Өзбекстандын түштүгүндөгү Амузанг станциясы менен Тажикстандын Хатлон облусундагы Галаба темир жол бекетин байланыштырган поезд каттамы жакын арада кайра ачыларын “Тажик темир жолдору” мамлекеттик ишканасы бышыктады.
Ишкананын басма сөз катчысы Анвар Латифзода эки тарап бул темир жол каттамын кайра ачуу маселесинде кепке келгенин “Азаттыктын” тажик кызматына 19-январда билдирди:
“Аталган багыттагы поезддердин каттамын калыбына келтирүү иши Тажикстан менен Өзбекстандын соода-экономикалык кызматташтыгы тууралуу өкмөттөр аралык комиссиянын протоколунун негизинде жүрүп жатат. Бул маселе протоколго кошумча пункт катары киргизилген. Бир күн мурда биздин адистер Өзбекстанга жөнөп кетишти. Алар темир жолдун абалын изилдеп чыгышат. Ушундай эле ишти өзбек темир жолчулары да жүргүзүп жатат”.
Эки өлкөнүн Ооганстан менен чек арасын бойлой салынган Амузанг-Галаба темир жолунда алты жылдан ашык убакыттан бери эч бир поезд жүрө элек.
Өзбекстан 2011-жылдын 17-ноябрь айында темир жолдун Ооганстанга жакын жайгашкан бөлүгүндө “жардыруу” болгонун билдирип, муну “террорчул акт” деп мүнөздөгөн. Аны улай маркум Ислам Каримов башында турган өзбек бийлиги оңдоп-түзөө иштерин жүйө кармап, аталган темир жолду жаап койгон.
Натыйжада темир жолдун боюнда жайгашкан Өзбекстандын Термез жана Тажикстандын Курган-Төбө шаарларынын ортосунда 300дөн ашык товар вагондору ара жолдо калган. Жүктүн бир бөлүгү бузулуп, кайсы бир бөлүгүн автоунаа менен ташууга туура келген.
Тажикстандын Хатлон облусунун жетекчилиги каттам жабылгандан кийинки жарым жылда эле аймактын экономикасы 45 миллион доллар зыян тартканын билдирген.
Тажик бийлиги темир жолдун “жардыруу” болду деген бөлүгүн саналуу күндө эле оңдоп койсо болоорун белгилеп, Өзбекстанды оңдоо иштерине катышууга уруксат бербей жатат деп айыптаган. Айрым маалымат каражаттары темир жолдо чындап эле жардыруу болгонунан күмөн санашкан.
Тажикстандык талдоочу, журналист Косим Шухрат эми Амузанг-Галаба темир жол каттамынын ачылышы биринчи кезекте фермерлердин ишин жакшыртаарын айтты:
“Бул темир жол өзгөчө Хатлон облусундагы фермерлер үчүн абдан маанилүү. Алар айыл чарба продукцияларын экспорттогусу келет. Темир жол жабылгандан кийин товарларды Душанбе аркылуу сатууга аргасыз болушкан. Баш калаа алысыраак болгондуктан фермерлер ашыкча чыгымга дуушар болуп жатышкан”.
Ошентип темир жолду кайра ачуу аракетинин башталганы Ташкент менен Душанбенин алакасы жакшырып жатканын далилдеген кезектеги жаңылык болуп калды.
Ислам Каримовдун тушунда эки өлкөнүн мамилеси өзгөчө Тажикстандын ГЭС куруу дымагынан улам кескин начарлап кеткен. Каримовдун ордун баскан Шавкат Мирзиёев Борбор Азиядагы башка коңшулары сыяктуу Тажикстан менен мамилени да жакшыртуу аракетин көрүүдө.
Былтыр жыл башында Тажикстан менен Өзбекстан ортосунда чейрек кылымдан кийин авиакаттам жанданган. Өткөн аптада өзбек премьер-министри Абдулло Арипов Душанбеге келип, тажик президенти Эмомали Рахмон менен жолукту.
Анда эки тарап виза тартиби жана тажик-өзбек чек арасынын талаштуу аймагындагы Фархад ГЭСи боюнча макулдашууга жетишкени кабарланды. Бул сыяктуу макулдашууларга өзбек президенти Мирзиёев жазында Тажикстанга келгенде кол коюлат деп күтүлүүдө.