Сузак: үйү өрттөнгөн үй-бүлөнүн өтүнүчү
Сузак районунун Жаңгак айылынын тургуну Раимбек Жумабаевдин үйү ушул жылдын сентябрь айында күйүп кеткен. Тилсиз жоо каптаган үй 2018-жылы мамлекеттик камсыздандыруудан өткөн. Бирок аталган уюм каражат бөлүүдөн баш тартып келет. Алар кырсыкка үй ээсинин өрт коопсуздугун сактабаганын жүйө келтирүүдө. Түнөгүнөн айрылган үй-бүлө учурда боз үйдө баш калкалап жаткан кези.