Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:51

Садыр Жапаров: Саясий оюндар бүттү, "крыша" болгонду токтоткула

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Министрлер кабинетинин жыйыны өттү. 

Жыйында 2022-жылдын алты айындагы Кыргызстандын экономикалык-социалдык абалы талкууланды.

10:12 14.7.2022

Жыйынды түз эфирден көрүңүз

10:20 14.7.2022

Президент Садыр Жапаров 14-июлда аткаруу бийлигинин башчысы катары экинчи ирээт өкмөттүн жыйынына төрагалык кылып жатат. Ал өз сөзүндө бийликтеги ишинде жыйынтык көрсөтө албаган кадрлардан арылуу маалы келгенин айтты.

"Өткөн жылдын декабрь айында 2021-жылдагы иштерди расмий жарыялаганбыз. Бүгүн алты айдын жыйынтыгын чыгарыбыз. Иштин жыйынтыгын чыгарып, ирээттеп туруу бул - дагы бир жолу белди бекем бууп, арабызда жүргөн айрым жалкоо адамдардан арылууга негиз болуп саналат. Мурдагыдай "эптеп убакытты өткөрүп жүрө берсек" деген кадрлар арабызда болбоого тийиш. Азыр уктап жатчу мезгил эмес. Мен ар дайым ачыкмын, кайсы жерге барбайын элдин суроолорунун баарын түз, ачык жооп берип келем. Өкмөт өкүлдөрү аймактарды кыдырып жүрөт. Алар элдин көйгөйүн маал-маалы менен жеринен чечип турушат", - деди президент.

Садыр Жапаров мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди аткарган иши тууралуу маал-маалы менен отчет берип турууга милдеттендирди. Мамлекеттик башкаруунун жаңы системасын өтүп, шайлоолор болгонун, "саясий оюндар" бүткөнүн, алдыда экономика менен алектенген жылдар келе жатканын айтты.

10:28 14.7.2022

Президент Садыр Жапаров 14-июлда өкмөттүн жыйынында сүйлөп жатып бирөөгө "крыша" болуу деген түшүнүктү жокко чыгаруу керектигин айтты.

"Урматтуу министрлер, мамлекеттик органдын, аймактын жетекчилери! Баарыңыздарга эскертем, кимде ким кимдир бирөөлөрдү калкалап, мамлекетке каршы иштей турган болсоңор ушу кезге чейин кылган эмгегиңерге карабайбыз. Өтө катуу чараларды колдонобуз. Биздин коом ачык, эч нерсени жашыра албайсыңар. Текшерүүчүлөрдүн оозун жапсаңар деле эл ачыктап алаканыбызга салып берип коет. Мамлекет үчүн жарык жүзүңөр менен иштөөнү талап", -кылам деди Садыр Жапаров.

Садыр Жапаров мындан тышкары саясий оюндардын убактысы бүткөнүн, бийлик эми экономиканы өнүктүрүү иштей турганын да белгиледи.

10:31 14.7.2022

Акылбек Жапаров: Элдин жашоо турмушун жакшыртуу үчүн фискалдык салык саясатын киргизе беребиз. ККМди койдурбай жаткандардын артында жеке кызыкчылыгын көздөгөндөр турат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG