Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:19

"Системага жат киши". Улуттук банкты Мелис Тургунбаев жетектейт


Жогорку Кеңеш 26-июнда Улуттук банктын төрагасы кызматына Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин жактырды. Жабык добуш берүүдө аны 75 депутат "макул" деп колдоду. Аны бул кызматка президент Садыр Жапаров көрсөткөн. Тургунбаев өлкөнүн негизги банкын башкарууга билими, иш тажрыйбасы жетерин айтты.

Тургунбаевди шайлоого чейин парламент мурдагы төрага Кубанычбек Бөкөнтаевдин башка жумушка которулуп жатканына байланыштуу өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арызын колдоду.

Өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө Улуттук банктын таасири негизги ролду ойнойт. Жаңы төраганын таржымалы кандай жана аны алдыда кандай иштер күтөт?

Бөкөнтаевдин ордун Тургунбаев ээледи. Кандай өзгөрүү болот?

26-июнда Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаевдин өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын канааттандырды. Анын “башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу” кетип жатканы кабарланды.

Жыйында депутат Гуля Кожокулова соңку кездердеги валюта рыногу менен төлөм системаларындагы туруктуулук Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев менен анын командасынын үзүрлүү эмгегинин жемиши деп эсептерин айтты:

"Улуттук банктын төрагасынын жети жылдык ыйгарым укуктары бар экенин билесиздер. Ал өзүнүн конституциялык мөөнөтүн толук иштеген жок. Мен Бөкөнтаевдин ишмердигинин оң жактарын айтып кетким келет. Республикабыздын валюта рыногун турукташтырууну, дүйнөнүн төлөм системаларында болуп жаткан кырдаалдарга карабай, өлкөнүн төлөм системасын турукташтырууну жана Улуттук банктын бир кыйла натыйжалуу иштеген командасын айтсак болот. Мунун баары Улуттук банктын төрагасы Бөкөнтаевдин натыйжалуу иши экенин белгилегим келет”.

Мыйзамда жазылгандай, Улуттук банктын ишмердиги негизинен акча-насыя саясатын жүргүзүү аркылуу баанын туруктуулугун кармоого багытталат. Ал үчүн улуттук валютанын сатып алуу жөндөмүн колдоо, өлкөнүн банк жана төлөм системаларынын коопсуздугу менен туруктуулугун камсыздоо ишин алып барат.

Ушу эле күнү түш оой жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан “башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу” деген себеп менен алынган Мелис Тургунбаев Улуттук банктын башына сунушталып, парламент анын талапкерлигин колдоп берди. Анын талапкерлиги Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинде каралып жатканда, айрым депутаттар анын банк системасында тажрыйбасы жоктугун эске салышты.

Ошол эле маалда депутат Султанбай Айжигитов системанын аки-чүкүсүн терең билбегендигин Тургунбаевдин артыкчылыгы катары сыпаттады.

“Мен айтат элем, банк системасында иштебей келгениңиз кайра жакшы. Эгер калыптанган банк системасында иштеп келсеңиз, анда эч кандай өзгөрүүгө умтулбайт элеңиз. Ошол бойдон иштей берем деген ойдо, кемчиликтерин да көрбөйт элеңиз. Себеби, биздин азыркы отуз жылдан ашык мезгилде калыптанып калган банк системабыз Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсү менен байланышы өтө төмөн. Байланышы дээрлик жок. Бүгүнкү күндө банк системасы өзү менен өзү, Кыргызстандын экономикалык системасы өзү менен өзү болуп келип жатат. Ошондуктан, биздин банк системабыз реформага муктаж. Сиз бул тармакта иштебей, жаңы келген киши катары, ушуга көңүл бурасыз деп ойлойм”.

Мелис Тургунбаев финансы тармагында аз да болсо тажрыйбасы бардыгын айтып, Улуттук банктын ишин жөнгө салып кете аларын билдирди.

"Менин билимим дагы, илимим дагы, иш тажрыйбам дагы толугу менен жетиштүү. Буюрса, эрким дагы жетишет. Бул абдан чоң жоопкерчиликтүү тармак, мен аны сезип-билип турам. Ал жакта абдан чоң иштерди жасаш керек, андайга менин эрким жетерин сиздерге ишенимдүү айта алам. Мен барып Улуттук банктын кадрдык потенциалын анализ кылышым керек. Ал бүгүнкү күндүн талаптарына жооп береби, жокпу талдап көрөм. Эгерде ал жакта иштеп жаткан жумушчулар чындап эле бүгүнкү күндүн талабына, мен жана президентибиз койгон талаптарга жооп бере турган болсо, албетте биз аларды колдошубуз керек. Эгерде андай эмес болуп, талаптарга жооп бербесе, анда өзгөрүүлөр болот, албетте", - деди ал.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Мелис Тургунбаевдин Улуттук банктын төрагасы кызматына талапкерлигин колдоп беришти.

"Улуттук банк валюта кунун кармоо үчүн экономиканы садага чаап келет"

Адистер ырастагандай, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө Улуттук банктын таасири негизги ролду ойнойт. Анткени, акчанын массасын көзөмөлдөө функциясы анын колунда болот. Арийне, соңку мезгилдеги валюта рыногундагы туруктуулукту Улуттук банктын натыйжалуу эмгеги катары баалабагандар да бар. Мындай көз караштагылар Улуттук банк валютанын кунун туруктуу кармоого басым жасоо менен иш жүзүндө экономиканы садага чаап келатканын белгилешет.

Финансы рыногу боюнча эксперт Кубан Чороев Кыргызстандын экономикалык модели туура эмес экенин экенин айтууда. Өлкөнүн экспорт-импорту ички дүң продукциясынын 60-70% чейин жеткендиктен, тышкы факторлорго көбүрөөк көз каранды болуп келет. Адис мындан улам Улуттук банк үчүн улуттук валютанын туруктуулугу биринчи орунда туруп келатканын белгиледи.

“Улуттук банк эки приоритеттин бирин эле кармашы керек болуп калат – же экономиканы өнүктүрүү, же улуттук валютанын туруктуулугун кармоо. Экономиканы өнүктүрөйүн десе, бизде Улуттук банк коммерциялык банктарды узак мөөнөттүү жана арзан акча менен камсыздашы керек. Мисалы, Кыргызстан дүйнө жүзүндө эң кымбат насыя берген 10 мамлекеттин арасына кирет. Демек, Кыргызстанда эч качан арзан жана узак мөөнөттүү насыя болбогондуктан, Кыргызстандын бизнеси өнүгө албайт дегенди айтсак болот. Башкача айтканда, башка мамлекеттерге салыштырмалуу атаандаштыгы жок. Ошол эле маалда Улуттук банк эгерде банк аркылуу бизнесмендерди колдоого акча корото турган болсо, биздин улуттук валютабыздын куну түшүп кетет. Анткени, акчанын массасын көбөйтүш керек болот. Ошондуктан, биздин Улуттук банк акыркы 20-30 жылда улуттук валютанын кунун гана кармап туруу приоритети биринчи орунга коюлган”.

Мелис Тургунбаев ким?

Мелис Тургунбаев учур 42 жашта. Борбор Азиядагы Америка университетинде “Эл аралык мамилелер” багыты боюнча билим алган. 2011-жылы экономика илимдери боюнча кандидаттыгын жактаган. Лондондогу “Слоун” бизнес мектебинин магистрдик программасын да окуган.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп 2023-жылдын март айынан бери иштеп келди. Эмгек жолунун башында Финансы министрлигинде жетектөөчү адис болуп 3,5 жыл иштеген. Кийин “Газпром Нефть Азия” компаниясында бөлүмдүн жана филиалдын башчысы катары эмгектенген. 2013-жылдын май айынан 2021-жылдын соңуна чейин “Кыргызнефтегаз” акционердик коомунда Директорлор кеңешинин мүчөсү, төрагасы жана Башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеген. Лондондо окуган бир жылдан ашуун мезгил ичинде “Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкынын” директорлор кеңешинде мүчө болгонун эске албаганда, банк тармагында өндүрүштүк тажрыйбага ээ эмес.

Тургунбаев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигин жетектеп турганда уран казууга мораторийди жоюу мыйзамын демилгелеп, жыйынтыгында кабыл алынган. Анын негизинде Кызыл-Омполдогу курамында уран бар титаномагнетит кени казылмакчы.

Садыр Жапаров быйыл апрель айында өзүнө баш ийген кызматкерлерге жетиштүү көзөмөл жүргүзгөн эмес деген негиз менен Мелис Тургунбаевге сөгүш берген.

Ал эми Улуттук банктын төрагасы кызматын тапшырган Кубанычбек Бөкөнтаев Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болот деген маалымат айтылууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG