Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:37

"Шайлоочулардан компроматты жашырган". Трампка айыбы угузулду


Доналд Трамп.
Доналд Трамп.

АКШнын экс-президенти Дональд Трамп Нью-Йорктогу сотто 34 пункттан турган айыптардын баарын четке кагып, ишти “саясий куугунтук” деп атады. Трамп 2016-жылы президенттик шайлоонун алдында порнографиялык актрисага маалыматты ачыкка чыгарбоо үчүн акча төлөгөн деп айыпталууда.

АШКнын тарыхында алгачкы жолу экс-президентке кылмыш жасаганы үчүн расмий айып тагылып, 4-мартта 76 жаштагы Дональд Трамп Манхэттендеги сотко келди. Эрежеге ылайык, Трамптын манжа тактары алынып, сүрөткө тартылышы керек эле. Соттогу мындай формалдуулук көпчүлүккө кызык болуп жаткан. Бирок айыпталуучунун адвокаттары бул суроого жооп берген жок.

Доналд Трамп Манхэттен сотунда.
Доналд Трамп Манхэттен сотунда.

АКШнын 45-президенти Трамп порнографиялык актриса Сторми Дэниелс менен жыныстык катнашта болгонун ачыкка чыгарбаштын айласын издеп, ага 130 миң доллар төлөгөн деп айыпталууда.

Элвин Брэгг.
Элвин Брэгг.

“Президенттик шайлоого эки жумага жетпеген убакыт калганда Майкл Коэн Сторми Дэниэлстин адвокатына 130 миң доллар төлөп берген. Бул төлөм шайлоочулардан компроматты жашыруу максатында жасалган. Уурдоо схемасы ачыкталды”, - деди прокурор Элвин Брэгг журналисттердин суроолоруна жооп берип атып.

Негизи мындай төлөмдөр мыйзам бузуу болуп эсептелбейт. Маселе Трамптын адвокаттары 130 миң долларды юридикалык кызмат үчүн деп документтештирип койгонунда. Нью-Йорк штатында мындай көрүнүш отчетторду жасалмалоо деп эсептелип, ага кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Бул иштин алкагында 2018-жылы Трамптын юристи Майкл Коэн үч жылга соттолгон. Ал маалда президент болуп турган Дональд Трампка эч кандай айып тагылган эмес.

АКШнын 45-президенти сотто көрсөтмө берип атканда имараттын сыртында анын жүздөгөн тарапташтары жана каршылаштары чогулду. Алардын айрымдары экс-президентти колдоо үчүн келсе, кай бири Трамптын камалышын талап кылып турду.

Трамп Манхэттендеги сотко экс-президенттер үчүн берилген кортеж менен келди.
Трамп Манхэттендеги сотко экс-президенттер үчүн берилген кортеж менен келди.

Алардын бири Reuters агенттигине мындай деп сүйлөп берген:

"Мен бул жерде биздин президентти колдоо үчүн келдим. Ошондой эле Конституция бузулуп жатканын да белгилегим келет".

Ал эми Доналд Трампка каршы чыккандардын бири позициясын төмөндөгүдөй түшүндүргөн:

"Адатта, бай, күчтүү, саясий жактан байланышы бар эркектерте башкача мамиле болуп, карапайым адамдар көргөн нерселерди башынан өткөрүшпөйт".

Трамп өзү Дэниелс менен жыныстык катнашта болгонун танып, ишти “саясий куугунтук” деп атап келет.

Экс-президент 2024-жылкы шайлоодо ат салышуу ниетин билдирген. Айып тагуу анын шайлоо кампаниясына тоскоол боло албайт. Доналд Трамп соттон чыккандан, Флоридага учуп барып, тарапташтарына мындай деп кайрылды:

Доналд Трамп.
Доналд Трамп.

“Биз өлкөбүздү сактап калышыбыз керек. Баарыңарды кудайым колдосун. Мен Америкада мындай нерсе болушу мүмкүн деп эч ойлогон эмесмин. Мен жасаган бирден-бир "кылмыш" – элибизди жок кылууга умтулгандардан коркпостон коргоо”.

Трамп айыпталган иш боюнча кийинки отурум 4-декабрга дайындалды. Бул отурум АКШда, дүйнөдө негизги темалардын бирине айланары турган иш. Анткени Кошмо штаттардын тарыхында алгачкы жолу президентке кылмыш иштин алкагында айып тагылды.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG