Тажик президентинин жаңы мамлекеттик сыйлык тууралуу 2-февралдагы жарлыгы дээрлик эки жумадан кийин гана коомчулукка белгилүү болду. Жаңы сыйлык "Улут көсөмү - Эмомали Рахмон" деп аталат. Бул сыйлык "демократиянын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон", "коомдогу тынчтык жана ынтымакты бекемдеген", "улуттар аралык достукту чыңдаган" тажик жарандарына жана чет өлкөлүктөргө да берилет.
Мындай чечим “Тынчтыктын жана биримдиктин негиздөөчүсү – Улуттун көсөмү жөнүндө” конституциялык мыйзамдын негизинде кабыл алынган. Ал мыйзамда "улут көсөмүнүн" өз сыйлыгы, ордени, музейи, китепканасы жана архиви болушу керектиги жазылган эле.
Президенттин буйругуна ылайык, "Улут көсөмү - Эмомали Рахмон" аттуу жаңы мамлекеттик сыйлыктын ээлерине ардактуу белги жана акча берилет. Айлана формасындагы ардактуу белгиге Эмомали Рахмондун элеси түшүрүлөт. Сүрөттүн айланасы алтын тилке менен кооздолот. Акчалай сыйлык 125 миң сомони же кеминде 14 миң долларга барабар.
Тажик президентинин коомчулук менен байланыш тармагындагы кеңешчиси Абдуджаббор Рахмонов мындай жарлыкка кол коюлганын ырастап, эмнегедир бул чечим парламенттин кароосуна коюларын "Азаттыктын" тажик кызматына айтты:
- Бул жарлык парламентте каралат. Ошондон кийин гана ал мыйзамдык күчкө ээ болот.
Тажик бийлиги адам укуктарынын бузулушу жана эркиндиктин чектелиши боюнча эл аралык уюмдардын кескин сынына кабылып келет. Бул өлкө дүйнөдөгү демократиянын абалына байкоо салган "Фридом Хаус" уюмунун баяндамаларында "эркин эмес өлкөлөрдүн" катарынан чыга элек.
Эки жыл мурда “Хьюман Райтс Уотч” уюму жана Норвегиянын Хельсинки комитети Тажикстанда укук коргоочулар, оппозициялык көз караштагы саясатчылар куугунтукталып жатканын белгилеп, өлкөдөгү адам укуктарынын абалы 20 жылдагы эң терең кризиске кептелди деп коңгуроо каккан. Тажик бийлиги эл аралык уюмдардын мындай дооматтарын четке кагып, өлкөдө саясий куугунтук жоктугун билдирип келет.
Кантсе да тажик лидеринин эми демократияга салым кошкондорго сыйлык берүү аракети коомчулукта кандай кабыл алынууда? "Азаттыктын" тажик кызматынын журналисти Абдулла Аширов ой бөлүштү:
- Өлкөнүн ичинде эксперттер же интернет колдонуучулар бул темага анчейин тийишпегенге аракет кылып жатышат. Бул боюнча оюн билдирген аз сандагы гана адам бар. Өлкөнүн сыртында болсо тажик диаспорасы же оппозициялык ишмерлердин пикирлери ар башка. Алардын айрымдары демократиялык көрсөткүчтөрү менен мактана албаган мамлекеттен демократия тармагында кандай сыйлык күтүүгө болот дешет. "Демократияны өнүктүрүү" - сыйлыктын бир гана критерийи. Бул сыйлык чет өлкөлүктөргө, керек болсо жарандыгы жок адамдарга да берилет экен. Андыктан келечекте бул сыйлык чет өлкөлүк сыйлуу конокторго да ыйгарылса керек.
Жаңы сыйлык тажик лидерин даңазалаган иш-аракеттердин бир гана бөлүгү. 2016-жылдын октябрь айында кабыл алынган “Тынчтыктын жана биримдиктин негиздөөчүсү – Улут көсөмү жөнүндө” мыйзамга ылайык, Эмомали Рахмон "эгемен Тажикстандын негиздөөчүсү" деген жаңы наамга да ээ болгон.
Мыйзамда мамлекеттик деңгээлдеги майрамдык иш-чараларда, өкмөттүн жана парламенттин жыйындарында “Улут көсөмү” үчүн бардык байланыш каражаттары менен камсыздалган өзгөчө орун даярдалышы керек деген жобо бар.
2017-жылдан тарта Тажикстанда болочоктогу мамлекеттик кызматкерлер жана дипломаттар президент Эмомали Рахмон тууралуу сабакты окумай болушкан. Андан бир аз мурда Тажикстандын Улуттук банкы Рахмондун сүрөтү түшүрүлгөн 1000 сомони номиналында акча чыгарууну чечкен.
2016-жылы тажик парламенти 16-ноябрды Президенттин күнү катары жылнаамага киргизген. Мындан тышкары тажик президентин мазактагандар беш жылга чейин камакка алынып же ири өлчөмдөгү айыпка жыгыла турган болгон.
65 жаштагы Рахмон 90-жылдардын башында жарандык согушту башынан кечирген Тажикстанды дээрлик 26 жылдан бери башкарып келет. Азыр анын тун уулу Рустами бир жылдан бери башкалаа Дүйшөмбү шаарын башкарып жатса, кызы Озода президенттин аткаруучу аппаратынын жетектейт.