Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:00

Евразиянын ак көңүл акыны эле


Шаповалов
Шаповалов

Көркөм чыгармачылыктын тажрыйбасы менен теориясынын саналуу адистеринин бири Вячеслав Шаповаловдун дүйнө салышы аны билгендерди кайгыга салды. Акындын чыгармачылыгы акыйкатта да көп тараптуу, кызыктуу эле.

Дон боюндагы чакан айыл

Вячеслав Иванович Шаповалов кыргыз жерин, маданиятын, көркөм сөзүн чын дилден сүйгөн, аны жаамы дүйнөгө жарыя кылууга колунан келген аракетин жасаган, эки элдин адабий-маданий байланышын үзбөй келаткан өзгөчө бир жан эле. Кыргызстан анын киндик каны тамган мекени, ата журту болчу. Ал өзүн кыргызстандыкмын дечү, бабаларынын сөөгү бириники Москвада, экинчиси Дон талаасында жатканын айтчу.

Хохлацкое сельцо над Доном, река Медведица налево,

вокруг Россия, за кордоном чужое море обмелело,

застыла хата угловая, за базом в небо тычет дышло,

война зачем-то мировая вошла в избу, да и не вышла.

Карама-каршылыктуу жаманы-жакшысы аралашып кеткен татаал кылым, бир мейкинден экинчисине, андан ары мейкиндерге чабыттаган адамдар агымы саясий башаламандык тушунда дагы күчөп, көнүмүш турмуш агымы ыкчам өзгөрүүгө туш келди.

В итоге всё-таки бежали, презрев конвой и караулы,

в кызылординские печали, далёкой Азии аулы,

кордоны хищные сминая, вокзалами или портами,

обзаводились именами, легендами и паспортами —

житьё налаживали бренно в необозримых регионах,

в глазах монгольской ойкумены и сырдарьинских прокажённых.

Вот над могилками в ограде чужого неба шум и шелест,

и время прячется в засаде, и бьёт, давно уже не целясь,

но до сих пор в крови отрава по части классовой природы,

и дышит над виском держава, и прячутся громоотводы”.

Өткөн кылымдын аяк жагында коммунисттик империя урап түштү, улуттук республикалардын өз алдынчалыгы башталды. Түпкүлүктүү мекенине оогон адамдардын агымы күчөдү.

Мурда коммунисттик бийликтин башында турган улут өкүлдөрү орун-очок алып калган жеринде азчылыкка айланып, күжүлдөп күчтүү турган орус адабиятынын агымы басаңдап, жаңы доордун оорчулуктары көркөм адабиятка да тийди.

Орусиялык маалымдоо каражаттарына курган маектеринин биринде ал батыштык башталманы ала жүргөн орус адабияты кыргыз жеринде баштагыдай батыл, өтүмдүү болбой калганын өкүнүү менен эскерип, кыргыз адабиятында өз алдынча болуу тенденциясы күчөп баратканын, эмчектен жаңы чыккан наристедей баарын кайрадан аңдап, жаңыдан таанып-билип, өзүнө келип жатканын белгилеген.

Арийне, Вячеслав Шаповалов жалгыз кыргыз адабиятындагы орус тилдүү акын, адабиятчысы эмес, жаамы Борбор Азия чөлкөмүндөгү таанымал адабий авторитет болчу.

“Чын-чынына келгенде мынабу апокалипсистин төрт атчаны – илим, котормочулук конвейер, саясий кызмат, анан аягында поэзия менин өмүр жашоомду ар кимиси өзү каалаган жакка тарткылап, аянбай тытышты. Аягында бир нерсе пайда болду ошойт. Кыязы, Батыш менен Чыгыш ушундай вариантта мага келип токтошту окшойт деп кийинки маектеринин биринде атайын белгилеген. Көркөм сөз жаратуунун кыйынчылыгы каламдан чыккандын кайсы бир тилде жарык көрүшү менен эле токтолуп калбайт. Мыкты туундулар башка улут адабиятынын айдыңына да кириши абзел, өзгө журт окурмандарынын кызыгуусун жаратышы керек. Мына ушул жерде улут адабияттарынын оз ара таасири, байланыш-катнашы, тажрыйба-сабак алышы маселеси келип чыгат: “Орус адабиятынын энелик сүтү кайсы бир деңгээлде маданий ашказан ал кыла албас ич ооруну пайда кылды, көрсө кайсы бир формациядан секирип өтүү болбогон нерсе экен, мына эми социализмден феодализмге ооп баратабыз, болгондо да маданийине”,- дейт Вячеслав Шаповалов.

Кечээ көргөн бүгүн жок

Мезгилдүү басма сөздө жарыяланган маектеринин биринде ал адабият тууралуу дегеле ойлонбоого өзүнө сөз бергенин, жашыраак кезинде адабиятчы, акын, котормочу катары өлкөгө, андагы жашаган адамдарга керектүү киши катары сезип, кыйла жыл алдамчы ойлорго ишенип жүргөнүн жашырбай кеп кылган.

Өзүн советтик жазуучу катары көрүп, жок болгон өлкөгө капа болбостугун, анын кылдан кыйкым өткөрбөчү цензурасын деле эңсебегенин, бирок калам кармагандын баары эле таланттуу, мыкты деп жүрө бергенин, андай ойдун натуралыгын “кайра куруу” айгинелегенин, ошол советтик идеологияга айныксыз ишенгендер менен андан алда качан чыгып алысты көрө билгендер тууралуу ой жоруусун “Барымта” деген китебинде чагылдырганын маалымдаган. Мына ушул китебинде ал биринчи ирет жеке өзү – көркөм сөз жаратуучу сүрөткер, Чыгышта төрөлүп өскөн орус акынынын чын дилден чыккан ой жорууларын алдыга жайган.

Однако эпоха сменилась,

и дух обращается в прах,

чтоб нам пробужденье явилось

бессмертьем, похожим на страх:

принесшее злобную волю, погасло — спроси, отчего? —

покрытое жёлтою болью его восковое чело.

Своих вожаков пожирая, европами призрак бредёт,

и бредит морозная стая десертом российских широт,

разверстою плотью аллея в андреевской голубизне —

и чёрный квадрат мавзолея ликует в багровом огне.

Столетьем доноса и сыска страна эта будет жива,

но Горки — извечная ссылка, обманутый всхлип торжества:

ржавей, людоедка-«Аврора», дари же, безродный борей,

в ликующей плоти террора просторы родимых морей”.

Вячеслав Шаповаловдун поэзиясында Орусиянын кенен мейкиндери Азия талаалары менен аралашып, өткөн менен бүгүнкү күн, дүйнөнүн ар кыл түсү, көрүнүшү окуган адамдын оюнда “тык” токтолуп калчу поэтикалык деталдар аркылуу шөкөттөлүп чыга келчү.

Жаңыл мырза”

Мына ушул сапат анын котормолорунан да көрүнчү. Анын бир кездеги студенти, кесиптеши, досу профессор Кубан Мамбеталиев устаты Касым Тыныстановдун “Жаңыл мырза” поэмасын орус тилинде түп нускасынан кем эмес көркөмдүккө жеткире алган деген пикирде.

"Касым Тыныстановдун “Жаңыл Мырза” поэмасы чынында мыкты чыгарма. Аны башка эч ким которгон жок. Вячеслав Шаповаловдун котормосунан кийин аны которуштун да кажаты жок. Котормо аябай мыкты ишке ашырылган, котормочу көркөм тексттин ичине кирип кеткен. Чыгармадагы негизги ойдун ийне-жибине чейин үңүлүп, аны кенен талдап, иликтеп чыккан. Өзү да жасаган ишине аябай ыраазы эле. Мен да: “Сиздин эң мыкты котормо ушул “Жаңыл Мырза” дечүмүн. Бул эми котормосу. Анан бул киши котормонун теориясын жазган. Көлөмдүү теориялык эмгек жазды. “Теория стиха” деген бар. Кыргызстанда ырдын теориясы боюнча эң мыкты окумуштуу болчу, мунун алдына өткөн бирөө да жок. Мунун стилинен Иосиф Бродскийдин таасири сезилип турчу. Бул таасир жөн эле көчүрүп алуу эмес, чыгармачылык таасир. Сөздү ушунчалык чеберчилик менен ыктуу пайдаланчу. И. Бродскийдин ырларын окусаң аябай таң каласың, бир укмуш сөздөрдү тизип коёт. Уйкаштыгы жоктой сезилет, бирок сөздүн ичиндеги фонетика, угулушу, ритмден ички мазмун, ой байкалып турат. Ыр жазуунун устасы эле".

Анан акыркы жылдары буту баспай калганда Вчеслав Иванович көзү өткөнчө диссертациялык кеңештин ишине катышып, электрондук байланыш аркылуу чыгып турду. Ал эми ырлары Москвадан да басылып чыгып, КМШдагы орус тилинде жазган эң мыкты акындардын бири эле. Артында ополтоо адабий мурасы калды, анын ырларын кыргыз тилине которуу келечектин иши го. Анын студенттерге арнап жазган окуу китептери, айрыкча ырдын теориясы боюнча китептери, конкреттүү, концептуалдуу окуу китептери бар.

Адам катары мыкты сапаттарга ээ эле. Бирөөнүн артынан ушак-айың айтпаган, куйтулукка барбаган, учурдун талабын зирек туйган адам болчу. Керек учурда керектүү сөздү айтчу. Орус акындарынын арасынан Кыргыз эл акыны деген наамды Шаповалов гана алды. Мамлекеттик сыйлыктарды алды. Москвадан чыккан “Арча бешик” деген мыкты китеби бар.

Мен Караколдо пединститутта окуганда Вячеслав Иванович окутуучум эле, бизге Адабият таанууга киришүү сабагын берген. Ошондон бери мен аны устатым деп эсептеп, ал мени “ини досум” деп койчу. Кыргызча текстти подстрочниги жок окучу, мыкты түшүнчү. Сүйлөгөндө акценти жок сүйлөчү, бирок уялчубу, билбейм, кыргыз тилинде эл алдында сүйлөчү эмес, лекция окубады.

Анан бул киши Бүбү Мариямдын он томдук “Айкөл Манасын” которуп бериңиз дегенге макул болбой койгон. Мен мындай ишке даяр эмесмин деген. Мен мындайды жасабайм, деп чоң калем акысына да карабай макул болбой койгон. Бул ишке ал барган жок.

Шаповалов “Манаска” аябай кызыкчу. 1947-жылы Семен Липкиндин котормосунда чыккан “Манасты” аябай жогору баалаган. Тыюу салынган китепти таап, аны которгон Семен Липкин менен таанышып, көзү тирүү кезинде катышып жүрүптүр. Сагынбай, Саякбай манасчылардын текстин окуп, талдап, пикирин бөлүшүп турчу. Бирок ал өзүн манасчымын деп эсептечү эмес”, - дейт Кубан Мамбеталиев.

“Манас” эпосунун миң жылдыгынын алдында 1995-жылы В.Шаповалов “Манастын төрөлүшү” деген поэма жазган. Кыргызстанда ушу кезге чейин ачыла элек ополтоо потенциал бар, Бул өлкө элдик поэтикалык маданиятын төкпөй-чачпай сактап калган. Дүйнөдө элдик поэтикалык маданиятты качан эле жоготушкан. Элдик эпос баарын камтыган маани-мазмуну менен жоголгон. Кыргызстанда болсо ушу кезге чейин уккан адамды айран таң калтырган “Манас” маани-жайын кемитпей сакталып турат”, - деген Вячеслав Шаповалов.

Академик Абдылдажан Акматалиев В. Шаповалов менен Пржевальскидеги (азыркы Каракол-ред.) пединституттан бери чыгармачылык байланышта болуп келгенин эскерип, илимий кеңеште чогуу иштешкенин, өз мектебин пайда кылган мыкты илимпоз экенин белгиледи.

Вячеслав Иванович Улуттук университетте илимий иштер боюнча проректор кезинде бир топ илимий жыйындарды, конференцияларды уюштурганын, теориялык деңгээли бийик, котормо көйгөйлөрү боюнча биртоп иштерди жасаган, айкөл, ак пейил, адамга жакшылыгын аябаган инсан болгонун эскерди. Башка улут өкүлү болгону менен кыргыз үчүн күйгөн инсан болгонун айтты.

"В.Шаповалов биринчилерден болуп Касым Тыныстановдун чыгармаларын которуп, акындын аудиториясын кеңейтип, бир топ эл аралык илимий жыйындарды өткөргөнүн маалымдады. “Акын болгон үчүн Вячеслав Ивановичке Касым Тыныстановдын жан дүйнөсү жакын болду окшойт. Кыргыз акындарынын мыкты чыгармаларын, философиялык ойлорун мыкты которгон. Кыргыз поэзиясына жаңылык киргизген акындарды Алыкул Осмоновду, Сүйүнбай Эралиевди өзгөчө мыкты которгон. Алардын стили В.Шаповаловго жакын деп айтсак болот”, - дейт А.Акматалиев.

Мы не были

иль все же — были?

На скольких кладбищах забыли

мы дедов горькие могилы,

на сколько верст, на сколько лет

след судеб,

пылкий след комет?..” ,– деп жазган акын “Орус изи” деген ырында.

Евразия мейкинине чачылып кеткен элдин бир уулу арча жыттанган тоо арасынан конуш таап, бул жердин абасын, суусун, тоосун, талаасын ырга кошуп, алынын жетишинче көркөм сөз касиетин, сыйкырын туюндурууга аракет кылып жашады. Ошондон анын дүйнө салышын көркөм сөздү баалагандар эскерип, жоктоп жатышат. Акын үчүн мындан артык сый-урмат жоктур.

Вячеслав Шаповалов 25-июлда 75 жашында дүйнөдөн кайтты. Аны менен коштошуу зыйнаты 27-июлда А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын алдында өттү. Сөөгү Бишкектеги "Түндүк" көрүстөнүнө коюлду.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG