Эл аралык мунапыс уюму 24-майда жарыялаган баяндамасында тажик бийлиги адвокаттарга "ырайымсыз чабуул" баштаганы, өзгөчө бийликти сындагандардын укугун коргогон адвокаттар куугунтукка кабылганы айтылат.
Уюм оппозициядагы “Группа 24” тобунун жана 2015-жылы тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу” партиясынын өкүлдөрүнүн таламын талашкан адвокаттардын тагдырын мисал келтирүүдө.
Маселен, былтыр октябрь айында тажик соту аталган партияны жактап чыккан адвокаттар Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовду терроризм айыптары боюнча 20 жылдан ашык мөөнөткө түрмөгө кескен. Куугунтук коркунучунан улам алардын укугун коргоочу адвокаттар да жокко эсе дейт уюмдун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Мейзи Вайхердинг:
"Бийликтин куугунтугу адвокаттардын саясий өңүтү бар иштерди колго алуусуна бөгөт коюуда. Мисалы, камактагы Бузургмехр Ёровдун үй-бүлөсү бир дагы адвокатты таба албай коюшту".
Ёровдун укугун коргоого бел байлаган адвокат Муаззамахон Кадирова болсо бийлик аны камакка аларын билип калып, чет өлкөгө качууга аргасыз болгон.
2015-жылы Тажикстан адвокаттарга лицензия берүүнүн жол-жобосу жазылган мыйзамга да өзгөртүү киргизип, ага ылайык уруксат кагазын Юстиция министрлиги бермей болгон. Ага чейин лицензия берүү ишин эл аралык нормалардын негизинде Адвокаттар биримдиги жүргүзүп келген.
Бул өзгөрүүлөрдөн улам соңку эки жыл ичинде лицензиясы бар тажик адвокаттарынын саны эки эсе азайган. Уюмдун маалыматы боюнча, 2015-жылы адвокаттардын саны 1200 болсо, учурда 600дү гана түзөт.
Эл аралык мунапыс уюму өзүм билемдик менен жүргүзүлгөн камоолор жана өкмөттүн көзөмөлдү күчөтүшү адвокаттардын кесиптик ишмердигине олуттуу залал келтиргенин белгилейт.
"Өкмөттүн адвокаттарды бутага алганы алардын санын кескин азайтты жана көз карандысыздыгын чектеди. Кесиптик милдетин респрессия коркуусунан өйдө койгондор болсо түрмөгө камалды",-дейт уюмдун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Мейзи Вайхердинг.
Адвокаттардын 26-майдагы кесиптик күнүнө карата баяндамасын жарыялаган уюм тажик бийлигин адилетсиз сот иштеринен кийин камакка алынган жактоочуларды бошотууга чакырды.
Өткөн жылы “Хьюман Райтс Уотч” уюму жана Норвегиянын Хельсинки комитети Тажикстанда адам укуктарынын абалы 20 жылдагы эң терең кризиске кептелгенин билдирип, дүйнө коомчулугун тажик бийлигине каршы санкция киргизүүгө үндөшкөн.
Бирок президент Эмомали Рахмондун өкмөтү эл аралык уюмдардын мындай билдирүүлөрүн суу кечпейт деп мүнөздөйт. Мисалы, тажик өкмөтү өткөн жылы БУУнун адам укуктарын жакшыртуу боюнча сунуштарын четке кагып, камактагы саясатчы же активисттердин ишинде саясат жок деп белгилеген.