Кыргыз эл артисти, белгилүү композитор жана жазуучу Сталбек Бактыгулов 69 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Жаш чагында адабиятка аралашып, прозаик катары таанылган талант кийинчерээк музыкага өмүрүн арнап, профессионал композитор катары таанылган. "Азаттык" анын чыгармачыл бейнеси тууралуу сөз кылат.
Кош өнөрдүн ээси
Мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган Сталбек Бактыгулов музыка менен адабият дүйнөсүнө эрте аралашкан. 14 жашынан тарта ырлары, этюддары, макалалары райондук жана республикалык гезит-журналдарга жарыяланган.
Ушул эле учурда өз алдынча мандалинде ойногонго үйрөнүп, ага музыка жазууга аракеттенип жүргөн. Окуучу кезинде эле маданий иш-чараларда эл алдына чыгып турган.
Мектепти бүтүп жатканда профессионал музыкант болууну чечип, 1972-жылы Муратаалы Күрөңкеев атындагы мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынын плектр классы боюнча элдик музыка бөлүмүнө тапшырган.
Бир жыл окугандан кийин теориялык бөлүмгө которулуп, белгилүү композитор Алтынбек Жаныбековдон композиция боюнча сабак ала баштайт.
1975-жылы республикалык сынакта жаш композитордун "Даярмын" аттуу ыры 1-сыйлыкка татыктуу болот. Ошондон тарта анын жигердүү композитордук ишмердиги башталат.
Ансбахердин купулуна толгон талант
Композитор жаш чагында дүйнөлүк композиторлор Бетховен, Чайковскийди баалап, таасирленип келсе, кийин Дмитрий Шостаковичтин, Альберт Шниткенин, Гие Канчелинин чыгармачылыгынан үлгү алган.
Музыка изилдөөчүлөрдүн пикиринде ал композитордук техниканын азыркы кездеги ыкмаларына ээ, муну менен бирге ата мекендик мектептин салттарына таянган.
2005-жылы Казакстандын “Ала Тоо симфониясы” музыкалык фонду кыргыз композиторлорунун бир катар симфониялык чыгармаларын АКШга сынакка жөнөткөн.
Алардын арасында Сталбек Бактыгуловдун “Үркүн” аттуу №2 симфониясы да бар эле. Кийин ал чыгармасын дирижер Чарльз Ансбахер 2005-жылдын ноябрь айында Кыргызстандын улуттук опера жана балет театрына келип ойноп берген.
Дүйнөлүк классикалык музыканын шедеврлерин элге кеңири жеткирүү максатын көздөгөн америкалык белгилүү дирижер Чарльз Ансбахердин Кыргызстанга келиши Бактыгуловдун гана чыгармачылыгы үчүн эмес бүтүндөй кыргыз музыкалык маданиятынын тарыхы үчүн мааниси зор окуя болгон.
Мындан сырткары да "Күмүш камчы", "Курманжан датка" аттуу балеттери, отузга жакын симфониялык, вокалдык-симфониялык, камердик-аспаптык, драмалык спектаклдерге жазган музыкасы, киномузыкасы, вокалдык чыгармалары, обондуу ырлары угармандарга белгилүү болгон.
"Оптимист эле"
Искусство таануучу Жамила Маматова анын чыгармачыл дараметин, артында калган мурасын кеп кылды.
"Кыргызга белгилүү, өзүнүн стилистикалык өзгөчөлүгү бар композиторлордун бири эле. Айрыкча симфониялык жанрда из калтырды. Анын чыгармаларынын арасында патриоттук тема негизги ролдо эле. Элдин мүдөөсүн, тагдырын, турмуштун оош-кыйышын симфонияларында чагылдырган. Өзү да турмушунда ден соолугунан көп кыйналды. Бирок өжөрлөнүп, жигердүү иштеди. Бул да эрдик. Анткени ал оптимист болчу. Маселен "Концерттик вальс" деген чыгармалары бар. Биздин композиторлордон Калый Молдобасановдун, Калыйбек Тагаевдин да вальстары бар. Бирок Сталбек вальс жанрына жаңыча үн кошо алды деген ойдомун. Анда орус, европалык композиторлорунун да таасири бар эле, бирок нукура кыргызча кайрыктарга бай чыкчу".
Бактыгулов 1976-1981-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы КМИИнин композиция бөлүмүндө профессор Мукаш Абдраевдин классында окуп, ал дүйнөдөн кайткандан кийин доцент Таштан Эрматовдун классында билим алган.
Мукаш Абдраев өзүнүн окуучусуна сөз менен байланышкан жанрлар боюнча олуттуу мамиле жасаганды үйрөткөн. Ал эми Таштан Эрматов Сталбектин симфония жанрына болгон кызыгуусун ойготкон жана ошол жанрда изденүүгө шыктандырган.
1979-жылдан өзүнүн эмгек жолун В. В. Маяковский атындагы Кыргыз Мамлекеттик Кыз-келиндер институтунда (КЖПИ) окутуучу болуп иштөө менен баштаган (азыркы И. Арабаев атындагы университет).
Замандаштары композиторду өзүнө талапты коё билген тажрыйбалуу окутуучу, ар бир предметке чыгармачылык менен мамиле кылган адам катары сыпатташат.
Ал окуучуларына жалпы фортепиано, музыканын элементардык теориясы, сольфеджио, гармония, полифония, кыргыз музыкасынын тарыхы, совет музыкасынын тарыхы, кыргыз эл чыгармачылыгы, кыргыз элдик педагогикасы, музыкалык эстетика, дүйнөлүк маданият ж.б. курстар боюнча узак жылдар сабак берип келген.
Бактыгуловдун кесиптештеринин айтымында анын чыгармачылыгында классикалык музыка менен элдик оозеки чыгармачылыктын байланышы байкалат.
"Чыгармалары жашай берет"
Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү композитор Кадыралы Артыков кесиптешинин көп жылдык мээнети текке кетпегенин айтат:
“Композитордун баары эле бардык жанрга кайрыла бербейт. Ал профессионал композитор катары бардык жанрда ийгиликтүү иштеди. Обондон баштап симфониялык, опералык чыгармаларга чейин жазды. Ишеналы Арабаев атындагы университеттин музыка кафедрасында, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин музыка бөлүмдөрүндө көп жыл иштеди. Шакирт тарбиялады. Анан эки окуу жайдын тең профессору болду. Анын чыгармалары музыканы сүйгөн ар бир кыргыз атуулуна руханий азык тартуулап келет. Алдыда дагы далай жылдарды карытып, эл ичинде жашай берет деген ойдомун. Арабыздан жаш кеткени өкүнүчтүү болду. Эки жума мурун эле мага телефон чалып, сүйлөштүк эле. Бир аз сыркоолоп жатканын айткан. Бактыгулов адам катары да жакшы сапаттарга ээ болчу. Эми алдыда ал тууралуу дагы далай сөз болот".
70-жылдары белгилүү фантаст жазуучу Беганас Сартов “Тоо жылдыздары” аттуу адабий ийримди жетектеп турган. Ага адабиятка, музыкага шыктуу ошол учурдагы топ студенттер жума сайын барып турушчу. Алардын ичинде жазуучулук менен обончулукка шыктуу Сталбек Бактыгулов да болгон.
“Тоо жылдыздарына” Бактыгулов менен ошол учурда бирге барып жүргөн Кыргыз эл жазуучусу Сулайман Рысбаев замандашынынын кезинде адабий дымагы мыкты чыгып, ал дараметин музыкага коротконун айтып отурду:
“Сталбек жума сайын боло турчу жолугушууда фортепианодо ойноп, биздин көңүлүбүздү ачар эле. Айрыкча белгилүү композитор Огинскийдин “Полонез” деген атактуу чыгармасын көп ойночу. Аны биз да жаттап, кыңылдап калганбыз. Көрсө ал өзү да ошол учурда “Полонез” деген аңгеме жазып, ага өз тагдырын камтыган экен. Анысы ошол кездеги “Учкун” жыйнагына чыгып, адабият ышкыбоздору арасында аңгемечи катары көрүнгөн. Ал аңгемесинде оптимизмди дагы, жан дүйнөнү сыздатар сезимдерди да камтыган. Сергек мүнөз, чыгармачыл, таланттуу Сталбекке ийрим жетекчиси Беганас Сартов да өзгөчө мамиле кылчу. Ошентип аны адегенде прозаик катары тааныганбыз, кийин музыкага өттү. Адам өзү ички дүйнөсүндөгү болгон сырын, муңун, кубанычын же адабият, же музыка менен берет окшобойбу. Муза ошол жаратмандын жан дүйнөсүнө жараша кээде проза же поэзия менен, кээде музыка аркылуу чыгат экен. Сталбек проза менен кетсе деле дурус жазуучу болмок”.
"Чыгармаларым жашап калса - ошол бактым"
Маркум композитор Бактыгулов мындан бир нече жыл мурда "Азаттыкка" курган маегинде өзүнүн көркөм дүйнөсү тууралуу буларды айткан:
“Бул өзү - музыка тарыхы менен теориясын өздөштүргөн, анын ысык-суугун көтөрө билген сейрек өнөр. Билим керек, анан ошол билимдин негизинде өзүңдүн жан дүйнөңдү ачып бере алган, жүрөктүн жаңырыгын бере алган – ошол композитор да. Замандын оош-кыйышына карабай, чыгармачылыктан кол үздүрбөсүн! Биз эми кайра төрөлбөйбүз. Чыгармачыл адамдын бактысы – экинчи өмүрдө. Ушул өмүрдүн баркын билбей өтүп кетебизби деп корком. Чыгармаларым ушул экинчи өмүрдө жашап калса, ошол - менин бактым”.
69 жашында өмүрдөн өткөн Сталбек Бактыгулов 1954-жылдын 7-октябрында Чүй районунун Кегети айылында туулган.
Ал 2002-жылы 17-мартта Аксынын Боспиегинде кырчындай жигиттердин бийликтин огунан бейажал набыт кеткенине, алардын артында калган үй-бүлөсүнүн, жакын туугандарынын кайгы-муң, көз жашына жаны кейип, фортепианолук пьеса жазган.
2010-жылы Бакиев бийлигинин куралсыз элге аткан огунан кыйылган 90дон ашуун азаматтын өлүмү, Оштогу июнь коогалаңында набыт болгон карапайым адамдардын кейиштүү тагдыры композитордун жан дүйнөсүн эңшерип, “Өмүр жана көз ирмем” деген көлөмдүү симфония жазган. Бул чыгарманын алгачкы ноталары Аксы окуясында пайда болгон.
Сталбек Бактыгулов бир катар сыйлыктардын, анын ичинде эл аралык Айтматов сыйлыгынын, "Даңк" медалынын ээси. Таттыбүбү Турсунбаева атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты. 2020-жылы Эл артисти наамы менен сыйланган.
Маркум композитор менен коштошуу зыйнаты 31- августта Бишкектеги өзү жашаган үйдө өтүп, сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.