Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:12

Сүйөркул Тургунбаев - жылдыздуу муундун соңку алпы


Сүйөркул Тургунбаев кыргыз поэзиясына 60-жылдары келген жылдыздуу муундун соңку алптарынын бири эле, улуттук көркөм сөз өнөрүнүн туюнтуу мүмкүнчүлүгүн бийик сапаттык деңгээлге көтөргөн жаратмандардын алдыңкы катарында турчу, изденүүдөн тажабаган, өмүрүн адабиятка ак кызмат кылууга арнаган агедил акын эле.

Өзүнө да, башкаларга да бийик талапты коюп, жазгандарына сынчыл карап, айланасында болуп жаткандарды калыс, адилет баалаган ойчул калемгер болчу. Эми анын экинчи өмүрү башталат.

Кайран жаштык, кайран “КМ”

Жаңырган жыл алдында бул жарыкчылык менен кош айтышкан Сүйөркул акеми ойлогондо жаш кезим, адабиятка жаңыдан башбактап, көркөм сөз абыгерчилигинде жүргөн студенттик жылдар эсиме түштү. Кыргыз мамлекеттик (азыркы улуттук) университетинин филология факультетине кагаз менен каламга жакындар тапшырчу, ошондойлор окучу. Окууга жаңы өткөндөрдүн текши баары акын, кара сөзчү, оюн коюуга, пьеса жазууга кызыккандар эле. Анан ошол калдайган калың топтун арасынан өтүмдүү жанрларга даай албаган, бирок да адабият ышкысы уктатпагандар сынга ооп кетишти окшойт. Кийинкилердин барар жери - “Кыргызстан маданияты” апталыгынын сын бөлүмү, ал жерде ышкылуу жаштардын көңүлүн оорутпаган Сүйөркул акем отурчу. Адабиятка делген ыклас, сүйүү жашыбызга карабай баарыбызды ынак кылды окшойт, бир сырдуу Сүйөркул акени жакындан билип, жазгандарыбызды гезитке эрикпей көтөрүп бармай ошол 70-жылдары башталган.

Сүйөркул аке көп сүйлөбөгөн бир сырдуу, түнтүрөөк адам эле. Бир жолу ыраматылык Аман Токтогулов гезиттин корректурасын окуп, номурга кол коёрдо эле бир бетти таппай калышканын, издеп атышса Сүйөркул аке “ушундай да макала болобу деп ыргытып таштаганын” айтып баарыбызды күлдүргөн. Ал өзү редакциянын кап куржунуна түшкөн кол жазмаларды баам сыртында калтырчу эмес, көз майын коротуп кайсы бир адабий ышкыбоздун жазгандарын эринбей окуп, оңдоп, купулуна толуп калса жасап-түзөп гезитке чыгарып койчу.

Өмүрүнүн кыйла жылын ал бирөөлөрдүн жазгандарын оңдоп, өтүмдүү гезиттин түгөнбөгөн түйшүгү менен өткөрдү. Билим, талант жагынан чукак болгонубуз менен жазгандарым гезитке жарыяланып калса экен деген дымактуу жаштардын көбү жумалыкка каттап турчу. Маалымат айдыңы аябай кеңейип кеткен азыркы заманда гезитке чыгуу кадыресе көрүнүш болуп калбадыбы. Ал кезде басма бетине чыгып калган тексттин өзүнчө бир сыйкыры бар беле, жумалыкка чыккан сын макалаларды, көркөм чыгармаларды калтырбай окур элек, басмада жазылгандар башкача кабылданчу. Иши кылып, кыйлабыздын адабиятка кызыгып, анын короосун айланчыктап жүрүшүбүзгө Сүйөркул акенин эмгеги аябай чоң.

Кээде ал киши чечилип, балалык, студенттик кезин, жетишпестиктин кээрин тарткан учурун айтып калчу. Төрөлгөн жери айтылуу Арстанбапка бараткан жол боюнда экенин, кол арага жарагандан тарта кара жумушта көп иштегенин, айылдан итапкан алыс бийик тоо арасында унутулуп калган Жазкечүү деген айыл тууралуу кеп кылчу. Жомоктогудай кооз ошол жерге кийин бир чогуу барып келишти көп эле козгодук, бирок да ортодон шылтоолор чыгып калып бир чыгынып бара албадык. Бул эми Сүйөркул акеми ойлогондо өкүт менен эске түшчү арман болуп калат окшойт.

Каргадай бала кезинде арабага толтура көңдү салып, апасынын ордуна пахта талааны кошко даярдаганын, 36 жашында өпкө оорудан кайтыш болгон оорулуу апасынын ордуна талаага чыкканын, согушка кеткен атасынын кайтпай калганын, студенттик кези жетишпестик менен өткөнүн, кароолчулук, станцияга барып көмүр түшүргөнүн эскерип калчу. Аларынын баары Сүйөркул акеме чоң турмуштук сабак, чыгармачылыгына кемибес гүлазык болуп берген. Адабиятка деген сүйүү, чыгармачылык мүдөө аны алыскы шаарга алып келип атпайбы. Социализм заманында колунда жок балдардын билим алуу мүмкүнчүлүгү азыркыдан кыйла жогору болчу.

А бирок бекер билим бергени менен социалисттик заманда жогорку окуу жайын бүткөн адис бир-эки жыл алыскы айылга барып иштеп келмейин күттүргөн дипломун алалчу эмес. Сүйөркул аке да университетти аяктагандан кийин Алайга барып мугалим болуп иштеп келген. Кийин шаардан дипломун алып азыркы Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтуна ишке орношкон, Токтогул акындын чыгармаларын текстологиялык изилдөөгө киришүүсү ошондо башталган. Пландуу илимий ишин ал кийин М.Сырдыбаев экөөлөп илимий эмгек кылып чыгарган. Сынчылык менен акындыкты эриш-аркак алып кетишинин жөнөкөй себеби ушул.

Китепкөй

Илимдер академиясында окуйм, иштейм деген адамга идеалдуу дегидей шарт түзүлгөн. Бул жерде Сүйөркул аке орус, дүйнөлүк классиктердин чыгармаларынын кыйласын окуп, өз алдынча билимин тереңдеткенин мезгилдүү басылмаларга берген маектеринин биринде ырастаган. Анткен менен чыгармачылык ышкы, поэзияга кызыгуу Сүйөркул акени кыргыз акын-жазуучуларынын маданий ордосуна айланган айтылуу “Кыргызстан маданияты” жумалыгына алып келген. Окумал гезиттин өзгөчө барктуу бөлүмү адабий сын болчу, Сүйөркул аке анын башчысы болуп калды. Совет заманында адабий сынга өзгөчө көңүл бурулуп, коммунисттер бийлиги атайын токтом кабыл алган. Ошондон гезиттин саны сайын адабий сын же изилдөө чыгып турчу. Эми ойлосом кыргыз сынынын “ренессансы”, “алтын доору ошол болгон экен, “кыймылдагы эстетиканын” иши жүрүшүп ити чөп жеп турган учуру болуптур. Сүйөркул аке ошол кезде жазган адабий-сын макалаларын чогултуп кийинчерээк “Замандаштын дүйнөсү” (1978) деген жыйнагын чыгарган.

Сүйөркул Тургунбаевди жаңычыл акындардын катарына кошкон айтылуу “Кечки троллейбус” (1969) жыйнагы болду. Ага чейин акындын эки китеби жарыкка чыккан: “Бизде баары сүйлөйт” (1966), “Салам, жаш өмүр” (1967).

“Кечки троллейбус” - 60-жылдардагы кыргыз поэзиясынын беш манжа менен саналчу мыкты туундулардын бири, улут поэзиясындагы жаңычылдыктын бир көрүнүшү, чыгар замат мактоого арзып, окурмандардын сүймөнчүлүгүнө айланган ыманы ысык китеп эле. Анын аталышынын өзү жаңычыл маанай туртуулап турган. Ал кезде “Космостук манифест”, “Аэропанорама”, “Отузунчу станция”, “Таңкы симфония” деген көнүмүшкө коошо бербеген жаңычыл чыгармалар арбын жарыялана баштаган. Бир топ талаш чыгарган китеби кол жазма кезинде катуу талашка түшүп, коммунисттик идеологияны бекем карманган айрым большевикчил акындардын сынына кабылганын, китепте “буржуазиялык” өң-түс алып кеткен ырлар бардыгы айтылып, кине тагылганын, жаңычыл жыйнактын жарыкка чыгышы кыйынга турганын кийин автордун шардана кылган жайы бар.

Ошол “Кечки троллейбустан” кийин Сүйөркул аке “Жарыктын ыры” (1979), “Эки аска” (1982), “Касиет” (1985), “Жылдыз” (1989), “Күндүн көзү” (2006) деген китептерин чыгарды. Буларда жашоо, өмүр-өлүм, утурумдук менен түбөлүктүн карым-катышы, пенде баласынын чиелешкен тагдыры, санаасы, өткөн менен бүгүнкүнүн өтмө катар байланышы чагылдырылган. Автордун ой-туюму, көз карашы, акындык дүйнөсү кыйла кеңейип, мурдагы формалык жаңыланууга басым коюунун ордуна философиялык кенендик, мезгил менен мейкиндиктин карым-катнашы чагылдырылган. “Кечки троллейбустан” башталган жаңычыл маанай ырааты менен философиялык өңүткө ыктап, акындын дүйнөсү улам жаңы кырларын ачып жаткан чакта үлкөн тарыхый өзгөрүү болуп кетпедиби, социализм тарыхый тактыдан кулап түштү. Сүйөркул Тургунбаев жактырган улуттук өз алдынча мамлекет түптөө, демократиялык өлкө куруу аракети башталды.

Социализм тарыхый тактысынан кулап түшүп адабият мамлекеттик камкордуктан ажырап калгандан кийин чыккан жалгыз китебин эске албаганда акындын жазгандарынын көбү жазуу үстөлүндө калды. Баарынан өкүнүчтүүсү, Сүйөркул акенин чырактай баласынын суу кырсыктан каза болуп, кийин алмончоктой жарынан, кызынан ажырашы бир сырдуу акынга өтөле оорго турду. Айланасында болуп жаткандарга калбаат карап, пенделик тагдырына туш келген сыноолорду айласыз көтөргөнү менен акындык жүрөгүнө, кылдат сезим-туюмуна мунун баары жүк болду, бирок майышкан жок. Жашы өйдөлөгөн сайын бала кезинен жармашып келген илдети да баскан-турганын кыйла оорлоштуруп койду окшойт.

О, турмуш!

Сүйөркул аке дүйнөнү акыл менен аңдап, анысын кыял-сезиминен өткөргөн, бере турган оюн аркыл ассоциациялар, аллегориялар аркылуу туюнтууну жактырган акын болчу. Анын мына бул ырында (“Максатка жет, балакай”) акындын өмүр жолу, окуу издеп калаага келгени, турмуш жолундагы тоскоолдуктар, алдына койгон максатына умтулган жаңы муундун жалпыланган образы ынанымдуу берилген.

Күн жайнаган мемиреп жайкы таңда,
баео сезим монтойгон жапжаш бала.
Жөө-жалаңдап, жайдаңдап эч капарсыз,
Тоо тараптан жол алган калаа жакка.

Жалаң көйнөк жонунда жашыл ала,
башта калпак, бутунда ак "монтана",
кедең-кедең арытып кыр-белдерди,
Жаздын ырын келаткан ырдап гана.

Кара булут заматта көктү каптап,
Күн ырайы бузулуп ызгаарлана,
Жамгыр төктү шатырап, аягы анын
кетти дароо боройлоп карга айлана.

Калды дароо буй түшүп асман тарап,
Табияттын даң салды калабасы,
мындай шойком болот деп ким ойлоптур,
Жер жылыган чөп чыгып кезде жазгы.

Алды жакта сапары кыйла дагы
алты белден арыда барар жагы
жеткичекти суук уруп кетпесе дейм,
же тону жок, же ичте өпкө кабы.

Же жок анын алдында зуу коерго
Жомоктогу Каныбек кулунжалы,
Кулун тону дагы жок балакайдын,
Куруштурган сууктан сактаар аны.

Жолбаштыгы жылтырак колундагы,
анда китеп эш туткан бар байлыгы,
китепти алып бооруна басты дагы,
жолбаштыгын жонунан салып алды.

Эми кетип баратат ал жүгүрүп,
Кар бороонду аралап, каны дүргүп.
Калайманда таап алган акылына
Канаттанып турамын мен сүйүнүп.

Кандай күндү туш кылса Теңир бизге,
жашайбыз биз аргасыз ошол күндө
Бышык бол, тай, периштең эки ийинде,
безбелдектей беленден ар бир күнгө.

Бир кезде Арстанбаптын жанындагы чакан айылдан окуу издеп келген бала жогорку билим алып, өмүрүн көркөм дүйнө жаратуу абыгерчилигине арнап кызыктуу чыгармаларды жаратты. Айрым каламдаштарына окшоп көлөм артынан куубады, чыгармачылыкка өтө олуттуу мамиле кылып сөз азабын тартып, такай изденүү үстүндө жүрдү.

Жашоо, тирүүлүк тууралуу “Бүтпөс казал–узун ыр.
Күн көзүндөй түбөлүктүү, Күн көзүндөй ыйык ыр” жазылышы керектигин эскертип, ошол ырдын бир учугун чубап, үн салып, күн илебинен демөөр алып, күндөй эригиси келген.

Тирүүлүктүн улуу күүсү “Миң бир тилде, миң бир үндө сыбызгып”, тириликтин ырын ырдайт. Дүйнө ашып-ташып толкуп турганы менен жер-асмандын ортосунда калып калгандар бар, алар - жер үстүндөгүлөрдүн арманы, айрылуу. Сан кылымдан бери келаткан ушул өтмүш – жазмыш баяны.

Сен ошол гүл, гүл да эмес нур элең,
нур болбосоң — жанга айткысыз сыр элең,
дагы арылап салыштыруу издеген
акын сенин жарыгыңды бир гана
теңээр, мүмкүн, жан жашарткан ыр менен.

«Чулп» деп акак түпсүз көлгө чөккөндөй
жазмыш сага артык өмүр эп көрбөй
биздин жээкке азга келген ак куудай,
биздин бакка бир күн конгон кептердей.

“Жылт деп өткөн, Үлп деп өчкөн бир өмүр?”- деп Сүйөркул Тургунбаев таланттуу актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын элесине арнап "Таттуу кызы бир элдин" деген ыр чыгарган.

Акындын поэзия дүйнөсүнө баш баккан адам андан назик сезим кылдарын черткен лириканы, баатырдыкты даңазалаган эпосту, ички драманы, түгөнбөс арман-кайгыны, пенделик рухту көтөргөн улуулукту, пенде баласынын сулуулугун баамдай алат.

Узак жылдарга созулган чыгармачылык өмүрүндө Сүйөркул аке кыргыз окурмандарына башка элдер адабиятынын мыкты туундуларын тааныштырды. Көңүлүнө төп келген авторун кыргызчага кемелине келтире которгон чебер таржымачы эле. Анын өзгөчө кадырлаган акыны М.Лермонтов менен Е.Евтушенко, Т.Шевченко, А.Навои болчу.

84 жашка караган курагында жөнөкөй жашап, жупуну өмүр сүргөн улуу акын 2023-жылдын акыркы күнүндө бул жалганды таштап түбөлүккө кетти. Эми анын өмүрүн артында калтырган чыгармалары улайт. С.Тургунбаевди билгендерди жубантчу нерсе ушул.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG