Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:37

Бир нече партия кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылууда

11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болду.

Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча жалпы элдик референдумда 3 606 201 жаран добуш берүүгө укуктуу.

Жалпы шайлоочулардын 30% катышса, референдум өттү деп эсептелет.

Референдумду өткөрүү үчүн 2483 шайлоо тилкеси ачылды. Анын 48и чет мамлекеттерде.

23:53 10.4.2021

Борбордук шайлоо комиссиясы референдум жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого көз салуу үчүн 31 мамлекеттен 183 байкоочуну каттады.

Мындан тышкары Өзбекстан, Британия, Казакстан, Беларус, Германия, Түркмөнстан жана башка мамлекеттердин Кыргызстандагы элчиликтеринин, «32 тобу», Европа, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши баштаган уюмдардын өкүлдөрү аккредитация алышкан.

23:54 10.4.2021

Референдум: Конституциянын жаңы долбоору

98 адамдан турган Конституциялык кеңешме иштеп чыккан долбоордо президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилген. Эгер референдумда жаңы долбоор кабыл алынса, 2010-жылы апрель революциясынан кийин парламенттик-президенттик башкаруу формасын тандаган Кыргызстанда президенттик башкаруу формасы кирет.

Жаңы долбоор боюнча, президент беш жылдан эки жолу шайланууга мүмкүнчүлүк алат. 2021-жылы шайланган президент иштеп жаткан Конституцияга ылайык ыйгарым укуктарын алты жылга жүргүзөт жана бул анын биринчи президенттик мөөнөтү болуп эсептелет.

Мамлекет башчы аткаруу бийлигин толук көзөмөлдөйт. Азыркы өкмөттүн ордуна Министрлер кабинети түзүлөт. Министрлер кабинетин жетектеген адам президенттик администрацияны да башкарып калат.

Кыргызстандыктар Конституциянын жаңы долбоору менен канчалык тааныш?

Конституциянын жаңы долбоорун окудуңузбу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:13 0:00

23:59 10.4.2021

Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 мандатка 25 партиядан 1 820 талапкер ат салышып жатат.

00:01 11.4.2021

Буга чейин «Жалпы иш» коомдук фонду жүргүзгөн сурамжылоого катышкан жашы 18ден жогору 1200 адамдын 73% жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жөнүндө маалыматы бар экенин айткан.

Респонденттердин 61% шайлоо учурунда административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдаланууну кадимки тажрыйба экенин айтышкан. Ал эми 20% буга макул эмес. 22% айрым партиялар административдик ресурсту колдонбосо жеңишке жетпейт деп эсептешет.

Сурамжылоого катышкандардын 27% «шайлоодо добуш сатып алууга болбойт» деп жооп берсе, 20% тескерисинче добуштарды сатып алуу мүмкүнчүлүгү жогору деп ойлошот. Ошондой эле респонденттердин 40% партиялардын программасына карап добуш берерин билдирсе, 13% талапкердин тизмесине, 11% саясий партиянын аброюна карап добуш берерин айткан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG