Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:03

Садыр Жапаров: Саясий оюндар бүттү, "крыша" болгонду токтоткула

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Министрлер кабинетинин жыйыны өттү. 

Жыйында 2022-жылдын алты айындагы Кыргызстандын экономикалык-социалдык абалы талкууланды.

10:47 14.7.2022


Акылбек Жапаров: Тоо-кен тармагындагы салыктык кирешелер 25,8 миллиард сомду түздү. Ал эми 2021-жылы 22,9 миллиард гана сом киреше алганбыз. Биз бир жылда чогулткан салыкты жарым жылда эле алдык. Мунун 75% ашыгын Кумтөр берди. Бул Кумтөрдү алганыбыздын биринчи жыйынтыктары. Бул биздин кирешебиз үчүн эң чоң булак болду. Калганын башка кендер берди. Мындан башка кендер дагы салмактуу киреше бере баштаганын көрүүгө болот. Мындан сырткары лицензияларды тартипке келтире баштадык. Лицензияларды бекер кармап отургандар лицензияларды кайра тапшыра башташты. Бүгүнкү күнгө карата 100дөн ашык лицензия мамлекетке тапшырылды. Лицензияны кармап туруу боюнча төлөмдүн суммасын көбөйттүк. Жарым жылдын жыйынтыгы боюнча 87% төлөндү, 213 миллион сомдон ашык каражат түштү. Суу ресурстарын кен иштетүүгө пайдалангандыгы үчүн бул жылы биринчи жолу акча төлөмдөрүн ала баштадык. 13-июлга карата 216 миллион сом түштү. Таза суулардын баасы мындан ары дагы өсөрүн белгилеп кетем.

10:51 14.7.2022

Акылбек Жапаров: Баткен облусун өнүктүрүү программасына 500 млн. сом бөлүндү. Кыргызстанда өнүгүүнүн экинчи борбору пайда болгону турат. Ал борбор Жалал-Абад болот деп турабыз. Бул шаардын Бишкекке атаандаш боло турган дараметин ачканга даярданып жатабыз.

Жыл сайын улам бир шаарды өнүктүргөнү жатабыз.

10:56 14.7.2022

Акылбек Жапаров: Кумшекер, ун, ж.б жашоого керектүү азык-түлүктү КНСтен бошоттук, бюджетке 580 млн. сом каражат түшпөй калды. Зарыл дары-дармекти алып келүүгө да КНС албай калдык. Андан 870 млн. сом бюджетке түшпөй калды. Ушунча каражаттан элибиз үчүн баш тарттык. Быйыл инфляция 9, 1 пайызды түздү. Эгер жогорудагы зарыл чараларды кабыл албасак, инфляция андан жогору болмок.

10:57 14.7.2022

Акылбек Жапаров: Мамлекет төрт тилди билген, компьютерде иштей алган сабаттуу кадрларга муктаж.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG