Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:04

ЖК Улуттук банктын төрагалыгына Тургунбаевдин талапкерлигин жактырды


Мелис Тургунбаев.
Мелис Тургунбаев.

Жогорку Кеңеш 26-июндагы жыйынында Улуттук банктын төрагасы кызматына Мелис Тургунбаевдин жактырды. Жабык добуш берүүдө 75 депутат “макул” деп добуш берди. Аны бул кызматка президент Садыр Жапаров көрсөткөн. Мелис Тургунбаев өлкөнүн негизги банкын башкарууга билими, иш тажрыйбасы жетерин айтты.

42 жаштагы Мелис Тургунбаев - экономика илимдеринин доктору. 2023-жылы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалган. Бул кызматтан 26-июнда кетти.

Ал 2003-жылы Борбор Азиядагы Америка университетин, 2005-жылы Жапониядагы саясат изилдөө институтун, 2023-жылы Лондон бизнес мектебин бүтүргөн. Эл аралык мамилелер, экономикалык саясат боюнча адис. 2002-2005-жылдары Финансы министрлигинде, 2006-2019-жылдары “Газпромнефть Азия” ишканасында эмгектенген.

2013-2021-жылдары “Кыргызнефтегаз” ишканасында директорлор кеңешинин мүчөсү, төрагасы, 2021-жылы KICB банкында директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.

Садыр Жапаров быйыл апрель айында өзүнө баш ийген кызматкерлерге жетиштүү көзөмөл жүргүзгөн эмес деген негиз менен Мелис Тургунбаевге сөгүш берген.

Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев башка жумушка которулуп жатканына байланыштуу кызматтан кеткени 24-июнда белгилүү болгон. Ал Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болору айтылууда. Шаршембиде парламент аны Улуттук банктын төрагасы кызматынан өз каалоосу менен кетүү тууралуу арызын колдоду. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG