Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:36

Сот реформасы: Жаңы дайындоо, сынга кабылган чечимдер


Парламенттин 2-февралдагы сессиясында Жогорку соттун төрагасы кызматына Замирбек Базарбековдун, Конституциялык соттун башчылыгына Эмил Өскөнбаевдин талапкерлиги жактырылып, алар ошол эле күнү президенттин жарлыгы менен кызматка дайындалды.

Президент Садыр Жапаров бийликке келгенден бери сот системасын реформалай турганын айтып, атайын кеңеш түзгөн. Бирок Кыргызстанда сотторго нааразылык күч бойдон кала берүүдө.

"Сот бийлигин саясий топтун куралына айланбаса"

Апта башында Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова кызматтан кетүү тууралуу күтүүсүз чечим кабыл алды. Бакирова бул кызматта бир жылга чукул гана иштеди. Анын ордуна келген Замирбек Базарбеков 2016-жылдан кийин Садыр Жапаровго адвокат болгон.

Ал парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, сот системасын реформалоого байланыштуу пикири менен бөлүштү.

Замирбек Базарбеков
Замирбек Базарбеков

"Адегенде мыйзамдардын үстөмдүгүн орнотуу керек. Бизде мыйзамдардын үстөмдүгү орнобосо, соттук-укуктук адилетсиздикти жоюу тууралуу сөз кылуу дагы кыйын болуп калат. Экинчиси, саясий оппозициянын мүчөлөрүнө, жалпыга маалымдоо каражаттарына, журналисттерге жана жада калса бийликке сын айткан карапайым адамдарга карата жүргүзүлгөн сот жараяндарынын баары тез аранын ичинде токтотулушу керек. Үчүнчүдөн, сот бийлигин ар кандай саясий топтордун куралына айлантпоого аракет кылышыбыз керек. Андан кийин соттордун эмгек акысын, техникаларын жогорулатуу менен биргеликте жоопкерчилигин дагы көтөрүү керек", - деди Базарбеков.

Ал ошондой эле сотторду ротациялоо, кызматка тандоону жакшыртуу тууралуу пландары менен бөлүштү. Мамлекеттин экономикалык жактан өсүшү жана элдин ишеними соттордун көз карандысыздыгына байланыштуу экенин түшүнүп турганын да айтты.

65 жаштагы Базарбеков Сузак, Ак-Суу райондорунда, Каракол, Балыкчы шаарларында судья болуп иштеген. Ошондой эле адвокат болуп да кызмат көрсөткөн. 2010-жылдан кийин Сотторду тандоо кеңешине төрага болгон. Ал 2020-жылдын аягында президенттик аппараттын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчылыгына дайындалса, 2021-жылдын июнь айында Жогорку соттун судьясы болгон. Анын президент Садыр Жапаровго санаалаш экени айтылып жүрөт.

Ал эми Конституциялык соттун башчылыгына келген Эмил Өскөнбаев болсо, буга чейин Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары кызматында турган эле.

“Менин оюмча, өлкөдөгү кыйынчылыктардын баары Конституция менен иштегенди унутуп, кээде көз жуумп койгондон улам келип чыккан. Мындан ары Конституциянын үстөмдүгүн орнотуп, бирге иштеп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошобуз деп эсептейм”, - деди Өскөнбаев парламентте сүйлөгөн сөзүндө.

Эки юристтин талапкерлиги парламентте каралып жаткан учурда депутат Алтынбек Сулайманов алардын жоопкерчилигин эскертип, сот адилеттүүлүгүнөн көп нерсе көз каранды экенин айтты.

Алтынбек Сулайманов
Алтынбек Сулайманов

"Сот бийлиги көз карандысыз болгон учурда гана адилеттүү болот. Адилеттүүлүк болгон өлкөдө реформалар да ишке ашат. Демек, өлкөдөгү эң негизги нерсе - сот адилеттүүлүгү. Сиздер жоопкерчилиги жогору тармакка бара жатасыздар. Биз бийликтин бир бутагы болсок, сиздер да өзүнчө бийлик бутагысыздар. Сиздерден өлкөнүн реформасы, президенттин багыты көз каранды".

"Бир да бийлик сотторду колдонуудан баш тарткан эмес”

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова сот тармагын реформалоодо кызматка жаңы келген Замирбек Базарбеков менен Эмил Өскөнбаевдин ролу чоң экенин айтууда.

Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова

“Садыр Жапаров сот тармагынын башына өзүнүн ишеничтүү адамдарын койду. Эми биз алардын ишин байкап турабыз. Өзгөчө Конституциялык соттун төрагасынын ишин... Экөөнүн тең макамы, ыйгарым укуктары жогору. Эгерде бийликтен көз каранды болсо анын пайдасы жок. Биринчи эле саясатка байланышкан окуяда алардын канчалык өз алдынча экени билинип калат. Негизи, президент айтып жаткан реформада экөөнүн ролу чоң болот. Бирок мен толук ишенбей турам. Анткени Кыргызстанда бир да бийлик сотторду колдонуудан баш тарткан эмес”.

Азыркы Конституцияга ылайык, президенттин бул жааттагы ыйгарым укугу бир топ кеңейген. Президент Сот адилеттиги боюнча кеңештин сунушу менен Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьялыгына талапкерлерди парламентке сунуштайт, андан кийин беш жылдык мөөнөткө дайындайт.

Юридика илимдеринин доктору, профессор Чолпонкул Арабаев сот реформасын жүргүзүү үчүн Садыр Жапаровдо саясий эрк бар деп эсептейт.

Чолпонкул Арабаев
Чолпонкул Арабаев

"Мурдагыдай Ак үйдөгү соттордун кураторлору жоюлду. Сотторго "мыйзамдуу чечим чыгаргыла" деген талап болуп атат. Президент соттор менен жолукканда телефон номурун берип, өйдө жактан чалуулар болбой турганын айтты. Бул - саясий эрк. Мындан сырткары сотторду тандоо кеңешине дагы кесипкөй адамдар кирди. Резонанс жараткан иштерди өзү көзөмөлгө алып жатат. Садыр Жапаров башка президенттерге караганда сот адилетсиздигин көргөн, өзү туш болгон".

Садыр Жапаровдун дагы бир адвокаты Шарабидин Токтосунов былтыр жыл аягында Бишкек шаардык соттун судьясы болуп дайындалган.

Бийлик ишенген, эксперттер сындаган реформа

Кыргызстанда отторго болгон ишеним жогорулабай жатканы тууралуу сын-пикирлер көп. Президент Жапаров бийликке келгенден кийин сот тармагын сындап, алдыда соттук-укуктук реформа жүрө турганын жарыялаган. Кыргызстанда бийлик алмашкан сайын ушундай мазмундагы убада көп айтылат.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Судьялар жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери кесипкөйлүктүн төмөндүгүн жана бир жактуулукту көрсөтүп, мыйзамдуулуктун принциптерин бузса, конкреттүү бир судья, же кызматкер гана уят болбостон, жалпы мамлекеттин беделине шек келет, мамлекетке болгон ишеничке коркунуч жаралат. Канчалык ачуу болсо да, калк тарабынан айтылган чындыкты тайманбай моюнга алышыбыз керек: өлкөдө сот реформасы жүргүзүлүп жаткандыгына карабастан, сот жана укук коргоо системалары өздөрүнүн негизги функциясын — бузулган укуктарды коргоо жана калыбына келтирүү ишин жетиштүү, натыйжалуу деңгээлде аткара албай жатат! Коомдо ушундай пикирдин үстөмдүгү сакталып жаткандыгын эскерте кетейин”.

Садыр Жапаров билдирүү жасаган Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш 2021-жылы 31-мартта түзүлгөн. Анын жыйындарына президент төрагалык кылат.

Курамына башкы прокурор Курманкул Зулушев, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку соттун жаңы дайындалган төрагасы баштаган 16 киши кирген. Кеңеш - сот, укук коргоо ишин өркүндөтүү максатында түзүлүп, ушул багыттагы сунуштарды даярдайт.

Алгачкы жыйыны 2021-жылы 7-июнда өткөн. Анын жобосунда, кеңештин жыйындары алты айда кеминде бир жолу өтүп туруш керектиги жазылган. Жети айдан ашык убакыт өткөнүнө карабастан, экинчи жыйын өтө элек.

Кеңештин курамына кирген “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова өзү жиберген сунуштарды эч ким эске албаганын белгиледи.

Чолпон Жакупова
Чолпон Жакупова

“Президенттин жарлыгы менен түзүлгөн кеңеште сот тармагында болгон көйгөйлөр каралат деп ойлогом. Анын алгачкы жыйынында сын камтылган билдирүү жасагам. Андан кийин бир нече жолу сунуш берип, аларды президенттин аппаратына жибергем. Бирок жооп алган жокмун. Эки айдан соң сунуштарымды кайра жиберип, кеңештин жыйыны байма-бай өтүп турушу керектигин да билдиргем. Жыйынтыгында ыраазычылык жазылган катардагы жооп алдым. Ошол бойдон эч нерсе жок. Сот тармагынын азыркы абалын эске алуу менен, Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш тынымсыз иштейт деп ойлогом”.

Президенттик администрациянын Сот жана прокуратура органдары бөлүмүнүн эксперти Мирбек Арстанбеков тармакты реформалоо жүрүп жатканын кабарлады.

"Кеңеште сот системасынын ишин жогорулатууга багытталган мыйзам долбоорлорунун пакети каралган. Андан соң төрт Конституциялык, бир жөнөкөй мыйзам кабыл алынган. Азыркы учурда аны ишке ашыруу каралып жатат. Мындан тышкары Башкы прокуратуранын демилгеси менен жазык блогунда дагы иштер жүргүзүлдү. Аны менен бирге эле санариптештирүү багытында иштер жүргүзүлүп жатат”.

Кыргызстандын Каржы министрлиги 2021-жылы президент чыгарган жарлыктын аткарылышы жөнүндө маалыматтарды сайтына жайгаштырды. Ага ылайык, өткөн жылы соттордун айлыгы орто эсеп менен 81 миң сомдон 160 миң сомго чейин жогорулады. Бул көрүнүш дагы соттордун ишин жакшыртуу үчүн жасалган кадам экени айтылып жатат.

Жогорку соттун басма сөз кызматы маяна тууралуу маалыматты төгүндөп, былтыр 1-июлдан тартып маяна көбөйгөнү, инстанцияларга жараша судьялар учурда 46 миң сомдон 60 миң сомго чейин аларын билдирди. Маалыматта негизги айлыкка ар кандай кошумча төлөмдөр бар экени белгиленген.

Кыргызстанда сот системасы коомчулуктагы сындын бутасында турган тармактардын бири. Буга чейин үч ыңкылаптын негизги себептеринин бири катары сот адилетсиздиги аталып келген.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG