Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:53

Садыр Жапаров: Саясий оюндар бүттү, "крыша" болгонду токтоткула

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Министрлер кабинетинин жыйыны өттү. 

Жыйында 2022-жылдын алты айындагы Кыргызстандын экономикалык-социалдык абалы талкууланды.

12:54 14.7.2022

Абдикарим Алимбаев: Биздин облуста кен байлыктарды иштетүүгө 300дөн ашуун лицензия берилиптир. Бул көп жылдан бери берилип келген лицензия. Бүгүнкү күндө кошумча маселелерди жаратып жатат. Ошондуктан урматтуу президент, сизден суранып кетет элем, тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырма берип, бардык лицензияларга инвентаризация жүргүзүп, ирээтке, тартипке келтирип койсок.

12:53 14.7.2022

Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев өкмөттүн жыйынында аталган аймактагы бир катар маселелерди көтөрдү. Анда негизинен кен тармагына берилген лицензияларды ирээтке келтирүү, чыйыр бизнесин көзөмөлдөө жана акимдер менен мэрлердин ыйгарым укуктарын тактоого токтолду.

"Азыр биздин облуста чайыр (ферула) жыйноого байланыштуу маселе чыкты. Бул өсүмдүк биздин облуста көп жылдан бери өсүп келген. Быйыл жергиликтүү эл эге баштады. Атайын адистер келип топтоп алып кетип жүргөн, быйыл эл буга каршы чыкты. Ошондуктан мамлекеттик деңгээлде мунун жол-жобосун иштеп чыгышыбыз керек. Же болбосо жапайы өсүмдүктөргө тийбей туруп, өзүбүз эгип аны жыйнап алсак болот. Ушул жапайы чайырга эле кээ бир мамлекеттик органдардан 19 уруксат кагазы берилип калыптыр. Бул биздин облуста маселе болуп турат", - деди Алимбаев.

12:52 14.7.2022

Садыр Жапаров: Планшетке өтөлү деп жатабыз. Алдыңарда тонналаган кагаздар жатат. Менин алдымды карагыла планшет эле турат. Биз аймактардагы кадрлар үчүн компьютерде иштөө талаптарын татаалдаштыралы деп жатабыз.

12:44 14.7.2022

Өкмөттүн жыйынын түз эфирден көрүңүз

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG