Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:09

Сириядан кайткан келиндер: реабилитация түйшүгү


Сириядан кайтарылган аялдар жана балдар. Бишкек, Кыргызстан. 30-август, 2023-жыл. (Сүрөт ТИМге таандык)
Сириядан кайтарылган аялдар жана балдар. Бишкек, Кыргызстан. 30-август, 2023-жыл. (Сүрөт ТИМге таандык)

"Айкөл" гуманитардык миссиясынын алкагында 30-августта Сириядан кыргызстандык 31 аял жана 64 бала алып келинди. Буга чейин 2021-жылы "Мээрим" миссиясынын алкагында Ирактагы качкындар лагеринен 79 бала алып келинсе, быйыл февралда "Айкөл" миссиясы аркылуу Сириядан 18 аял жана 41 бала кайтарылган.

Ушул тапта Сириядагы "Родж" качкындар лагеринде кыргызстандык келиндер жана балдар калганы айтылууда.

"Тогуз жыл көрбөгөн кызым келди"

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) маалымдагандай, Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерден кыргызстандык аялдар менен балдарды алып келүүгө АКШнын өкмөтү баштаган эл аралык уюмдар көмөктөштү.

"Кыргызстандык жарандарды Сириядан репатриациялоонун экинчи этабы тышкы саясат, улуттук коопсуздук, укук коргоо, саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо тармагындагы мамлекеттик органдардын биргелешкен аракети менен ийгиликтүү ишке ашты. Кыргыз тарап АКШ өкмөтүнө бул репатриация иш-чарасын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн ар тараптуу жардам жана материалдык-техникалык колдоо көрсөткөнү үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондуна (ЮНИСЕФ) жана Эл аралык Кызыл Чырым комитетине өзгөчө ыраазычылык билдирет", - деп жазылган ТИМдин маалыматында.

30-августта Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортуна конгон атайын учак менен келгендердин арасында Хамида Якубованын кызы кичинекей баласы менен келди. Хамида азырынча аларды көрө электигин "Азаттыкка" билдирди:

Хамида Якубова
Хамида Якубова

"Кызым 2014-жылы жайында Стамбулга окууга кеткен. Көрсө окуу эмес эле, Сирияга азгырылыптыр. Ошондон бери бир көрүүгө зар болуп, өкмөткө, бийлик башчыларга далай кайрылдык. Президент Садыр Жапаров Сирияга кеткендерди кайтаруу зарыл экенин түшүнүп, аларды алып келди. Бул үчүн ага терең ыраазычылык! Менин кызым менен неберем Сириядагы "Аль-Хол" лагеринде жаткан, бүгүн алар да келишти, али көрүшө элекпиз. Анткени эки жума реабилитациялык карантинде болот экен".

Хамида Якубова Сирияга кеткен кыздарын күткөн ата-энелер комитетинин башчысы катары бир нече жылдан бери согуш талаасында калган кыз-келиндер менен балдарды кайтарып келүүнү өтүнүп, бийликке улам кайрылып келген.

Жыл башында "Айкөл" миссиясынын алкагында Кыргызстанга Сириядан 18 аял жана 41 бала атайын борт менен жеткирилген. Анда дагы АКШ баштаган эл аралык уюмдар көмөктөшкөн.

"Дагы бир кызыбыз эки баласы менен Сирияда калды"

Кара-Балта районунун тургуну Рамаз Сариев 2014-жылы Сирияга кеткен эки кызын, аялын кайтаруу үчүн жан үрөп жүрүп 2020-жылдын аягында инфаркт оорусунан көз жумган. Быйыл февралдагы "Айкөл" миссиясынын алкагында анын улуу кызы эки баласы менен, жубайы уулу менен Кыргызстанга кайтарылган.

Маркумдун бир тууган эжеси Дилбар Сариеванын айтуусунда, Рамаздын кичүү кызы балдары менен Сириядан келе элек.

"Кичүү кызыбыз мурункусунда келбей калды эле. Бул жолу да илинбептир. Анткени бул жолу "Аль-Хол" лагериндеги аялдар менен балдарды алып келишиптир. Биздин кызыбыз эки баласы менен "Родж" деген лагерде экен. Мурункусунда ал жактан аялдарды алып келишкенде да кызыбызды калтырып коюшкан".

Дилбар айымдын айтуусунда, азыр Рамаздын уулу мектеп курагына жеткени үчүн 1-класска барууга даярданып жатат.

"Рамаздын аялы кыздарын алып келүү үчүн кош бойлуу кезинде барып, калып калган. Ошол баласы мектепке кирди. Буйруса 1-сентябрда мектепке барат. Улуу кызыбыздын да бир баласы мектеп жашына жетип калды, кичүүлөрү бакчага барып жатышат. Кыздар да, алардын балдары да коомго аралашып, көнүп калышты. Болгону атасы кыздарын, аялын кайтарам деп аябай чуркап жүрүп, көзү өтүп кеткенине өкүнөбүз. Көрбөй калды буларды...".

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев былтыркы жылдын соңунда Ирактын жана Сириянын түрмөлөрүндө отурган кыргызстандык 200дөй аялдын жана 400дөй баланын тизмеси аныкталганын билдирген.

"Узак мөөнөттүү реабилитация зарыл"

Сириядан кайтарылган аялдар менен балдар реабилитациялык борборлордун бирине жайгаштырылганы кабарланууда. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги алардын реабилитациясы жана реинтеграциясы кандай болору тууралуу азырынча маалымат бере элек.

Быйыл февралда Сириядан кайтарылган 18 аял жана 41 бала реабилитациядан өтүп, 1-июнда үйүнө тараганы тууралуу аталган министрлик жай айларынын башында маалымдаган. Ага ылайык реабилитация учурунда согуш талаасынан кайтып келгендер менен дарыгерлер, психиатрлар, теологдор жана башка адистер иштешти. Балдарга документтер берилди. Жашаган жерине баргандан кийинки көнүшүү жана аралашуу процесстерин ишке ашыруу жергиликтүү бийлик жана тиешелүү мамлекеттик органдарга жүктөлгөнү кабарланган.

Сирияга кеткен жарандарын жана балдарды алып келүү ишин Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен алгачкылардан болуп Казакстан баштап, кайтарган жарандарын узак мөөнөттүү реабилитациядан өткөргөн.

Ушундан улам кыргыз бийлигинен да жарандарын мекенге кайтарууну талап кылган укук коргоочулар аларды реабилитациядан өткөрүп, коомчулукка аралаштыруу жараянында Казакстандын тажрыйбасын эске алууга үндөп келет.

Алардын бири, укук коргоочу Азиза Абдирасулова Сириядан кайтарылган кыз-келиндер менен балдардын коомдо өгөйлөнбөй, кодуланбай аралашып кетиши үчүн узак мөөнөттүү колдоо зарыл деп эсептейт.

Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

"Булар ал жакта ансыз деле көп кордук көрүштү. Оор күндөрдү башынан кечирди. Аларды "коомго коркунучтуу" деп кодулабай, тескерисинче, моралдык-психологиялык жардам берип, тиешелүү адистердин көмөгү менен элге аралашып, кадимки жашоого кайтуусуна шарт түзүү керек. Мен буга чейин да айткам, Сириядан кайтып келгендерге коомдо көз караш түз эмес. Аларды жакын эле туугандары, коңшулары өгөйлөгөн учурлар бар. Ошондуктан аларды айыл-кыштактарына алып барбай, ири шаарларга жайгаштырып, элге сиңип кетишине мүмкүнчүлүк түзүлсө жакшы болмок. Казакстандын тажрыйбасын карасак, ал жакта Сириядан кайтарылган аялдар жана балдар менен бейөкмөт уюмдар узак бир-эки жылдап иштешти. Адистер "балдар менен, психологиялык жактан жабыркагандар менен, үй-бүлө менен иштегендер" деп бөлүнүп, ар бир аял жана бала менен өз алдынча, жеке иштешти. Кыз-келиндердин окуп, кайсы бир кесип үйрөнүп, жашоону жаңы барактан баштоосуна да чоң жардам берилди. Тилекке каршы, бизде андай болгон жок".

Акыркы үч жылдан бери дүйнөдөгү мамлекеттердин Сирияда калган жарандарына карата саясатын изилдеп келе жаткан Женевадагы “Булан” институтунун жетекчиси Чолпон Орозобекова реабилитациядан өткөрүү үчүн бейөкмөт уюмдар менен кызматташууга тийиш деген пикирин айтты.

"Сириядан кайтарылган аялдар менен балдарды реабилитациялоо жана реинтеграциялоо узак мөөнөттүү болушу керек. Буга адам ресурстары жана каражат талап кылынат. Ошондуктан эл аралык донорлордун жана башка мамлекеттердин жардамы керек. Мисалы, Өзбекстан менен Казакстан буга аябай чоң сумма сарптады. Бул жерде бейөкмөт уюмдардын ролу өтө чоң. Кыргыз бийлиги алар менен кызматташуусу керек. Анткени алар аркылуу каражат келет, адистерди аялдар жана балдар менен иштешүү үчүн окутуп, даярдоо да зарыл".

Ошол эле учурда Сириядан кайтып келгендердин дүйнө таанымын изилдеп, алардын көз караштарын коомчулукка аралашып кете тургандай кылып реабилитациялоо зарылдыгын айтып, кабатырлыгын билдиргендер да бар.

Терроризм жана экстремизм темасы боюнча эксперт, милициянын ардагери Жеңиш Аширбаевдин пикиринде, Сириядан кайтарылып келгендерге карата коомчулукта кооптонуу бар.

Жеңишбек Аширбаев
Жеңишбек Аширбаев

"Өзүңүздөр деле көрдүңүздөр, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети салттуу исламды, анын ичинде намаз окуунун эрежелерин да кармануу боюнча маалымат таратты. Анткени мечиттерде жөнөкөй эле намаз окуунун эрежелеринен улам пикир келишпестиктер чыгып жатат. Булар болсо өтө радикалдашкан коомдон келишти. Аларды биздин коомго аралаштыруу үчүн өтө кылдаттык менен реабилитация кылып, психологдор менен иштеп, ар тараптан комплекстүү иш-чараларды өткөрүү зарыл. Сирияда булардын алды 15, арты 10 жылдан ашык жашап калды. Бул аралыкта алардын ичинен көз караштары өзгөрүп калган жарандарды да кездештирдик".

Улуттук коопсуздук комитетинин 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон.

"Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG