Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:10

Садыр Жапаров: Саясий оюндар бүттү, "крыша" болгонду токтоткула

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Министрлер кабинетинин жыйыны өттү. 

Жыйында 2022-жылдын алты айындагы Кыргызстандын экономикалык-социалдык абалы талкууланды.

12:20 14.7.2022

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев 14-июлда өкмөттүн жыйынында Талас облусунда жайгашкан Бала-Саруу ГЭСи эмдиги жылы жазында толук пайдаланууга берилерин айтты.

"22-декабрга энергетиктер күнүнө карата биринчи агрегатын ишке киргизебиз. Эмдиги жылы 1-апрелге чейин калган эки агрегатын бүтүрүп, Бала-Саруу ГЭСин толугу менен ишке киргизебиз", - деди министр.

Былтыр жыл аягында өкмөт "Чакан ГЭС" ачык акционердик коому Таластагы Киров суу сактагычына Бала-Саруу ГЭСин куруу үчүн Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан 22,9 миллион доллар аларын билдирген.

12:11 14.7.2022

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 14-июлда өкмөттүн жыйынында мындан ары тышкы карыздын көлөмүнө көзөмөл күчөтүлүп, бул жааттагы жалпы саясат өзгөрө турганын айтты.

"2020-жылы тышкы карыздын көлөмү 367 млн. долларга көбөйсө, 2021-жылы 75,6 млн. долларга гана көбөйгөн. 1992-жылдан бери Кыргызстанга 8,3 миллиард доллар насыя, 3,5 миллиард доллар грант алынган. Баары 11,9 млрд. долларды түзөт. Баарын убагында төлөп келе жатабыз. Акчалай түрдө 2,5 млрд. долларды төлөдүк, калгандарын реструктуризация, кечүү жана башка түрлөрүндө кутулдук. Тагдырдын тамашасын караңыздар, 90-жылдардан бери Кумтөр да ушунча каражатты өлкөдөн чыгарып кеткен. Демек, Кумтөр боюнча биздин иштер – чечимибиздин тууралыгын дагы бир жолу тастыктайт. Тышкы карыз боюнча саясатты өзгөртүп жатабыз. Мурда биз бюджетти колдоого келген тышкы каражаттар күнүмдүк керектөөгө жумшалчу. Эми мындан ары мындай болбойт. Мурда энергетикага жана жолго алып келсек, мындан ары билим берүүгө, саламаттык сактоого, жаңы технологияларга салабыз", - деди өкмөт башчы.

12:01 14.7.2022

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев өкмөттүн жыйынында бул тармактагы жалпы каржылык тартыштык тууралуу маалымат берди.

"Биздин энергосистеманын ичиндеги финансылык тартыштык 15 миллиард 275 миллион сом. Жалпы чыгашабыз 40 миллиард сомдон ашып жатат. Быйыл биз 24 миллиард 993 миллион сомду азыркы тарифтик саясат менен чогултабыз деп пландап жатабыз. Ошонун айырмасы 15 миллиард сомдон ашып жатат. Өзүңөр билесиңер, мунун баары биздин тарифтик саясатыбыздан келип чыкты. Эң көп тартыштык "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна таандык. Бул Бишкек жылуулук электр борбору, Токтогул ГЭСиндеги каскаддар. Андан кийинки орунда "Кыргызстан улуттук электро тармактары", андан кийин бөлүштүрүүчү копаниялар, "Жылуулук тармагы", Чакан ГЭС" турат".

11:28 14.7.2022

Садыр Жапаров: Дүйнөдө таза суунун баркы өстү. Биз аны билбей кен иштетүүгө берип, агын сууга агызып келгенбиз. Мындан ары андай болбойт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG