«Талибан» кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) Ооганстанда телекөрсөтүүгө чыккан аялдар үчүн жаңы эрежелерди киргизди. Кыз-келиндерге телесериалдарга тартылууга тыюу салынды.
Ооган аялдары жана укук коргоочулар чет элдик өкмөттөр менен эл аралык уюмдарды талибдер менен жолугушууга эркектерден гана турган делегацияларды жиберип жатканын сынга алышууда.
Жаңы эрежелер жарыяланды
Ооганстандагы "Талибан" өкмөтү кабыл алган жаңы эрежеге ылайык, эми мындан ары журналист айымдар менен алып баруучулар экранга бети-башын жаап чыгууга тийиш. Хижабдын түрү жана дененин кайсы жерлерин канчалык жабуу керектиги талибдердин көрсөтмөсүндө айтылган эмес.
«Талибан» шариятка каршы келген, ошондой эле ислам мыйзамдары менен "ооган баалуулуктарына" туура келбеген көркөм тасмаларды жана телесериалдарды көрсөтүүгө тыюу салган. Ал эми кыз-келиндердин телесериалдарга тартылышы таптакыр чектелди. Эркектер үчүн дагы шарият эрежеси боюнча дененин аурат жерлерин (көрүнбөшү керек болгон) ачык көрсөткөн көркөм тасмаларга, клиптерге же телеберүүлөргө тартылууга чектөө киргизилди.
Буга чейин Кабулда ооган аялдарынын активисттери эркин жүрүү, билим алуу жана эмгекке болгон укуктарын коргоп, бир нече жолу нааразылык акцияларына чыгышкан.
Эл аралык коомчулук «Талибан» Ооганстанда бийликти басып алгандан кийин, аялдарга карата теңсиздик саясатын айыптап, ага кысым көрсөтүүгө убада кылган.
"Делегациялардын курамы жалаң эркектер"
Бирок Кабулга "Талибан" өкмөтү менен жолугушууга барган чет элдик өкмөттөр жана эл аралык уюмдардын делегациялардын курамында бир дагы аялзаты болгон эмес. Жада калса, талибдер менен аялдардын укуктарын коргоо боюнча сүйлөшүүлөрдү дагы дипломатиялык миссиялардагы жалаң эркек кызмат адамдары жүргүзгөн.
Бул кадам ооган аялдарында жана эл аралык укук коргоочуларда чет элдик дипломаттарды эки жүздүүлүккө айыптаган нааразылыкты жаратты.
«Талибан» аялдарга карата катаал мыйзамдарды бекитип, анын ичинде кыздардын эркин билим алуусун чектеп, аялдардын иштешине тыюу салуу чараларын кайрадан киргизе баштаган.
Ооганстандык активист Вахида Амири ооган аялдарынын укугун коргоо үчүн эл аралык коомчулукка кайрылды:
“Биз эркиндиги, укугу жана билим алуу мүмкүнчүлүгү тартылып алынган аялдардын үнүн эл аралык коомчулукка жеткирели дегенбиз. Бизде азыр аялдар жана кыздар үчүн мектептер менен жогорку окуу жайларынын эшиги жабылды. БУУ биздин үнүбүздү укса дейбиз. Биз азыр бир нече күндөн бери көчөгө чыгып, өз пикирибизди билдирип жатабыз. Биз “Талибандын” басымы менен ырайымсыздыгына эки ирет күбө болдук. Бизге каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонушту. Кадам сайын жоочулардын катаал мамилесин кезиктирип отурабыз”, - дейт Вахида Амири.
"Бир катар өлкөлөрдүн өкмөттөрү, БУУнун агенттиктери жана гуманитардык жардам топтору «Талибан» менен сүйлөшүүлөргө жалаң эркектерден турган делегацияларды жөнөтүп жатканы туура эмес", - деп билдирди "Хьюман Райтс Уотч" эл аралык уюмунун аялдар укугу боюнча бөлүмүнүн өкүлү Хизер Барр.
Ал Ооганстандагы жаңы өкмөт менен сүйлөшүүлөргө аялдарды тартуу зарылдыгын белгиледи. 18-ноябрда талибдердин лидерлери менен аялдарсыз жолуккан өлкөлөрдүн катарына Германия менен Нидерланд дагы кошулду.
«Талибан» менен сүйлөшүүгө эки ирет барып келген Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Таалатбек Масадыков бул жагдай тууралуу пикирин төмөндөгүчө билдирген:
“Жаңы көз караш менен айткым келет. Дүйнөлүк басма сөз эмне деп жазууда жана иш жүзүндө ал өлкөдө эмне болуп жатат? Абдан чоң айырмачылык бар. Мен өлкөдө эмне болуп жатканы тууралуу талибдер менен ачык-айкын сүйлөштүм. Мен аларга аялдардын укугу басмырланып жатканы жана алар чүмбөт менен гана жүрүп калышканы тууралуу суроо бердим. Анда алар буга жооп берүүнүн ордуна машинеге отуруп, Кабулдун көчөлөрүн өз көзүм менен көрүүнү сунушташты. Кабулдун чеке жактарында гана ошондой кийимчендер жүргөнүн көрбөсөм, аялдар негизинен көчөлөрдө жоолукчан эле кадимкидей жүрүшүптүр. Кээ бирлери медициналык беткап тагынып алышкан. Башкалары беткапсыз эле. Алар эркектердин коштоосу жок эле жүрүшөт. Анан калса талибдердин биринчи талабы ушундай болгон эле”,- дейт Таалатбек Маасадыков.
Эл аралык уюмдарга жана Евробиримдикке берилген эскертүү
Ал эми "Хьюман Райтс Уотч" эл аралык уюмунун аялдар укугу боюнча бөлүмүнүн баяндамасында «Талибан» өкмөтү менен Евробиримдиктин, Улуу Британиянын, Түркиянын, Орусиянын, Кытайдын жана Пакистандын өкүлдөрү менен жакында болгон жолугушууларында аялдар көрүнбөгөнү сынга алынды.
Анда БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), Эл аралык Кызыл Жарым Ай коому жана Чек арасыз дарыгерлер уюмунун Кабулга барган делегацияларынын курамында дагы "Талибандын" өкмөтү менен аялдар жана балдар укугу, мектепке чейинки жана орто билим берүү маселелери тууралуу сүйлөшүүлөргө бир дагы аялзаты катышпаганы мисал келтирилди.
Өткөн айда Нью-Йорктогу БУУнун штаб-үйүнө белгилүү ооган аялдарынын делегациясын жетектеп барган мурдагы ооган дипломаты Асила Вардак бул маселени БУУнун деңгээлинде көтөрө турганын айтты.
Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстан боюнча атайын өкүлү Дебора Лайонс талибдердин лидерлери менен такай баарлашып турган эң атактуу аял.
“Ислам мыйзамдарынын, анын ичинде билим берүүнүн алкагында аялдардын укуктары корголгондугуна карабастан, ооган аялдарынын жана кыздарынын негизги укуктары менен эркиндиктери бузулуп жатат, - деди Лайонс 17-ноябрда БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги сөзүндө.
Августта эл аралык коомчулук тааныган өкмөт кулатылганда бийликке келген талибдер 2001-жылга чейинки мурдагы башкаруусуна караганда өзүн ийкемдүүрөөк көрсөтө баштаганы айтылган. Бирок, жаңы убактылуу өкмөттүн курамына аялдар киргизилген эмес. Алар ошондой эле бойго жеткен кыздарга окууга тыюу салып, аялдарды жумушка чыкпай турууга көрсөтмө беришкен. Бийликти басып алгандан кийин «Талибан» кыймылы аялдардын укуктары шариятка ылайык сакталарын билдирген. Анткен менен кыз-келиндерге спорт менен алектенүүгө да уруксат берилген жок. Ошондой эле кыз-келиндер мектепте, университетте эркектерден өзүнчө окушат.
Кабулда ооган аялдары укуктарын камсыздоону талап кылып бир нече ирет көчөгө чыгышкан. Бирок талибдер аларга орой мамиле кылып, күч менен таркатып, демонстранттарды көп учурда сабап, камакка алган учурлары катталган.
"Талибан" кыймылы Кыргызстанда 2006-жылы соттун чечими менен экстремисттик деп табылган.