Кыргызстанда “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү” белгиленип жаткан маалда, жазыксыз жерден сталиндик репрессияга кабылып, мезгилсиз жайран болгон даңазалуу эки инсан тууралуу сөз кылмакчыбыз. Тарыхчы Таалайбек Жаркынбаев айтылуу Алымбек датка менен Курманжан датканын урпактары Кадырбек Камчыбек уулу жана Жамшитбек Карабек уулу тууралуу макаласын сунуштайт.
“Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү” окурмандарга сунушталып жаткан бул жолку иликтөөбүз Алымбек датка менен Курманжан датканын неберелери Кадырбек Камчыбек уулу (Камчыбеков) менен Жамшитбек Карабек уулу (Жамшидбек Карабеков) жөнүндө болмокчу.
Бул эки каарман Кыргызстандын түштүк аймагында Кеңеш (Совет) бийлигинин чыңдалышына жана Кара-Кыргыз автоном облусунун түптөлүшүнө опол тоодой кызмат кылышкан, бирок каргашалуу 1937-жылы сталиндик каардуу репрессиянын курмандыгы болушкан.
Эки тарыхый инсан жөнүндө маалымат Фергана өрөөнүндөгү басмачылардын кыймылы жана аларга каршы күрөш жаатындагы мурдагы советтик адабияттагы айрым эмгектерде кездешет. Бирок алардын өмүр таржымалдары астейдил изилденген эмес.
Советтик тарыхчы А.И.Куниндин эмгегинде Кадырбек Камчыбеков менен Жамшитбек Карабеков басмачылырга каршы кыргыздардын ыктыярдуу атчандар кошуунун (отрядын) түзүп, Алай өрөөнүндөгү басмачыларга каршы күрөшкөндүгү кыскача маалымдалган. [Макаланын этегиндеги кыскача адабият тизмесин караңыз: 1, 73–90-беттер].
Түркстандагы жарандык согуштун катышуучусу, советтик тыңчы П.Камерондун калемине таандык очеркте (баянда) кыргыздардын ыктыярдуу атчандар кошуунунун командири Кадырбек Камчыбековдун айтылуу Мойдунбек (теги ичкилик кыргыздардан болгон Мухиддин Каттабек Осмон Аалы; болжол менен 1877-жылы Ноокатта туулган – 1922-жылы 26-августта Ошто мерт тапкан) корбашыны куралсыздандырып, колго түшүргөндүгү учкай чагылдырылган [2, 62–69].
Албетте, советтик доордогу мамлекеттик идеология ошол замандагы калемгерлер менен тарыхчыларга “эл душмандарынын кара тизмесине” катталып, жазыксыз репрессияланган эр-азаматтардын өмүр жолун жана салымдарын терең иликтөөгө жол берген эмес.
Кейиштүүсү, постсоветтик эгемен доордо деле Кадырбек Камчыбек уулу менен Жамшитбек Карабек уулу жөнүндө изилдөө иштери дурустап колго алынбай келет.
Негедир кыргыздардын ыктыярдуу атчандар полкунун тарыхын изилдеген окумуштуу, тарыхчы Назар Түнтеевдин эмгегинде [3] деле эки тарыхый инсан жөнүндө таптакыр маалымат жок. Болбосо мына ушул эки азамат Кыргызстандын түштүк аймагында кыргыздардын ыктыярдуу атчандар кошуунун уюштургандардын башкы демилгечилеринен болгон эмеспи.
Менимче, бул эки тарыхый инсан тууралуу кеңири маалыматтар НКВДнын (кийинки КГБнын) сырдуу сандыгына бекитилген окшойт.
Арийне, архивдик маалыматтардын негизинде басмачылардын кыймылы боюнча ар тараптуу чагылдыруу иштеринин жүрүмүндө [4, 34–66] басмачыларга каршы күрөштүн каармандары катары Кадырбек Камчыбек уулу менен Жамшитбек Карабек уулу тууралуу жаңы маалыматтар аздап болсо да айгинелене баштады.
Түркстандагы эгеменчилердин “Басмачылар кыймылы” аталган саясий жана аскердик күрөшү алгачкы баскычта дал ушул эгеменчи жана антиболшевиктик топтордун ийгиликтерине коштолуп жүргөн.
Кызыл Армиянын алгачкы курамын түзгөн армян тектүү дашнактар менен орустардын Дыйкандар армиясынын жергиликтүү бейкүнөө калайыкка карата жасаган бир катар зордук-зомбулуктары менен кандуу кыргынынын кесепетинен жергиликтүү калктын ичинде Кеңеш бийлигине жана орусиялыктарга карата ишенбөөчүлүк, иренжүү сезимдери күч алган кезең орун алган.
Дал ушул шартта Түркстандагы жергиликтүү калктын басымдуу бөлүгү басмачылардын катарына ыктыярдуу кошулгандыгы да азыр ачык айтыла баштады.
Мадаминбек “ляшкар башы” (Мухаммед Амин Бек; 1882-жылы же 1893-жылы туулган делет — 1920-жылы 20-майда набыт кеткен) Фергана өрөөнүндөгү көзөмөлдү 1920-жылдын жаз айларына чейин кармап турган.
Албетте жергиликтүү калк эгеменчил Мадаминбектин армиясын моралдык жана каржылык жактан колдоп кубаттаганы да анык.
Фергана аймагындагы болшевиктер үчүн оор саясий кырдаалды баалап, РСФСРдин Эл Комиссарлар Кеңеши 1919-жылы 11-августта Түркстан майданын (фронтун) түзүп, анын жетекчилигине Михаил Васильевич Фрунзени дайындаган.
1919-жылы 8-октябрда жогорудагы органдын демилгеси менен Түркстан комиссиясы түзүлөт. Тажрыйбалуу саясий билими жетик большевиктер менен толукталган бул комиссия кырдаалды иликтеп чыгып, Фергана облусундагы тажрыйбасыз ревкомдордун жана реакциячыл маанайдагы, коммунисттик идеология тууралуу таптакыр түшүнүгү жок дашнактар менен толукталган Кызыл гвардиянын топторунун акылга сыйбаган иш-аракеттерин ашкерелейт.
Комиссиянын жыйынтыгына ылайык айрым кызыл командирлер революциялык трибуналга тартылат, армян тектүү дашнактардын кошууну таркатылат жана Дыйкандар армиясы куралсыздандырылат.
Фергана өрөөнүндө вакыф мүлкү, казылыктар кандайдыр бир деңгээлде калыбына келтирилет.
Ошентип Түрккомиссиянын мындай ишмердүүлүгүнүн натыйжасында жергиликтүү калктын бөлүгүндө Кеңеш бийлигине карата ишеним акырындап жаралып, айрым жерлерде жергиликтүү тургундар басмачыларды колдоодон баш тарта баштаган.
Түрккомиссия басмачыларга каршы күрөш өнөктгүнө жергиликтүү калктын өкүлдөрүн тартмайынча ийгиликке жетүүгө мүмкүн эмес, деген пикирин Түркстан Борбордук Аткаруу Комитетине (БАК) билдирген.
1920-жылы 15-майда Түркстан БАКы Түркстан майданынын революциялык аскердик кеңеши менен биргеликте чыгарган декретке ылайык, Советтик Түркстан республикасын коргоо максатында жергиликтүү калктын белгилүү тобу куралдандырыла баштаган.
Бул кошуундар акырындык менен советтик милиция системасына өткөрүлүүгө тийиш болгон. Кошуундарды чыңдоо иши аскердик окутуу жүрүмү менен коштолгон. [5, 47–48].
1920-жылдын июнь айында болшевиктер Ош шаарынын Эркиндик (мурдагы Церковная) аянтында жергиликтүү калайыкты жапырт түрдө аскердик окууга тарта баштады. Аскердик окутуунун биринчи агымында Кадырбек Камчыбек уулу менен Жамшитбек Карабек уулу да болгон.
Кадырбек Камчыбек уулу аскердик окууга чейин эле, 1918–1921-жылдар аралыгында Кашкар-Кыштак болуштук башкаруу кеңешинин төрагасы болуп шайланып, иштеп келген.
Аскердик окуудан өткөндөн кийин ал Алайдагы кыргыздардын ыктыярдуу элдик милиция кошуунун уюштуруп, Алай өрөөнүндө басмачылардын кыймылынын топторуна каршы күрөшкөн.
М.В.Фрунзенин демилгеси менен мурдагы штабс-капитан, кавалерист Сулайман Күчүковдун башкаруусунда төрт кошуунду (отрядды) камтыган Кара-Кыргыз атчандар полку түзүлөт. Биринчи кошуун (отряд) Гүлчөдө, экинчиси – Жалпакташта, үчүнчүсү – Көк-Артта, төртүнчүсү – Базар-Коргондо жайгашкан.
Мына ушул Гүлчөдөгү кошуунду Кадырбек Камчыбек уулу жетектеген. Алгач кыргыз атчандар полкунун жалпы саны 1000 жоокердин тегерегинде болгон. Кара-Кыргыз атчандар полку Фергана майданынын (фронтунун) аскердик штабына баш ийген.
Кеңеш бийлиги басмачыларга каршы согуш аракеттерин жүргүзүүдөн тышкары корбашылардын ортосундагы карама-каршылыктарды кылдаттык менен өз пайдасына чечүү сыяктуу тактиканы да пайдаланган.
М.В.Фрунзенин айлакерлиги менен кыргыздын “отуз уул” уруусу менен “ичкилик” урууларынын ортосундагы илгертен келе жаткан айрым уруу аралык тирешүү да колдонулган. Маселен, дал ушул Кадырбек Камчыбек уулунун колу менен Мойдунбек корбашынын колу ойрон кылынган жана Мойдунбектин өзү 1921-жылы колго түшүрүлгөн. [6, 337-340].
Бул тактиканын “таптык күрөшкө” эч кандай тийешеси жок, анткени Кеңеш бийлигин колдоого алган Кадырбек Камчыбек уулунун өзү мурдагы “эзүүчү таптардын” катарынан чыккан айдың болчу.
А.И.Куниндин маалыматы боюнча, Кадырбек Камчыбек уулу 1921-жылы коммунисттик (болшевиктик) партиянын мүчөлүгүнө кабыл алынган. 1922-жылы январда Гүлчө болуштугунун жалпы чогулушу Кадырбек Камчыбек уулун Ош үйөздүк-шаардык IV саясий конференциясына делегат кылып жиберген.
Кадырбек Камчыбек уулу Кыргызстандын түштүк аймагында болшевиктердин саясий таасири чоң төбөлүнө айлана баштады. Ал жетектеген ыктыярдуу атчандар кошуунунун курамы Гүлчө, Жошолу, Корул айылдарында жашаган жергиликтүү тургундардан (таптык жактан жиктелбестен) түзүлүп, жарым казармалык абалда даяр турган.
Бул кошуундун штабы Жошолу айылында жайгашкан. Дайыма 20–25 жоокер кошуундун гарнизонунда штабды коргоп турган. Аскердик кошуун алгач жергиликтүү калктын эсебинен каржыланган.
Бул кошуундун негизги милдети – Алайдагы стратегиялык зор мааниси бар ашууларды көзөмөлдөө жана Батыш Кытайдан Памир, Эркечтам, Сопу-Коргон аркылуу Фергана аймагындагы басмачыларга тымызын келип жаткан курал жарактарды колго түшүрүү болгон.
Кыргызстандын түштүк аймагында Кеңеш өкмөтүнүн жер-суу реформасына нааразы болгон бай-бийлердин жана орто катмарлардын совет бийлигине каршы контрреволюциялык үгүтү да башталды.
Кара Кыргыз (1925-жылдан кийин Кыргыз) автоном облусу 1926-жылы РСФСРдин курамындагы Кыргыз АССРи болуп кайра түзүлдү.
Ошол кезеңде, 1927-жылы май айында Анжыян жана Ош кантондорунда болшевиктерге каршы турган эгеменчилердин “басмачылык” кыймылы кайрадан күч алды. Бул кыймылдын “куйругу” Батыш Кытай тарапта жаткандыгы маалым болду.
Басмачылык кыймылына каршы күрөшүү боюнча Борбордук комиссия Ош кантонун “бандитизм менен күрөшүүнүн ишенимсиз” аймагы деп жарыялады. Ошол эле учурда Кыргыз обкомуна өкмөттүк комиссия түзүп, тез аранын ичинде Ош кантонуна жиберүүнү сунуштады.
Бул комиссияга башкалар менен бирге Өзбек ССРинин БАКынын төрагасы Юлдаш Ахунбабаев, Кыргыз АССРинин БАКынын төрагасы Абдыкадыр Орозбеков, ошондой эле Кадырбек Камчыбек уулу менен Жамшитбек Карабек уулу да кирген. Комиссиянын негизги милдети Ош кантонундагы баштапкы советтик апппараты бекемдөө жана контрреволюциялык кыймылдарга каршы күрөшүп жаткан советтик аскерлерди чыңдоо болгон.
Алымбек датканын эки небереси тең 1930-жылга чейин Алай, Алайкуу жана Өзгөн аймактарында басмачылар кыймылынын улам жаңы топторун талкалоого жигердүү катышкан. Ал түгүл 1931-жылы Кадырбек Камчыбек уулу Кызыл Туу ордени менен сыйланган.
Айтмакчы, Жамшитбек Карабек уулу (Карабеков) орус-тузем мектебин аяктагандан соң, Казан университетин бүтүрүп келген деген да жоромол бар. Албетте, бул жоромолду жакынкы болочокто кошумча даректүү маалыматтар менен тастыктоо зарыл.
Жамшитбек Карабек уулу 1902-жылы 15-мартта Мады айылында жайгашкан орус-тузем мектебине окутуучу болуп келген [7, 29-30].
Айтылуу француз чыгыш таануучусу жана саякатчысы Пол Пеллио мырзанын жол күндөлүгү жана сүрөттөр камтылган китептеги [8, 75-б.] бир сүрөт өзгөчө сөз кылууга арзыйт.
Бул сүрөттө оңдон экинчи турган жаш кыргыз жигит – Алымбек датканын урпагы Асанбектин уулу Мамадалибек экен, деген жоромол айтылууда. Бул жоромолду колдоочулар “Пеллио мырзанын жол күндөлүгүндөгү маалыматка таянып аныктадык”, деген тыянагын шардана кылышты.
Арийне, пикирибизде, бул жоромол чындыкка төп эмес.
Биз 1906-жылкы сүрөттөгү П.Пеллио, К.Г.Маннергейм жана Курманжан датка болуп чогуу түшкөн бул жигит – Жамшитбек Карабек уулу деп санайбыз.
Анткени ошол учурда Жамшитбек Карабек уулу Курманжан датканын неберелеринин ичинен өзгөчө билимдүү, европа маданиятын өзүнө сиңирген инсан болгон.
Жамшитбек орус тилин мыкты билген тилмеч катары Курманжан датканын европалык жана орусиялык өкүлдөр менен расмий жолугушууларында дайыма жанында болгондугун бир топ тарыхый булактар айгинелеп турат.
Жамшитбек Совет бийлиги орной элек кезеңде Ош үйөзүнүн билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап, үйөз боюнча жаңы орус тузем мектептеринин ачылышына салым кошкон жана реформачы мусулман агартуучулардын жадиддик (жаңы усулдук) билим берүү системасын жайылтууда зор эмгек жасаган.
Демек, жаш болсо да Жамшитбек Фергана өрөөнү боюнча саясий чөйрөдө кадыр-барктуу, билимдүү инсан болгон.
Жамшитбек Карабек уулу Орусияда падышалык режим кулатылгандан кийинки саясий кырдаалга байланыштуу 1917-жылы 28-ноябрда Кокон шаарында өткөн жалпы мусулмандардын чукул чакырылган IV курултайына да делегат болуп катышкан.
Ал 1917-жылы 28-ноябрда Мустафа Чокай (Шокай) жетектеген Түркстан автономиясынын болшевиктерге каршы өкмөтүнүн Убактылуу Элдик Кеңешинин мүчөсү болуп шайланган [9, 60].
Түркстан (Кокон) автономиясы Кеңеш бийлигинин аскер күчтөрү тарабынан ырайымсыздык менен талкаландан кийин, 1918-жылдын башында Жамшитбек Карабек уулу Кеңеш бийлиги тарабына өткөн.
Ал ошол жылы май айында Ош үйөзүнүн революциялык комитетинин административдик бөлүмүн жетектеген, андан соң элдик милиция бөлүмүн башкарган. (Мындайча айтканда, ал азыркы Ош облусунун аймагындагы ички иштер бөлүмүнүн биринчи башкаруучусу болгон).
Жамшитбек Карабек уулу Кеңеш бийлигинин алгачкы жылдарында ар дайым европалык аскер командирлердин жана башкалардын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө агасы Кадырбек Камчыбек уулун тилмеч катары коштоп жүргөн (жогорудагы 1922-жылга таандык сүрөттү караңыз).
Жамшитбек Карабек уулу Кеңеш бийлигинин куралдуу күчтөрүнүн – Кызыл армиянын катарында кызмат кылган учурундагы эрдиктери үчүн революциялык орден жана атайын аскердик курал менен сыйланган.
Бул бир тууган эки тарыхый инсандын туулгандыгы тууралу эки ача маалымат бар.
Маселен, советтик окумуштуу А.И.Кунин Кадырбек Камчыбек уулун Алай-Гүлчө болуштугунун Жошолу айылында 1882-жылы туулган, деп жазат. Ал эми профессор Болотбек Абдрахманов Кадырбек Камчыбек уулун 1876-жылы туулган деп санайт жана Жамшитбек Карабек уулун 1875-жылы туулган (архив №7295), деген маалыматты жарыялаган.
Демек, алардын өмүр баянындагы актай барактар алиге чейин арбын.
Каардуу сталиндик репрессия учурунда НКВД тарабынан “Тухачевскийдин иши” боюнча делген, “антисоветтик тыңчы” жалаасына кабылган жана башка ойдон чыгарылган доолорго ылайык бир катар советтик аскер кызматкерлери жазыксыз жерден атууга кетишкен же ГУЛагдагы абактарга айдалышкан.
Бул кандуу жазалоо жүрүмү Кыргыз ССРиндеги аскер кызматкерлерин да жалмап өттү. Кыргыз атчандар (кавалериялык) полкунун кыргыз улутундагы 44 аскер кызматкери “социал-туран партиясынын аскердик бөлүмчөсүн” уюштурууга шектелип, жазыксыз жерден атууга кетишкен [10, 67].
Мына ушул күнөөсүз туруп атылган 44 аскер кызматкеринин ичинде биздин эки каарманыбыз да бар эле.
1937-жылы 21-августта Кадырбек Камчыбек уулу менен Жамшитбек Карабек уулу “антисоветтик ишмердүүлүк” жүргүзгөн деген жалаа боюнча “эл душманы” катары камака алынып, ошол эле жылы экөө тең 1-ноябрда атылган.
1957-жылы 22-январда бул эки чыгаан инсан (өлгөндөн кийин) кайрадан акталышкан (архив №7295). [11, 102, 125].
Фергана аймагында жана Кыргызстанда Кеңеш бийлигинин чыңдалышына жана 1924-жылы уюшулган Кара-Кыргыз автоном облусунун (кийинки Кыргыз АССРинин) телчигишине ак кызмат кылган кыргыздын бул эки аксөөк урпагынын өмүр таржымакалына байланыштуу дагы далай маалыматтар мурдагы КГБнын ачыла элек архивинде саргайып жатышат.
“Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү” биз мурдагы КГБнын архивдик кампасын бери дегенде тарыхчы илимпоздор үчүн тоскоолсуз ачуу тууралуу чакырыктарга өз тилектештигибизди билдиргибиз келет.
Бул эки тарыхый инсандын жана башка ата-бабаларыбыздын өмүр таржымалын жаңыча үйрөнүүнү адилетсиз сталиндик репрессиянын тарыхын калыс изилдөө менен эриш-аркак жүргүзүү – заманбап илимий жана жарандык милдет.
Колдонулган булактар менен адабиятка шилтемелер:
1. Кунин А.И. Под алым стягом октября. – Фрунзе, 1985. – С. 73–90.
2. Камерон П. Ликвидация банд Муетдина и Рахманкула // Чекисты огненных лет. – Фрунзе, 1976. – С. 62-69.
3. Тунтеев Н. Красные кавалеристы Кыргызстана. – Бишкек: Министерство Обороны Кыргызской Республики, 1994. – 83 с.
4. Жаркынбаев Т.Ж. Краткая история басмаческого движения в Ферганской долине (1918–1924 гг.): Архивные документы, материалы, фотографии и комментарий. – Ош, 2024. – С. 34–66.
5. Жаркынбаев Т.Ж. Краткая история басмаческого движения в Ферганской долине... – 2024. – С. 47–48.
6. ЦГА УзССР (РУз). Фонд 17, опись №1, дело №90. – Л. 337–340.
7. Зулуев Б.Б. XIX кылымдын экинчи жарымындагы жана XX кылымдын башындагы билим берүү тармагынын тарыхый өнүгүшү (Фергана өрөөнүнүн мисалында): Педагогика илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациянын авторефераты. – Бишкек, 2019. – Б. 29–30.
8. Француз менен кыргыздын өзгөчө жолугушуусу. Алай, 1906-жыл / Илимий редактор Аллез Гзавье. – Бишкек, 2024. 75 б.
9. Жаркынбаев Т.Ж. Краткая история басмаческого движения в Ферганской долине... – 2024. – С. 60.
10. Абдрахманов Б.Дж. Из истории вооруженных сил Кыргызстана: (Особенности формирования и деятельность. 1918–1945 гг.). – Бишкек, 2023. – С. 67.
11. Абдрахманов Б.Дж. Книга жертв политических репрессий Кыргызской Республики (1920–1953 гг.). –Бишкек, 2021. – Т.5. – С. 102, 125.
Дагы караңыз: Т.Жаркынбаев, 2005.
Таалайбек (Талайбек) Жумабаевич Жаркынбаев,
ОшМУнун Кырызстан тарыхы жана археология, этнология кафедрасынын доценти, тарых илимдеринин кандидаты.
Редакциядан:
Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.
Шерине