10-апрелде Кыргызстанда таңкы саат 8ден баштап майыптыгы бар адамдар жана кары-картаңдар үйүнөн добуш беришти.
Ош шаарында 1519 адам добуш берди.
Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Муктар Пайзылдаев билдирди.
Мыйзам боюнча шайлоо өнөктүгүнө катыша албаган жарандар аймактык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылат.
Ош шаарында 151 960 жаран шайлоого катышууга укуктуу. Мыйзамга ылайык шаарда каттоосу жок жарандар референдумга гана добуш бере алат.
Ош шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн 9 партиядан 707 талапкер катталган. Партиялар үчүн 7% босого чек белгиленген.
Бишкек шаарында жергиликтүү кеңештерге жана референдумга көчмө добуш берүүдөгү мыйзам бузуулар тууралуу арыздар түшүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов "Азаттык" радиосуна билдирди.
“Мыйзам бузуулар тууралуу даттануулар кагаз түрүндө келип жатат, ошондой эле фото-видеолорду жиберишүүдө. Аны учурда комиссия териштирип жатат. Үй башчы жана квартал жетекчилеринин шайлоо комиссиясынын ишине кийлигишкени тууралуу фактылар бар. Эки-үч шайлоо тилкесинде көчмө урнага мөөр басылбай калган экен. Эрте добуш берүү үчүн шайлоочунун атынан башка адам арыз берип койгон учурлар чыгып жатат”, - деди Маматов.
Бишкек шаардык кеңешине 25 партиядан 1820 талапкер ат салышууда. Шаардык кеңешке 45 депутат төрт жылга шайланат.
Эрте добуш берүү шайлоого бир күн калганда, саат 8:00ден 20:00гө чейин жүргүзүлдү. Өлкөдө 19 298 жаран эрте добуш берүү үчүн арыз жазган.
Боршайкомдун маалыматына караганда, добушканадан тышкары жерде шайлоочулардын тизмесинде катталган, бирок саламаттыгына же майыптыгына байланыштуу тилкеге келе албаган жарандар, шайлоо күнү ооруканада, убактылуу камоочу жайларда, тергөө абагында отурган жарандар, алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарда жашагандар, нөөмөтчү аскер, милиция кызматкерлери, үй камагындагы жарандар добуш бере алат.
9-апрелде ИИМдин тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы Султан Макилов жергиликтүү кеңештерге шайлоого үгүт учурунда мыйзам бузуу жөнүндө 188 кайрылуу түшкөнүн кабарлаган. Анын ичинен 31и - добуштарды сатып алуу аракети, калгандары административдик басымга байланыштуу дооматтар. "Таза шайлоо үчүн" деп аталган конференцияда Султан Макилов төрт арыз сотко өткөнүн кабарлаган.
Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун үгүт өнөктүгүндө үч талапкерди жарыштан четтеткен, андан сырткары 18 партияга эскертүү берген.
10-апрелде Аксы районунун Кызыл-Бейит айылындагы шайлоочулар көчмө үкөк менен добуш беришти. Нарын дарыясынан кайык менен өтүп каттаган, электр энергиясы жок айылда үйүнөн шайлоого 62 адам арыз берген.
Кызыл-Бейит айылы Ак-Жол айыл аймагына кирет. 1980-жылдарга чейин айыл Бишкек-Ош жолунун боюнда турган. Кийин Күрпсай ГЭСи курулганда Нарын дарыясы бөгөлүп, жол суу астында калган.
Учурда бул айылда 70тен ашуун түтүн бар, анда болжол менен 400гө жакын адам жашайт. ГЭСтин жанында жайгашканы менен айылда электр энергиясы, медпункт, мектеп жок. Уюлдук байланыш да жакшы тартпайт.