Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:12

Орусия-Түркия: Идлибде буфердик аймак түзүлөт


Режеп Тайып Эрдоган жана Владимир Путин Сочидеги жолугушууда. 17-сентябрь, 2018-жыл.
Режеп Тайып Эрдоган жана Владимир Путин Сочидеги жолугушууда. 17-сентябрь, 2018-жыл.

Түркия жана Орусия президенттери Режеп Тайып Эрдоган менен Владимир Путиндин Сочидеги сүйлөшүүлөрү Сириянын Идлиб провинциясы боюнча меморандум кабыл алуу менен аяктады. Сүйлөшүүлөрдөн соң жарыялангандай, Анкара менен Москва Идлибде каршылаш эки тарапты ажыраткан демилитаризациялык буфер аймагын түзүүнү макулдашты.

Режеп Тайып Эрдоган менен Владимир Путиндиги Сочидеги соңку сүйлөшүүлөрү эгер Сириянын Орусия жана Иран колдогон өкмөттүк күчтөрү Идлиб провинциясына чабуул жасап, аскерий операция өткөрсө, мунун арты ири “гуманитардык трагедияга, кыргынга жана кыйроого” айланат деген эскертүүлөрдүн шартында өттү.

Мындай мазмундагы эскертүүлөрдү акыркы апталарда Улуттар уюму, АКШ баштаган Батыш мамлекеттери жана түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган өзү да утур-утур жасап келди.

Эрдогандын Путин менен бул жолку сүйлөшүүлөрү Орусия, Иран жана Түркия президенттеринин Тегерандагы үч тараптуу саммитинде Идлиб боюнча мунаса табылбагандан туура он күндөн кийин болду.

Сочидеги сүйлөшүүлөрдөн соң айтылгандай, Орусия жана Түркия эми Идлиб провинциясында быйыл 15-октябрга карата демилитаризациялык аймак түзүүнү макулдашты:

- Жолугушуунун жүрүшүндө биз кырдаалды кең-кесири карадык. Куралдуу оппозиция менен өкмөттүк күчтөр кесилишкен тилкеде быйылкы жылдын 15-октябрына карата 15-20 чакырым ичкери карай демилитаризациялык аймак түзүүнү чечтик. Демилитаризациялык аймак ал жактан радикал маанайдагы согушкерлерди, анын ичинде “Жабхат ал-Нусраны” чыгаруу менен түзүлөт. 2018-жылдын 10-октябрына карата Түркия президентинин сунушуна ылайык, бул аймактан бардык оппозициячыл топтордун оор куралдары: танктар, ракеталык системалар, миномёттор, замбиректер чыгарылуусу керек. Демилитаризациялык аймакка көзөмөлдү Түркиянын бөлүктөрү, Орусиянын аскерий полициясынын мобилдүү топтору жүргүзөт, - деди орус президенти Владимир Путин Сочидеги басма сөз жыйынында.

Путин менен Эрдоган. 17-сентябрь, 2018-жыл
Путин менен Эрдоган. 17-сентябрь, 2018-жыл

Бирок, Путин айткан “радикал согушкерлер” Идлибдеги демилитаризациялык аймактан кандай жол менен чыгарыла турганы анык эмес. Ал эскерген “Жабхат ал-Нусра” тобу 2016-жылга чейин "ал-Каида” уюмунун Сириядагы бөлүмү деп саналчы.

Азыр мурдагы “Жабхат ал-Нусра” үстөмдүк кылган исламчыл топтордун бирикмеси “Тахрир ал-Шам” деп аталып калган.

"Ири гуманитардык кризис алдын алынды"

Түркия жана Орусия президенттеринин сүйлөшүүлөрүнөн соң эки өлкөнүн коргоо министрлери Идлиб боюнча атайын меморандумга да кол коюшту.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун айтымында, ал меморандумдун жоболору алдыда Сириянын жетекчилиги менен да макулдашылат.

Бирок Шойгу кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып, Путин менен Эрдогандын макулдашуусу Идлибде эми аскерий операция жүргүзүлбөйт дегенди туюндурарын белгиледи.

Ал эми Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Сочидеги басма сөз жыйынында буларга токтолду:

- Биз оппозиция менен режим көзөмөлдөгөн райондор ортосунда куралдан эркин зонаны түзүүнү макулдаштык. Оппозиция азыр ал бар аймактарда кала берет. Өз тарабыбыздан биз Орусия менен бирге аныкталган радикал топтор бул зонада активдүү болбошун кепилдейбиз. Орусия болсо Идлибдеги де-эскалация зонасына чабуул коюлбашы үчүн зарыл чараларды көрөт. Түркия менен Орусия демилитаризациялык зонанын аныкталган эки чек арасында тең көзөмөлдү координациялайт. Түркия Идлиб де-эскалация зонасында азыркы турган байкоочу бекеттерин чыңдайт. Менимче, бул макулдашуу менен биз Идлибдеги ири гуманитардык кризисти алдын алдык.

Сириянын түндүк-батышында жайгашкан, Түркияга чектеш Идлиб провинциясы - президент Башар Асаддын режимине каршы козголоңчул күчтөрдүн акыркы маанилүү таянычы. Аймакта азыр козголоңчулардын түрдүү топтору бар.

Путин сыяктуу эле Эрдоган да алар “радикал” козголоңчуларды президент Ассадга каршы башка топтордон кантип ажыратышарын түшүндүргөн жок. Демилитаризациялык буфердик зонага провинция борбору Идлиб шаарынын канча бөлүгү камтылары да белгисиз.

Идлиб провинциясындагы качкындар лагерлеринин бири. 11-сентябрь, 2018-жыл.
Идлиб провинциясындагы качкындар лагерлеринин бири. 11-сентябрь, 2018-жыл.

Жалпысынан Идлиб провинциясында, БУУнун эсебинде, үч миллиондой адам жашайт, алардын 1,5 миллиону Сириянын башка бөлүктөрүнөн жер которуп келгендер.

Улуттар уюмунун өкүлдөрү алар козголоңчулар көзөмөлдөгөн Идлибге буга чейинки элдешүү жараяндары учурунда атайын көчүрүлгөндөр экенин баса көргөзүшкөн.

Улуттар уюму буга дейре эгер Идлибге чабуул башталса, 900 миңге жакын киши качууга аргасыз болорун болжолдогон.

Сирияда 7,5 жылга созулган жарандык согушта 400 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды, миллиондогон адамдар жер которууга мажбур болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG