Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Кыргыз таануу: “тегин” антропоформантына – 35 жыл, “тегин” сөзүнө – миңдеген жылдар


Эне тилге арналган окуу китептер.
Кыргыздардын эне тилине арналган окуу китептерден.

Азыркы тапта негедир айрым саясатчылар кыргызча тегатты (фамилия) жаратууда колдонулуп жаткан “тегин” сөзүнө каршы чыгып жатышат. Бул сөздүн тарыхый төркүнү каякта? Аны кыргыздардын тегатын жаратууда байма-бай колдонууга эмне үчүн болбосун? Тарыхчынын блогу.

Тегат дагы падышалык оторчулардын куралы болгон

Айрым орус эмес элдердин ысымдары күчтөп орусташтырылгандыгын адатта Шибердеги чакан элдердин тарыхынан билебиз.

Саха, хакас, тыва, шор, алтай жана башка көптөгөн чакан этностордун ысымдары XVIII – XIX кылымдарда орусча гана жазыла баштаган. Алар, албетте, балалуу болгондо эне тилинде эле ат коюшчу, бирок расмий документтерге алардын орусча (христианча) гана ысымдары катталган.

Мисалы, теги алтайлык сүрөтчү жана мамлекеттик ишмер Григорий Иванович Чорос–Гуркин (12(24).01.1870 – 11.10.1937) тууралуу сөз кылсак болот.

Ал эми совет доорунда туулуп-өскөн көрүнүктүү хакас этнографы Виктор Яковлевич Бутанаевдин (12.03.1946 – 05.06.2023) өз ысымы Астайбег (кыргызча Астайбек) болчу.

Балтика боюнда падышалык империялык доордо жергиликтүү латыш, литва жана эстон улуттарынын далай тегаттары орусташтырылган.

Маселен, латыш тегиндеги Петерсонс, Екобсонс, Янсонс, Берзинс, Вацетис, Зариньш ж.б. латышча тегаттары кийин Петров, Яковлев, Янов, Березин, Вацетов, Зарин болуп чыга келген.

Ал эми литвалык Казлаускас, Петраускас, Янкаускас, Василяускас, Жукаускас, Павлаускас, Коваляускас, Симонайтас, Витаутас, Щеголевас сыяктуу тегаттар орусташтырылып, Козлов, Петров, Янковский, Васильев, Жуков, Павлов, Ковалев, Симонов, Витовский, Щеголев сыяктуу тегаттагга айландырылган.

Кээ бир учурларда падышалык аткаминерлер өздөрү эле орусча тегатты таңуулашса, башка учурларда “мен силердин Алёшкаңар эмесминби!” дегендей, ыктыярдуу эле орусча ысым же тегатты алгандар деле болгон.

Падышалык төбөлдөр, маселен, 1916-жылдагы кыргыздардын улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн жолбашчыларынын бири Канаат хан Ыбыке уулунун тегатын “Абукин” деп жазып салгандай башка да мусулман түрк калктарынын тегаттарын бурмалаган окуялар арбын кездешкен.

Түштүк Кавказдагы советтик доордогу өрнөк

Мурдагы Совет Биримдигинде орус эмес тектеги айрым улуттар өз паспортторундагы ысымдарды жазууда өз эне тилин кадырлаган эрежелерди ырааттуу колдонууга жетишкен.

Маселен, совет доорунда азербайжандар өз тегатынын жыйынтыктоочу бөлүгү катары “-заде” сөзүн, тажиктер “-зода” сөзүн, грузиндер “-дзе” же “-швили” сөздөрүн, армяндар болсо “-ян” сөзүн колдонушчу.

Бул антропоформанттар аларды колдонгон совет жарандарынын азербайжан, тажик, грузин же армян экендигин жеңил-желпи аныктоого мүмкүндүк жаратчу.

Айтмакчы, азербайжандардын советтик паспорттторунда, маселен, орусча барагында “Гейдар Алиев” деп жазылып, азербайжанча барагында өз эне тилинин талаптарына ылайык “Һейдар Әлизаде” (азыркы латын арибинде “Heydər Əlizade”) деп жазылып келгендигин, балким, айрым алатоолуктар ал кездери этибар алчу эместир.

Демек, совет доорунда эле азербайжан тилчилери жана саясатчылары өз эне тилиндеги тегатты бурмалабай жазуу жаатында мыкты өрнөк көрсөтүшкөн. Балким, аларга сталиндик доордо дагы өз улуттук алфавитин сактап калууга жетишкен коңшу грузиндер менен армяндардын таасири тийгендир (аларда да паспортттогу өз эне тилиндеги баракта армянче жана грузинче ысымдары эч бурмаланбастан жазылчу).

Заманбап грузин паспорту жана Ай-Диси. 06.6.2023.
Заманбап грузин паспорту жана Ай-Диси (грузин жана англис тилдеринде). 06.6.2023.

Айтмакчы, бул азербайжандык тажрыйба советтик Кыргызстандагы кыргыздар үчүн деле кирил жазмасын эне тилде ийкемдүү колдонуунун мыкты өрнөгү болчу.

Эгерде түрк тилдүү боордошторубуз болгон азербайжандыктардын бул тажрыйбасы совет доорунда жана постсоветтик мезгилде Кыргызстанда деле эне тил талаптарын сактоо менен ырааттуу колдонулса, анда кыргыздар өз паспортундагы ысымдарын кыргызча жазылуучу бөлүмдө жалаң гана орусчалатып бурмаламак эмес.

Маселен, эгемендик доорунда деле кыргызча Ажыбай, Жаңыбай, Жоош, Осмон, Өмүр, Өскөн, Үмөт, Үркүнбай, Чыңгыз, ж.б. ысымдардан жаралчу тегаттар кыргызча тексттерде деле орус тилиндегидей Аджибаев, Джаныбаев, Джоошев, Усманов, Омуров, Осконов, Уметов, Уркунбаев, Чингизов, ж.б. түрдө колдонулуп калды. Ай-Ди документте жана жарандык паспорттордо эне тилге кайдыгерликтен улам жаралган ушул өксүк алигиче сакталып келүүдө.

Анан калса жумуриятыбыздагы Жогорку аттестация комиссиясындагы, министрликтердеги же башка жактагы айрым аткаминерлер (бюрократтар) кайсы бир кыргыз тегиндеги автор (мисал кылсак, Жаңыбай урпагы) буга чейин Джаныбаев деп ката жазылып келген ысымын постсоветтик кыргызча китептеринде же макалаларында оңдоп, Жаңыбаев деп жазып салса, аны “башка авторго таандык экен” деп эсептебей койгон учурлар дагы болгон.

Албетте, мында ошол авторлордун өздөрү дагы өз тегаты үчүн күрөшүүдө саал жармачтык кылып жатышабы деп ойлоп кетем.

Кыргызстандын жарандык паспорту (үлгү).
Кыргызстандын жарандык заманбап паспорту (үлгү).

Ал эми жекече көрсөткүч (ИНН) кыргыз тегиндеги жарандын ысымы кайрадан туура жазыла баштагандыгына карабастан эч өзгөртүлбөй кала берет эмеспи. Демек, автордун кимдигин тактоодо эч кандай чаташуу деле жаралбайт.

Кээде окумуштуу айым күйөөгө чыккандыгына байланыштуу өз тегатын өзгөртсө деле анын кыз кезиндеги тегатындагы чыгармалары анын өзүнө эле таандык экендиги мыйзам ченемдүү тастыкталып жатпайбы!

Маркум акын Тенти Адышева (1920–1984) тээ 1954-жылга чейин Жунушбаева деген тегатты алып жүргөн. Анын 1954-жылга чейинки чыгармалары тегаты өзгөргөнүнө байланыштуу жокко чыгарылган эмес да!

Мурда өз тегаты Джанибаев деп ката жазылып жүргөн айдың өз чыгармаларын 2024-жылдан тартып Жаңыбаев же Жаңыбайтегин деп кол коюп жарыялай баштаса, анын мурдагы чыгармаларын жүрөгү таш аткаминер (бюрократ) гана “чоочун кишиге таандык” деп жериши мүмкүн.

Маселе – кайсы бир аткаминердин жана тийешелүү автордун гана эне тилди кор кылган эскиче аң-сезиминде жана учурдагы мыйзамдык өксүктө.

1989-жылдагы мыкты сунуш

Кыргызстандагы 1988-жылдагы “кош тилдүүлүк” үчүн ырааттуу айдыңдык күрөш 1989-жылы күзүндө өтө зор жетишкендикке алып келген: ошол жылы 23-сентябрда “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” жумурияттык мыйзамда Кыргызстандагы бирден бир мамлекеттик тил катары кыргыз тили жарыяланган.

Ошентип, Кыргызстанда саясий чөйрөдө экинчи түгүл үчүнчү орунда калган эне тилибиз үчүн өзгөчө мамлекеттик макам берилип, аны коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө расмий колдонууга кеңири мейкиндик ачылган.

Дал ушул мыйзамда кыргызча тегатты (фамилияны) жазуу жаатында да олуттуу бурулуш сунушталган.

Кыргыз мыйзамчы депутаттары совет доорундагы орус тегаттарындагыдай “-ов”, “-ова”, “-ев, “-ева” деп орусча тегат жаратуу эрежеси таңууланып келген тажрыйбадан дээрлик баш тартып (дээрлик дегенибиз, жаранга бул мыйзамда деле тегат түрүн эскиче тандоо мүмкүнчүлүгү да берилген), кыргыз тегиндеги жарандарга “-ов”, “-ова”, “-ев, “-ева” деген тегат жаратуу түрлөрүнүн ордуна атасынын атынын уландысы катары “уулу”, “кызы” жана “-тегин” сөздөрүнүн бирин жалгаштырып алуу мүмкүнчүлүгү сунушталган.

Ошол 1989-жылдагы мыйзамда “тегин” антропоформанты жаатында бир гана өксүк жаралган: ал – ошол “тегин” сөзүн кишинин өз атасынын (орусча “отчество”) ысымына гана улай алат деген чектөө (бул сөздү анын чоң атасынын ысымына деле улаштыруу мүмкүнчүлүгү мыйзамда так кесе айтылбай калган).

Мунун төркүнүн деле түшүнүп турам: ошол кездеги депутаттардын айрымдары өз атасынын атын тегат катары да, атасынын аты (отчество) катары да колдонушчу.

Мисалы, Касымбек Айткулович Айткулов (жөн гана өрнөк; ал кезде мындай депутат жок болчу) деген кишиге Касымбек Айткул уулу жана Касымбек Айткултегин деп тегатын өзгөртүү сунушталган. Бул Касымбектин чоң атасы Бекбоо болсо, анда ага Касымбек Айткул уулу Бекбоотегин деп жаңы тегат алууга 1989-жылдагы мыйзам уруксат берчү эмес.

Совет доорунда бизде Автандил, Космосбек, Марклен, МТЧбек, Колхозбек, Съездбек, Тариэл, Феликс жана башка ысымдар пайда болду. Ал эми тегатты кыргызча кайрадан жаратуудагы башкы идея – кыргыздын ата-бабаларынын тарыхый ысымдарын сактап калуу менен байланыштуу болуусу кажет.

Демек, Чыңгыз уулу Космосбектин кийинки урпактары Космосбектегин деп гана тегат албастан, Чыңгызтегин деп да тегат алуусу абзел.

Ал эми азыркы тапта Айтегин, Күнтегин деген ысымдар кайрадан кишиге өз аты катары бериле баштады.

Андай учурда Айтегин ысымынан тегат жаратууда “тегин” сөзүн эки жолу кайталап отурбастан (маселен, “Айтегинтегин” дебестен), Айтегиндин урпактарынын тегаты “Айтегин” бойдон калууга тийиш деген өзгөчө эрежени киргизүүгө болот.

Бул “тегин” сөзүнүн акыркы “н” тыбышын жана тамгасын сактап калуу керек (кээ бирөөлөр “-теги” сөзүн антропоформант кылууну сунуштап жатышат). Анткени “н” тыбышы менен аяктаган тегаттарды башка бир катар чет тилдерде дагы жөндөө алда канча ыңгайлуу.

“Тегин” сөзү битик (орхон-энесай руна сымал) жазмасындагы жана андан кийинки орто кылымдардагы жазма эстеликтерде да “кан тукуму”, “канзаада” маанисинде учураган, демек, байыркы бабаларыбыздан калган таберик сөз.

Жалпы түрк элдеринде Алптегин, Көлтегин (Күлтегин), Жарыктегин (Жаруктегин), Күмүштегин, Озмыштегин, Тоңатегин, Эсентегин сыяктуу киши аттары болгон. (Айтмакчы, ар бир тилде омонимдер – айтылышы жана жазылышы бирдей, бирок ар кыл маани берген терминдер учурайт; “тегин” сөзү деле “чейин” деген сыяктуу же башка омонимдик маани билдирген кезеңдер болгон. Бирок мындай сейрек учурлар “тегин” сөзүнүн мурдагы “тектүүнун тукуму”, “каган тукуму” мааниси менен чаташтырууга алып келчү эмес.)

Албетте, суроо туулушу мүмкүн: деги азыр бизде хан тукуму, каган тукуму жок эмеспи, ар кимге эле ушул эски титулду жармаштырганыбыз ката болуп калбайбы?

Албетте, ката болбойт. Бул – жаңы мааниге көчүрүлгөн сөз.

Азыркы автонунааны түрктөр “араба” дешет, англистер “car” (“чүмкөмө араба”) дешет, бирок эч ким бул унаанын алдында ат (унаалык жылкы) чегилип турат деп аңдашпайт.

“Жарлык” сөзү орто кылымдарда хандын өзгөчө буйругу катары аңдалчу, эми бүгүнкү мамлекет башчы (президент) хан болуп калган жок, бирок мамлекет турмушу үчүн маанилүү жарлык чыгаруучу ыйгарым укукка эгедер.

Ошентип, 1989-жылдын 23-сентябрындагы мыйзам бизге көөнө доордон келген нукура эне тилдеги сөздү (“тегин” сөзүн) жаңы ономастикалык мааниге бөлөнтүп берди.

Ал маани – “тегин” сөзүн кыргыз улутундагылардын тегатын жаратуудагы заманбап антропоформант (киши атын жаратуучу куранды сөз) катары колдонууга жол ачкан жаңыча мазмун.

Ар элдин мындай усулда тарыхый сөздү жаңылантуу укугу бар. (Акча бирдиктеринин аталыштарын эле эстейли).

“Тегин” сөзүнүн өзгөчө ыңгайлуу жагы – ал кыргыздардын тегаты катары жынысына карабастан жалпы энчиленет. Аны кишинин атасынын аты (отчество) катары эмес, тегат катары гана берүү зарыл деп эсептейбиз.

Ошондо Айбек Арстан уулу Көлтегин, Айжан Арстан кызы Көлтегин сыяктуу кыргызча ысымдардын чынжырын алабыз.

Айбектин урпактары деле “Көлтегин” тегатын сактап кала алышат, же Арстантегин деген жаңы тегатты (маселен, Темир Айбек уулу Арстантегин) деп алышы деле мүмкүн. Менимче, байыркы бабанын ысымын тегат катары ырааттуу сактап калуу – алда канча жөндүү.

Албетте, айрым замандаштарыбыз тегат катары кабыл алынуучу ысымга эч бир кошумча антропоформантты жалгаштырбай коюуну да сунуш кылышууда. Бул жаатта деле ата-энеге эркиндик берүү абзел.

Бирок, жеке түшүнүгүмдө, “-тегин” деген тегат жасоочу сөздү (антропоформантты) колдонуп, кишинин тегатын (орусча фамилия; англисче surname) түзгөн маалда, анын алып жүрүүчүсү кыргыз улутундагы жараныбыз экендигин оңой аныктай алабыз. (Жогорудагы “-заде”, “-дзе”, ж.б. мисалдарды караңыз).

Көрүнүктүү акын жана коомдук ишмер Кожогелди Култегинди, маселен, кимдер эле грузин, тажик же армян акыны го деп бүшүркөп кабыл ала алат?

Айтор, 1989-жылы 23-сентябрдагы мамлекеттик тилге байланыштуу мыйзамды даярдоодо далай кыргыз адистери “-тегин” сөзүн жөн жеринен сунуштабагандыгын, мында да улутубуз үчүн олуттуу болгон өзгөчө атуулдук маани камтылгандыгын бөркүмдөй көрөм.

Бул антропоформант сөз да 1990-жылдардан тартып туулган урпактарыбыз үчүн бабалардын мурасындай баркталышы жөндүүдүр.

Эски сөздөргө жаңыча жан киргизилген “жаран”, “жарлык”, “кеңеш”, “курултай” жана кийинчерээк жаралган “аба майданы”, “ардагер”, “учак”, “уюкфон”, “автоунаа” сөздөрү сыяктуу эле “тегин” антропоформанты деле 1989-жылдан берки соңку 35 жылда улутубузда мыкты эле деңгээлде кабыл алынып калды деп санайм.

Бөйрөктөн шыйрак чыгара берсек, анда мурдагы оторчулар таңуулаган “Баланчин”, “Төлөнчин” деген тегат түрлөрүн да кайра киргизгиси келгендер четтен чыгаар.

Соңку маалыматка караганда, бул "тегин" сөзүнө байланыштуу көйгөй Жогорку Кеңештин керегесинде дагы талкуу кылынышы күтүлүүдө.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Шерине

XS
SM
MD
LG