Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:24

Мадумаровдун иши: Шаардык сот өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

10-июлда Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровго карата Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды.

Райондук сот саясатчыны "бийликтен аша чапкандык" жана "алдамчылык" беренелери боюнча коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес эле.

Бул жолку отурумдан кийин саясатчы чечимди "жогорку жактан түшкөн буйрук" деп атады. Анын адвокаттары алдыда Жогорку сотко апелляциялык арыз менен кайрыла турганын билдиришти. Ал эми бийлик өкүлдөрү бул иште саясат жок экенин, Мадумаров мыйзамсыз аракеттери үчүн жазага тартылганын айтып келет.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери, оппозициячыл саясатчы Адахан Мадумаровго козголгон иш боюнча Бишкек шаардык сотунун коллегиясы 10-июлда чечим чыгарды. Экинчи баскычтагы сот Биринчи май райондук сотунун чечимин толугу менен өзгөртүүсүз калтырды.

Тактап айтканда, Биринчи май райондук соту Адахан Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин абакта калтырылган.


Жети ай Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында жаткан Адахан Мадумаров 26-апрелге караган түнү боштондукка чыккан. Бул күнү биринчи инстанциянын чечимине 30 күн болгон.

Адахан Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген. Биринчиси - кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралганын билдирген.

2022-жылы ноябрда парламенттин отурумуна катышкан кезде Садыр Жапаров Адахан Мадумаровдун өзүн айыптаган:

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

"Мына сиз протоколго кол коюп берип жиберген Төрт-Көчө боюнча айтып жатпайсызбы, "ал мыйзамсыз, дааратканага барып коюш керек" деп. А бирок тиги тарап барбайт экен да ал менен. Мына деп эле көрсөтүп туруп алат экен. Бир нече жолу көрсөттү. Өткөндө Астанадан дагы үч тараптуу жолугушууда дагы көрсөттү, "мына минтип кол коюп туруп эле аткарбай коёт" деп. Андан бери Камчыбек Кыдыршаевич эки жолу сүйлөшүп келди. Биз эми аны кайра кайтарып, нейтралдуу статус-кво бердиртип атабыз. Андай болсо сеники да, меники да эмес болсун деп, ушуга макул кылдык”.

Бүгүнкү Бишкек шаардык соттун чечимин Мадумаров өлкөдө сот адилеттүүлүгү түп тамыры менен жок болгонунун далили деп атады:

"Мына мындай кызык окуя болууда. Жогорку Кеңешке Башкы прокуратура 338-берене менен кайрылып жатат. Конституцияны да Жогорку Кеңешти да алмаштырган Жапеков деген тергөөчү аны 323-беренеге өзү билип которуп жатат. Жогорку Кеңешке Башкы прокуратура тарабынан 209-берене боюнча кайрылуу жок. Бирок Жапеков аны дагы кошуп коюп жатат. Бул жөнөкөй эле мыйзамсыздык эмес, бул жапайычылык. Биз эки-үч күн тынымсыз сүйлөгөн сөзүбүздө бүтүндөй чындыкты бардык далилдер менен тизип бердик. Бирок билгениндей чечим чыгарышты. 15-20 мүнөттө чечим чыгара койгондук - бул соттун чечими эмес, бул жогору жактан түшкөн буйрук. Бул өлкөдө мыйзамдуулук же сот адилеттүүлүгү түп тамыры менен жок болгонунун далили".

Адахан Мадумаров буга чейин "Азаттык" радиосуна берген маегинде иш “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен тергелип, өкүм чыгардын алдында ал “Бийликтен аша чабуу” беренесине алмашканын билдирген. Саясатчынын соту жабык өткөндүктөн, берене өзгөртүлгөнү тууралуу маалымат берилген эмес.


Ага козголгон кылмыш ишинин экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов аттуу жаран 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган. Бул ишке байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевге да айып коюлган.


Мадумаровдун адвокаттарынын бири Сейитбек Довлатов 2009-жылкы протокол боюнча ошол учурдагы бир топ чиновниктер сотто күбө катары суралганын, алардын баары документтин юридикалык күчкө ээ болбогонун билдиришкенин айтты. Ошондой эле Довлотов сот отурумуна Мадумаровдун ишин тергеген тергөөчү Жапековду жана башка айрым күбөлөрдү чакыруу өтүнүчү канаттандырылбаганын кошумчалады:

Сейитбек Довлотов.
Сейитбек Довлотов.

“Сотко күбө катары келген ошол учурдагы мамлекет башында турган бир канча кызматкерлердин баары тең жогорудагы протокол юридикалык күчкө ээ эмес экенин, анда кылмыштын курамы жок экенин далилдеп айтып беришти. Бирок ошого карабастан шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырып койду. Бүгүнкү өкүм сот адилеттигине жатпаган өкүм. Демек сот адилеттигине жатпаган өкүмдү кабыл алуу бул сот тарабынан кылмышка барууга барабар”.

Адахан Мадумаровдун ишин судьялар Адис Момуналиев, Замирбек Атаев жана Нурлан Кожомбердиевдер караган.


Башкы прокуратура чек арадагы протоколго байланыштуу Мадумаровду жоопко тартууга уруксат берүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке 2022-жылы февралда кайрылып, парламент алгач муну четке каккан.

Көзөмөл мекемесинин өкүлдөрү экинчи ирет 2023-жылы май айында ушул эле иш боюнча Мадумаровду жоопко тартуу өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке келген. Мында ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Массалык башаламандыктар”, “Бийликти күч менен басып алуу”, “Бийликтен аша чабуу” беренеси да кошулганы маалымдалган.

Депутаттык комиссия кайрадан изилдөө жүргүзүп, анын чечими менен парламент 22-июнда Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берген.


2023-жылы 2-сентябрда ал кармалып, камакка алынган жана “мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганы белгилүү болгон. Анын артынан партиянын бир нече мүчөлөрү кармалган. Мадумаровдун өзүнүн иши былтыр октябрда сотко өтүп, процесс ошондон бери уланып келатат.

26-мартта Биринчи май райондук соту Адахан Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин абакта калтырылган.

Жети ай Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында жаткан Адахан Мадумаров 26-апрелге караган түнү боштондукка чыккан.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG