Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Бир нече партия кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылууда

11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болду.

Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча жалпы элдик референдумда 3 606 201 жаран добуш берүүгө укуктуу.

Жалпы шайлоочулардын 30% катышса, референдум өттү деп эсептелет.

Референдумду өткөрүү үчүн 2483 шайлоо тилкеси ачылды. Анын 48и чет мамлекеттерде.

10:23 11.4.2021

Нарындагы добушканадан репортаж.

Нарындагы добушканадан репортаж
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:58 0:00

10:21 11.4.2021

Кыргызстанда добушканалар таңкы саат 8ден баштап иштей баштады.

Бишкектеги добушкананын ачылышы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:23 0:00

10:04 11.4.2021

Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) мыйзам бузууга байланыштуу 106 арыз каралып жатат. Анын ичинен добуш сатып алуу боюнча 36, административдик ресурс боюнча 23 кайрылуу келип түшкөн. Калгандары ар кандай мыйзам бузуулар. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров кабарлады.

Ал эми өлкөнүнү Ички иштер министрлигине (ИИМ) мыйзам бузуу жөнүндө 255 маалымат түшкөн.

Буга чейин НДПК, "Реформа", "Республика", "Реформа", "Республика", "Кыргызстан социал демократтары", "Улуу Журт", "Ак Бата" партиялары шайлоодо добуш сатып алуу жана административдик ресурс болуп жатканын айтып чыгышкан.

Кыргызстанда бүгүн 11-апрелде жаңы Конституциянын долбоору референдумга коюлат жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт.

Бул күнү өлкөдөгү 448 аймакта, же болбосо 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Шаардык кеңештерге шайлоо пропорционалдык система менен өтөт, анда талапкерлер партиялык тизме аркылуу гана ат салыша алышат. (

10:03 11.4.2021

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG