Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:25

Косово менен Сербия дагы тирешти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европалык дипломаттар Сербия менен Косовонун ортосундагы чыр Балкандагы ансыз да оңой эмес кырдаалдын курчушуна алып келерин эскертишүүдө.

Бир нече күн мурда Косовонун бийлиги «кылмыштуу иш-аракеттерге аралашкан» деген шек менен серб улутундагылар үстөмдүк кылган райондо 20дан көп киши кармалганын кабарлаган.

Полициянын операциясы жөнүндө алдын-ала кабардар болбогонун билдирген Сербия чек арага аскер жөнөткөн. Белград 2008-жылы бөлүнүп кеткен мурдагы провинциясынын эгемендигин тааныбайт.

Шаршембиде Сербиянын өнөктөшү Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ал рейдди Косовону жана Балкандагы башка өлкөлөрдү НАТОго «сүйрөп кириш» үчүн Приштина тараптан уюштурулган чагым катары баалады:

Сергей Лавров.
Сергей Лавров.

«Мындай чагымдан ким пайда табат? Ошол адамдар Балканды Орусияга каршы буфердик зона катары колдонууну көздөйт. Максатына жетиш үчүн аймактагы бардык өлкөлөрдү НАТОго тарткысы келишет. Буга чейин Македониянын аталышын өзгөрткөн шылтоого күбө болдук. Эми Сербияны Косовонун эгемендигин таанысын деп моюн сундургусу келишет».

28-майда Косовонун полициясы негизинен сербдер отурукташкан түндүк облустарда операция маалында аткезчилик боюнча шектүү 19 полиция кызматкери кармалганын билдирген.

Белград ал рейдди Приштинанын Сербия менен чектеш аймактарды өз көзөмөлүнө алуу аракети катары баалады. Ал аскерлерин күжүрмөн даярдыкка келтирип, Косово менен чектеш жерге оор техникасын жөнөткөн.

Бирок 29-майда НАТО баштаган Косово күчтөрүнүн (KFOR) басма сөз катчысы Винченцо Грассонун «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кабарчысына билдиргендей, алдыңкы күнү жүргүзүлгөн рейд учурунда Приштинанын бийлигинин, бейпилдик күчтөрүнүн, эл аралык коомчулук өкүлдөрүнүн жана серб аскерлеринин ортосунда такай байланыш болуп турган.

Грассо сербдер рейд тууралуу бир күн мурда билишкенин айтты. «Бардыгыбыз таң калдык. Рейд жүргөндө маалымат алмашып турганбыз, бардык тараптар кабардар болгон. Бизге бир күн мурун айтышкан», - деди KFORдун басма сөз катчысы.

Сербиянын президенти Александр Вучич «Белград операциянын алдында конкреттүү бир нерсе билген» деген маалыматты жана «ал таза полициялык иш-чара болгон» деген Косовонун билдирүүсүн четке какты.

Операциянын жүрүшүндө БУУ миссиясынын эки мүчөсү, анын ичинде Орусия жараны кармалып, кийин коё берилген.

​Митровица районунун прокурору Косовонун Тышкы иштер министрлиги аркылуу орусиялык Александр Краснощековдун дипломатиялык кол тийбестигин алууну талап кылды. Прокурордун айтымында, ал полициянын жолун тороо аракеттерине катышкан. Косовонун полиция башчысы Рашит Калай анын кармалышын мындай түшүндүргөн:

«Серб тараптан тургузулган тосмодо БУУнун машинеси бар болчу. Анда БУУнун миссиясынын орусиялык мүчөсү жана жергиликтүү кызматкери бар экен. Жолду торошкону үчүн биз аларды полиция бөлүмүнө жеткирип бардык».

Орусиянын Сербиядагы элчиси Александр Чепурин «БУУнун Косоводогу миссия мүчөсүнө ачыктан ачык чабуул болгон» деп Краснощековду иммунитеттен ажыратуу жөнүндө талапты сындады.

Европа Биримдиги, БУУнун Косоводогу миссиясы жана KFOR тараптарды сабырдуулукка чакырышты.

Сербия 2008-жылы бөлүнүп кеткен мурдагы провинциясынын эгемендигин тааныбай, Косовону Конституцияга ылайык өлкөнүн бир бөлүгү деп эсептейт.

Белград калкынын басымдуу бөлүгүн албандар түзгөн Косовонун Интерпол, ЮНЕСКО өңдүү эл аралык уюмдарга мүчө болуп киришине тоскоол болуп келет.

Косовону эгемен мамлекет катары дүйнөдө 110 өлкө тааныган. Орусия алардын арасында жок.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG