Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:52

Орусия Түндүк Кавказда террорчулукка айыпталган эки киши өлтүрүлгөнүн билдирди


Кабардин-Балкар республикасы. 2024-жылдын 11-апрели.
Кабардин-Балкар республикасы. 2024-жылдын 11-апрели.

Түндүк Кавказда, Орусиянын курамындагы Кабардин-Балкар республикасында контртеррордук операция (КТО) жүргүзүлүп, эки киши өлтүрүлгөнүн 11-апрелде орус Улуттук антитеррордук комитети билдирди.

Федералдык коопсуздук кызматына (ФСБ) республиканын борбор калаасы Нальчиктин чет жакасында террордук ишмердүүлүк менен байланышкан куралчан адамдар тобу бар экени тууралуу маалымат түшкөнү, кармоо учурунда алар күч кызматкерлерине каршы ок чыгарганы маалымдалды.

Мекеме билдиргендей, операция шаардын бир бөлүгүндө жана Черек районунда жүргүзүлдү, «теракт жана диверсия пландаган» деген эки киши жок кылынды.

Кармалгандар «Крокус Ситидеги» кол салууга тиешеси бар же жогу тууралуу маалымат айтылган жок.

31-мартта КТО режими Түндүк Кавказдагы дагы бир республика Дагестандын борбор калаасы Махачкалада жана Каспийск шаарында да жарыяланып, террорчулукка айыпталган үч киши кармалганы маалымдалган.

4-мартта Орусиянын Түндүк-Кавказ федералдык округунун курамындагы Ингушетияда да ФСБ кызматкерлери көп кабат үйлөрдүн бирин гранатомет менен аткылап, алты кишини өлтүргөнү кабарланган. Күч органдары алар өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган топтун мүчөсү экенин билдиришкен. (RK)

XS
SM
MD
LG