Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Бир нече партия кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылууда

11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болду.

Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча жалпы элдик референдумда 3 606 201 жаран добуш берүүгө укуктуу.

Жалпы шайлоочулардын 30% катышса, референдум өттү деп эсептелет.

Референдумду өткөрүү үчүн 2483 шайлоо тилкеси ачылды. Анын 48и чет мамлекеттерде.

09:38 11.4.2021

09:36 11.4.2021

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Бахтияр Кадыров Кыргызстандагы добушканалардын 85 пайызында майыптыгы бар адамдар үчүн пандустар бар экенин кабарлады. Пандустардан тышкары азистер үчүн коштоп жүрүүгө ыктыярчылар да тартылган.

"БШК мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын муктаждыктарына байланыштуу туруктуу картаны иштеп чыккан. Майыптыгы бар адамдарды каттоого алып жатабыз. Бүгүнкү референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого добуш берүү үчүн 20 187 майыптыгы бар адам каттоодон өткөн".

Кыргызстанда бүгүн 11-апрелде жаңы Конституциянын долбоору референдумга коюлат жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт.

Бул күнү өлкөдөгү 448 аймакта, же болбосо 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

Шаардык кеңештерге шайлоо пропорционалдык система менен өтөт, анда талапкерлер партиялык тизме аркылуу гана ат салыша алышат.

09:17 11.4.2021

Бүгүн, 11-апрелде өтүп жаткан жергиликтүү кеңештерге шайлоодо жана Конституциянын жаңы редакциясына байланыштуу референдумда өлкөдөгү добушканалардын, шайлоочулардын коопсуздугун 11 миң милиция кызматкери көзөмөлдөп жатат.

Тартип сакчылары добуш берүүнүн жүрүшүн, шайлоо тилкелериндеги кырдаалды карап, коомдук тартипти жөнгө салып турушат.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы коронавирус шартына байланыштуу добуш берүүдө санитардык эпидемиологиялык коопсуздукка да көңүл бурулганын билдирди. Мекеме добушканалар маал-маалы менен тазаланып, шайлоочулар бир эшиктен кирип, башка эшиктен чыгып жатканын маалымдады.

Мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоочулар үчүн 1255 кыска номери иштеп жатат. Кыргызстандын бардык аймагында жергиликтүү шайлоо жана референдумда добуш берүү үчүн шайлоо тилкелери саат 08:00дө ачылды.

11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлат.

09:17 11.4.2021

Бишкек шаарындагы алты добушканада 10-апрелде көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди.

"Республика" партиясынын арызы менен кечээ беш добушканадагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Андан кийин социалдык медиада дагы башка партиялардын арыздары да жарыяланып, дагы бир тилкедеги добуштарды жокко чыгардык", - деди Маматов.

10-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо менен катар Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алууга байланыштуу референдумга көчмө добуш берүү жүрдү. Ага 17 099 адам добуш берүүчү катышты.

Добуш берүүдөн соң НДПК, "Реформа" жана "Республика" партиялары Бишкек шаарындагы көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып, аймактык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылышты. Кыргызстандын элдик демократиялык партиясы (НДПК) өз арызында добуш берүү Бишкектеги добушканаларда бирдей уюштурулбай, ага майыптыгы бар адамдар же жашы улгайгандар эмес, башка эле адамдар катышканын, добуш бергендерди ким экени белгисиз бирөөлөр коштоп жүргөнүн жазып, 10-апрелдеги добуш берүүнү тыкыр иликтөөнү талап кылган билдирүүсүн социалдык тармактагы баракчаларында таркатты.

"Реформа" партиясы мыйзам бузуулардын баарын байкоочулар каттап алганын белгилеп, аймактык шайлоо комиссиясынан добуш сатып алууга жана шайлоочуга басым жасоого тиешеси бар партияларды шайлоодон четтетүүнү талап кылган билдирүү жарыялады.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына "Республика", "Кыргызстан социал демократтары", "Улуу Журт", "Ак Бата" партиялары да жеринен добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу арыз менен кайрылышты.

Кыргызстанда бүгүн, 11-апрелде жаңы Конституциянын долбоору референдумга коюлат жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG