Украина: От күйгөн согуштун үч жылын көрсөткөн сүрөттөр
"Азаттык" радиосунун украин кызматынын фотожурналисти Сергей Нужненко 3 жыл бою согушту талбай чагылдырып турду. Ал тарткан сүрөттөрдүн ичинен таасирдүү 36 көз ирмемди сунуш кылабыз.

1
Орусия Украинага басып кирген биринчи күнү Киевдин метросунда баш калкалап отурган эне-бала, 24-февраль, 2022-жыл.

2
Киевге чукул жерде жайгашкан Буча шаарынын тургундары таш-талканы чыккан орус армиясынын танктарынын жанында жүрүшөт, 1-март, 2022-жыл. Шаарды орус күчтөрү басып алгандан бир айдан кийин украин аскерлери бошоткон.

3
Буча жана Ирпин шаарларынын тургундары үй-жайын таштап кетип жатат, 11-март. 2022-жыл.

4
Украин жоокерлерине кол булгалап турган аял Чернигов облусунун тургуну, 2-апрель, 2022-жыл.

5
Украин армиясындагы капеллан Александр катардагы жоокер менен чогуу кудайга жалынууда, 24-апрель, 2022-жыл.

6
Юрий - Донецк аймагындагы украин армиясынын танк механиги, 11-июнь, 2022-жыл.

7
Харьковдун сыртындагы Салтовка шаарындагы кыйраган көп кабаттуу үйлөр, 13-сентябрь, 2022-жыл.

8
Колу артына байланган украин жоокеринин сөөгү Харьков облусунун Изюм шаарына жакын жерде маркумдар жапырт көмүлгөн жерден чыккан. 16-сентябрь, 2022-жыл.

9
Өрт өчүрүүчү "Шахед" дрону тийгенде жерде кара түтүндүн ичинде жалын менен кармашууда, 17-октябрь, 2022-жыл.

10
Макеевка шаарынын 9 жаштагы тургуну София эвакуациянын алдында кичинекей сүйүктүү жаныбарын бооруна кысып турат, 19-ноябрь, 2022-жыл.

11
Донецк аймагындагы украин аскерлери Киевдин Батыштагы өнөктөштөрү берген куралдан сокку уруп жатат, 23-ноябрь, 2022-жыл.

12
Соледар шаарын коргогон украин жоокеринин канга боёлгон чопкутталган күрмөсү, 23-январь, 2023-жыл.

13
Донецк аймагындагы Бахмут шаарынын борбору, 25-февраль, 2023-жыл.

14
Бахмуттагы украин аскери, 25-февраль, 2023-жыл.

15
Бутага илинип, сокку тийип жаткан жердеги украин жоокери, 2023-жылдын май айы.

16
Бахмуттун айланасында орус күчтөрүн курчоого алган украин жоокери, 2023-жылдын май айы.

17
Бахмуттун жанында колго түшкөн орус аскерине украиндер суу жуткуруп жатат, 2023-жылдын май айы.

18
Украин жоокери Донецк облусунун Благодатное айылындагы талкаланган имаратта, 17-июнь, 2023-жыл.

19
Киевдеги "Мекен-эне" эстелигине советтик эски гербдин ордуна украин элинин улуттук эн белгисинин орнотулганын майрамдап жатышат. 6-август, 2023-жыл.

20
Черниговдун борборуна тийген соккудан кийинки кыйроо, 19-авугст, 2023-жыл.