Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:06

Садыр Жапаров: Саясий оюндар бүттү, "крыша" болгонду токтоткула

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Министрлер кабинетинин жыйыны өттү. 

Жыйында 2022-жылдын алты айындагы Кыргызстандын экономикалык-социалдык абалы талкууланды.

10:35 14.7.2022

Акылбек Жапаров: Бир катар ишканаларды мамлекетке кайтарып алдык. Майлуу-Суудагы электр лампа заводу толугу менен мамлекетке өттү. Кара-Балтадагы килем, дан комбинаттарын дагы кайра кайтарып алдык.

Орус-Кыргыз фонду ыкчам иштей баштады. 20 долбоор ишке кирди. Кыргыз-Өзбек, Кыргыз-Венгер фонддору ишке кирип жатат.

10:38 14.7.2022

Акылбек Жапаров: Бюджет системасында өзгөрүүлөр болуп жатат. Бүгүнкү күндө мугалим өз айлыгын өзү эсептей ала турганга жеткиздик.

10:41 14.7.2022

Акылбек Жапаров: Кумтөр боюнча иштер биздин саясатыбыздын тууралыгын тастыктайт. Тышкы карызды төлөп келгенбиз, дагы төлөй беребиз. Мурда карызды энергетикага жана жол үчүн алып келсек, мындан ары андай болбойт. Тышкы карызды билим берүүгө, саламаттык сактоого жана жаңы технологияларга гана алабыз.

Учурда Балыкчыдагы темир жолдун 4 чакырымы бүтүп калды. Мурда коркуп жаткан саздан да өтүп кеттик.

10:44 14.7.2022

Акылбек Жапаров: 2021-жылы 59, 2022-жылы 66 мектеп курулду. 120 мектеп жаңыланды, анын ичинен 104ү жаңы мектеп. Бишкекте ушу тапта 15 мектептин, бир бала бакчанын курулушу жүрүп жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG