Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:08

Мирзиёевдин бир жылы: тарыхтагы алгачкы кайрылуу


Шавкат Мирзиёев кайрылуу учурунда
Шавкат Мирзиёев кайрылуу учурунда

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкө тарыхында биринчи жолу парламентке кайрылуу жасады. Ал Ташкенттеги Симпозиумдар сарайында өзбек парламентинин эки палатасынын депутаттарын чогултуп, 2017-жылдын жыйынтыгын чыгарды.

Президенттин төрт сааттан ашкан сөзүн мамлекеттик "Өзбекстан-24" каналы түз алып көрсөттү.

"Азаттыктын" өзбек кызматы кабарлагандай, өлкөнүн биринчи президенти, маркум Ислам Каримов парламентке кайрылуу жасаган эмес. Ал болгону жыл сайын февраль айында өкмөт мүчөлөрү менен жыл жыйынтыгына арналган жыйын өткөрүп келген.

Тышкы саясат жаатына токтолгон президент Шавкат Мирзиёев төмөндөгү статистиканы мисалга тартты:

- 2017-жылы жогорку даражадагы 21 сапар ишке ашырылды. Натыйжада 400дөн ашуун келишимдерге жетиштик. 60 млрд доллардан ашуун соода келишимине кол коюлду. Кабыл алынган документтерди өз убагында бүтүрүү үчүн 40 жол картасы иштелип чыкты. Аны чет элдик өнөктөштөрүбүз менен биргеликте ишке ашырабыз.

Анын ичинде Борбор Азия мамлекеттерин тышкы саясаттагы приоритеттүү өнөктөштөр катары дагы баса белгиледи:

- Өз ара ишенич жана жакшы коңшулук алакалар бекемделүүдө. Түркмөнстан жана Кыргызстан менен стратегиялык мамиле орнотулду. Казакстан менен стратегиялык мамилебизди дагы тереңдетүү аракетинде бир катар натыйжаларга жетиштик. 2 млрд долларлык келишим түзүлдү. Тажикстан менен өнөктөштүгүбүз ар тараптан бекемделүүдө. Ташкент-Душанбе шаарлары ортосунда авиакаттамдар жолго коюлду. Кыргызстан менен мамлекеттик чек аралар боюнча бүтүмгө кол коюлушу Борбор Азиядагы коопсуздук жана стабилдүүлүктүн тамырлашына карата чоң кадам болду.

Өлкөнүн ички маселелерине кенен токтолгондон тышкары аткаминерлерди да уяткарууну унуткарган жок.

Буга чейин «Азаттыктын» өзбек кызматы кол алдындагыларга тил да, кол да тийгизип, ашата сөккөн бир нече шаар, район акимдерин ашкерелеген болчу. Ошол чоң муштум, же сөгүнчөөк аткаминерлерди кескин сынга алды.

"Адамдар өзгөрө элек, маданият өзгөрө элек, анын ичинде акимдер дагы. Үч райондун акими эл менен сүйлөшө албайт экен, ким аларга адамдарды кемсинткенге укук берди? Ким? Бул алардын маданиятсыздыгы менен түркөйлүгүн көрсөтөт", деди президент ачуулана.

Парламенттин эффективдүүлүгү төмөн экенин белгилеген президент депутаттарды «ойгонгула» деп эскертип өттү. Ошол эле учурда кемчиликтердин көбүн өз мойнуна алды.

Келечек тууралуу сөзүндө Мирзиёев 2018-жылды активдүү ишкерчиликтин, инновациялык идеялардын жана технологиялардын жылы деп жарыялоону сунуш кылды. Жыйынга катышкан эл өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, ошондой эле аймактык жетекчилер да анын сунушун бир добуштан колдоду.

Өткөн жылдын 14-декабрында ант берип президенттикке киришкен Мирзиёевдин бул кайрылуусун жыл жыйынтыктаган же президенттик бир жылынын отчету десе да болот. Бирок ал өлкөсүн иш жүзүндө Ислам Каримов көз жумган 2016-жылдын сентябрынан тарта башкарып келатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG