Талас: чек арада жоголгон жылкы табылбайт
Талас облусунун чек арага жакын жайгашкан аймактарында мал уурулук фактылары көп катталат. Айрым маалыматтарга караганда уурдалган жылкы Казакстандын Жамбыл облусуна өтүп кетет. Айрымдар чек ара жакшы кайтарылбагандыктын ушундай фактылар орун алат десе, кээси малчылардын өзү күнөөлүү экенин айтышат.