Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:46

Бир нече партия кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылууда

11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болду.

Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча жалпы элдик референдумда 3 606 201 жаран добуш берүүгө укуктуу.

Жалпы шайлоочулардын 30% катышса, референдум өттү деп эсептелет.

Референдумду өткөрүү үчүн 2483 шайлоо тилкеси ачылды. Анын 48и чет мамлекеттерде.

00:07 11.4.2021

00:05 11.4.2021

Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Сузак айыл аймагында 47 миңге чукул калк жашаса, алардын 81% өзбек тектүүлөр түзөт. Буга чейин айылдык кеңеште бир гана аял депутат болгон. Быйыл айылдык кеңештеги 31 депутаттын 12 мандаты аялдарга берилген. Учурда 30дан ашуун аял талапкер ат салышууда.

Депутаттыкка аттанган өзбек аялдары
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:01 0:00

00:01 11.4.2021

Буга чейин «Жалпы иш» коомдук фонду жүргүзгөн сурамжылоого катышкан жашы 18ден жогору 1200 адамдын 73% жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жөнүндө маалыматы бар экенин айткан.

Респонденттердин 61% шайлоо учурунда административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдаланууну кадимки тажрыйба экенин айтышкан. Ал эми 20% буга макул эмес. 22% айрым партиялар административдик ресурсту колдонбосо жеңишке жетпейт деп эсептешет.

Сурамжылоого катышкандардын 27% «шайлоодо добуш сатып алууга болбойт» деп жооп берсе, 20% тескерисинче добуштарды сатып алуу мүмкүнчүлүгү жогору деп ойлошот. Ошондой эле респонденттердин 40% партиялардын программасына карап добуш берерин билдирсе, 13% талапкердин тизмесине, 11% саясий партиянын аброюна карап добуш берерин айткан.

23:59 10.4.2021

Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 мандатка 25 партиядан 1 820 талапкер ат салышып жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG