолгон. Атүгүл Пакистанда франшиза менен чыгарылып келген. Ал эми АК-12ни орусиялык атайын бөлүктөр жана кээ бир менчик аскердик компаниялар гана алууга үлгүргөн.
“Сөз болгон курал ФСБ шектүүлөрдү кармоо учурунда жана буга чейин, 7-мартта Калуга облусундагы атышуулардан кийин, 3-мартта Ингушетияда жок кылынган террорчулар деп айтылган адамдардын кампасында тарткан видеодо көрүнүп турат”, - деп жазды “Важные истории”.
Журналисттер фронттогу курал-жарактын Орусиянын шаарларында жана Европадагы көмүскө базарда сатылып жатканын иликтешкен. Алар мурда онлайн соода даркнетте, кийин жашыруун мессенжерде жүргүзүлсө, азыр автомат, тапанча, ок-дарыны Телеграмдан эле сатып алса болорун аныкташты.
"Европанын көмүскө рыногунда 1990-жылдары чыгарылган АК-74М көп кездешет. АК-12ни дагы сейрегирээк болсо да, табууга болот. Бул моделдин баасы 3500 евродон башталат. Алар Ижевскиде жасалат. Албетте, ГДР жана Польшада жасалган эскирээк АК-74 моделдери да бар", - деп айтып берген германиялык эксперт Ларс Винкелсдорф.
Буга чейин "Вагнер" аскердик менчик компаниясына жакын Grey Zone Телеграм-каналы согуш аймагынан курал-жарак Балкан, Румыния, Молдовадагы көмүскө базарларда сатылганын жазган.
"Настоящее время" телеканалы ошол курал кантип концерт залына чабуул койгондордун колуна тийгенине кызыгып, "Важные истории" басылмасынын журналисти, иликтөөнүн автору Никита Кондратьевди сөзгө тартты.
"Ар бир аскердин энчилүү куралы болот. Аны аскердик билетине катташат. Бирок ошол куралды алар колдонбойт. Сыягы, алары менен кайра кампага сактоо үчүн өткөрүп берет же катып коёт. Ыңгайлуу шарт түзүлгөндө согуш талаасында өзүнө башка автомат таап алат. Жанындагы же украиналык курман болгон жоокердин куралын колдонот".
Кондратьевдин айтымында, орус армиясынын аскеринде ошондой куралдан бир нече даана болушу мүмкүн. Бир бөлүгүн кийин Украинанын оккупацияланган аймактарында жергиликтүү тургундарга же "даркнеттен буюртма алган соодагерлерге сатышат".
"Биз сөзгө тарткан соодагерлер, эксперттер, аскерлер менен жалданма согушкерлер АК-12 террорчулардын колуна капысынан тийген деп ойлошот. Ал кезде ошондой гана курал бар болсо керек. Жең ичинен сатылган болушу мүмкүн", - деп сөзүн улантты журналист.
Кондратьев "Крокуска" кол салуу үчүн колдонулган курал Дагестандан келген деген тергөөнүн версиясына ишенет. Эмне дегенде Кавказ аркылуу курал-жарактын аткезчилик жолу өтөт.
"Чечен бөлүктөрү чындап эле курал-жаракты, ок-дарыны согуш зонасынан алып чыгышат. "Ахматтагы" бир "ыктыярчы" 2022-жылы эле басылманын журналисти менен маектешкенде, Ф-1 грантасын көтөрүп алып, армиядан качып кеткенин айтып мактанган. Ал өзү Сибирден болчу. "Ахматтын" дагы бир жалданма согушкери куралды азыркыга чейин Кавказга эле эмес, согушкерлер жашаган башка аймактарга да алып чыгышканын тастыктаган", - дейт "Важные истории".
2022-жылы май айында куралдуу күчтөрдөн кетип, АКШга көчкөн Константин Ефремов орусиялык аскерлер курал-жаракты болбогон акчага сатып жатышканын айтып берген. Украинадагы согушка чейин бир тапанча 50-100 миң рубль (500-1000 доллар) турса, учурда атайын аскердик операциянын (орус бийлиги согушту ушинтип атайт) тилкесинде андай тапанча 20 миң рублга, автомат 30 миң рублга (300 доллар) сатылууда.
Орусиянын Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, орус армиясы Украинага басып киргенден бери автомат, тапанча колдонгон кылмыштардын саны 30 процентке өскөн. Алдыңкы саптарда Курск жана Белгород облустары турат. Курскиде андай кылмыштар 675 процентке көбөйгөн.