Референдум: Конституциянын жаңы долбоору
98 адамдан турган Конституциялык кеңешме иштеп чыккан долбоордо президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилген. Эгер референдумда жаңы долбоор кабыл алынса, 2010-жылы апрель революциясынан кийин парламенттик-президенттик башкаруу формасын тандаган Кыргызстанда президенттик башкаруу формасы кирет.
Жаңы долбоор боюнча, президент беш жылдан эки жолу шайланууга мүмкүнчүлүк алат. 2021-жылы шайланган президент иштеп жаткан Конституцияга ылайык ыйгарым укуктарын алты жылга жүргүзөт жана бул анын биринчи президенттик мөөнөтү болуп эсептелет.
Мамлекет башчы аткаруу бийлигин толук көзөмөлдөйт. Азыркы өкмөттүн ордуна Министрлер кабинети түзүлөт. Министрлер кабинетин жетектеген адам президенттик администрацияны да башкарып калат.
Кыргызстандыктар Конституциянын жаңы долбоору менен канчалык тааныш?
Борбордук шайлоо комиссиясы референдум жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого көз салуу үчүн 31 мамлекеттен 183 байкоочуну каттады.
Мындан тышкары Өзбекстан, Британия, Казакстан, Беларус, Германия, Түркмөнстан жана башка мамлекеттердин Кыргызстандагы элчиликтеринин, «32 тобу», Европа, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши баштаган уюмдардын өкүлдөрү аккредитация алышкан.
10-апрелде Аксы районунун Кызыл-Бейит айылындагы шайлоочулар көчмө үкөк менен добуш беришти. Нарын дарыясынан кайык менен өтүп каттаган, электр энергиясы жок айылда үйүнөн шайлоого 62 адам арыз берген.
Кызыл-Бейит айылы Ак-Жол айыл аймагына кирет. 1980-жылдарга чейин айыл Бишкек-Ош жолунун боюнда турган. Кийин Күрпсай ГЭСи курулганда Нарын дарыясы бөгөлүп, жол суу астында калган.
Учурда бул айылда 70тен ашуун түтүн бар, анда болжол менен 400гө жакын адам жашайт. ГЭСтин жанында жайгашканы менен айылда электр энергиясы, медпункт, мектеп жок. Уюлдук байланыш да жакшы тартпайт.