Сириядагы кыргызстандык кыз-келиндердин туугандары бийликке кайрылып, аларды мекенге кайтарууга жардам сурашты.
Мурдагы президенттер Алмазбек Атамбаевге да, Сооронбай Жээнбековго да ушундай кайрылуу жолдонуп, майнап чыккан эмес. Кыргыз бийлиги 2020-жылдан бери Ирактагы лагерлерден мекендештерди алып келген, бирок Сириядагыларды артка кайтара элек.
Чүй облусунун тургуну Хамида Якубова Сириядагы 26 жаштагы кызын жана беш жашар небересин алып келүүгө жардам сурап үчүнчү президентке кат жазды.
Кайрылуу президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытовго, депутаттарга, тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге, мамлекет башчысынын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбековага 7-февралда жолдонгон.
“Кантип эле ал жактагы биздин жарандарды алып келүүнүн эч кандай айласы болбосун? Президенттен, парламенттен жана бардык тийиштүү органдардан балдарыбызды алып келүү жараянын тездетип берүүнү суранабыз. Урматтуу президент, бизди угуп коюңузчу!”, - дейт Хамида.
Анын кызы он сегизге жаңы эле толгондо, 2014-жылдын июлунда дайынсыз жоголгон. Кийинчерээк Сирияда экени аныкталган. Ошол жактан балалуу болгон. Согуш тутанган аймакка “алдамчылардын торуна түшүп барып калганын” айтып жүрөт. 2019-жылдын январынан бери Аль-Хасака аймагында жайгашкан Аль-Хол лагеринде жашап жатат.
“Аль-Хол лагериндеги чатырларда быйыл 7-февралда өрт чыгып, ал жерде жашаган келиндер тилсиз жоону өздөрү эптеп өчүргөнгө аргасыз болушту. Кичинекей бала күлдүн арасында жаткан “Куран” китебин алганга аракет кылганда аларды көзөмөлдөп турган орган кызматкери күлгө барбоону эскерткен. Бала укпай китепти алып жатканда аскерлер ок атып, жеткинчек каза болуптур. Ошентип аскерлердин огунан төрт бала, үч аял көз жумганын айтышты. Биз Бириккен Улуттар Уюмуна, Кызыл чырым уюмуна бул боюнча кайрылып, чара көрүүнү өтүндүк”, - деди Якубова.
"Азаттык" бул окуянын чын-төгүнүн азырынча расмий булактардан тактай алган жок. Интернеттеги айрым сайттарда Сириядагы лагерде 7-февралда өрт чыкканы, аскерлердин огунан балдар жана аялдар каза болгону тууралуу маалыматтарды таптык. Хамида окуяга болгонун ырастаган лагердеги кыргызстандык кыз-келиндердин "Вотсаптан" жөнөткөн үндөрүн угузду.
Алардын белгилешинче, лагерь жайгашкан аймакта суук болуп жаткандыктан, аялдар чатырды ысытуу үчун от жагат. Этиятсыздыктан өрт алоолонуп, чатырлар күйүп кеткен учурлар тез-тез болуп турат.
Якубованын кайрылуусу боюнча "Азаттык” Президенттик аппараттан комментарий ала алган жок. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалыматтар такталып жатканын билдирди. Жогорку Кеңештин Каттар бөлүмүнөн азырынча бул кайрылуу каттоодон өтө электигин кабарлашты.
Бийликке бир нече жылдан бери кайрылып жаткан кыргызстандыктар Сириядагы согуш талаасына кеткен эркектерди эмес, террордук топтун азгырыгына алданган аялдарды жана алардын балдарын алып келүүнү өтүнүп жүрөт.
"Азаттыктын" архиви: Экстремизмдин тору, энелердин шору
Ысык-Көлдүн тургуну Асылбек Ошурбаев да ал жактагы карындашын жана жээндерин алып келүүгө үмүт арткандардын бири. Асылбек жардам күткөндөн бери эки жолу президент, бир канча ирет өкмөт алмашты.
“Карындашым Махабат Ошурбаева 2014-жылы күзго жакын кеткен. Жолдошу жана бир баласы менен кеткен, боюнда бар эле. Ошол жактан төрөгөн. Кийин дагы эки балалуу болду. Аль-Хол деген лагерде отурушат. Азыркы бийликтен суранарыбыз, жарандарын таштабай, алып келип беришсе жакшы болор эле”.
Сириядагы калабадан качкандардын көпчүлүгү өлкөнүн түндүк-чыгышында демократиялык күчтөр көзөмөлдөгөн Аль-Хол лагерине жайгашкан.
Арасында бир канча мамлекеттин жарандары бар. Мындан сырткары Сирия менен Түркиянын чек арасында жайгашкан Рож лагеринде да кармалып жаткан кыргызстандыктар бар экени айтылат.
Ал жакта жашагандар бул жайларда 90% аялдар жана балдар экенин, темирдей тартип орногонун, эреже бузгандарга күч колдонуу дайым болуп турарын жакындарына билдиришкен. Айрым эксперттер лагерлерде азык-түлүк тартыштыгы күч экенин белгилешет.
"Азаттыктын" архиви: Экстремизмдин тору, энелердин шору
2021-жылы Кыргызстан Ирактагы качкындар лагеринен "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында 79 кыргызстандык баланы алып келген.
Бирок Сириядагыларды алып келүү иштери жүрө элек. Буга дипломатиялык жана башка байланыштардын татаалдыгы себеп экени айтылып келет. "Кылым шамы" адам укугун коргоо уюмунун эсебинде, Сирияда 65-70 кыз-келин жана алардын балдары бар. Бул уюм ал жактагылардын кыргызстандык туугандарынын айткандарынын негизинде болжолдуу эсеп чыгарган.
"Жалпы кызыкчылыктарды издөө" эл аралык уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Кенешбек Сайназаров Ирактан балдардын алып келинишин кыргыз өкмөтүнүн алгылыктуу иши деп баалады.
Бирок Сирияга байланыштуу азырынча чечкиндүү кадам болбой жатканына токтолду.
"Мамлекеттик дагы, мамлекеттик эмес уюмдар менен дагы дипломатиялык алакаларга барыш керек. Качан алып келүү бул - саясий чечим да болушу мүмкүн. Бирок техникалык даярдык деген түшүнүк да бар. Ал жактагы балдарды, аялдарды текшерүү, ар бири менен иштешүү чоң күч талап кылат. Көбүнүн документтери жок. Үчүнчүдөн Кыргызстанда аларды реаблитациядан өткөрүү маселеси. Бул жагынан алганда, Ирактан алып келинген балдар менен иштөө тажрыйбасы бар. Кыргыз мамлекети Сириядагы жарандарын алып келүүгө такыр аракет көргөн жок деп айтканга да болбойт. Бирок саясий эрк жок болуп турат".
2021-жылдын мартында Кыргызстан жарандарын алып келүү үчүн Сирияга учак жөнөтүү чечимин кабыл алганын Юстиция министринин орун басары Марат Канулькулов билдирген. Бирок бул маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы жана Тышкы иштер министрлиги тактаган эмес.
"Азаттыктын" архиви: Сирияга кеткен үй-бүлөсүн күтүп жүрүп үзүлдү
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына 2013-2015-жылдары Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. Өзү каалап же азгырык жолу менен "Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулган кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар.