Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:10

Садыр Жапаров: Саясий оюндар бүттү, "крыша" болгонду токтоткула

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Министрлер кабинетинин жыйыны өттү. 

Жыйында 2022-жылдын алты айындагы Кыргызстандын экономикалык-социалдык абалы талкууланды.

11:24 14.7.2022

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетине көзөмөл-кассалык аппараттарды (ККМ) колдонууга өткөрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Ал өкмөт башчы Акылбек Жапаровго кайрылып, эгер ишкерлерге оорчулук туудурган жагдайлар болсо аны жеңилдетүү жактарын караштырууну тапшырды. Садыр Жапаров жергиликтүү бийлик өкүлдөрү дагы ККМди киргизүүгө кол кабыш кылышы керектигин эскертти.

"Силер дагы баарын тактап, Салык кызматына кайрылып жагдайды түшүнүп алып аны элге жеткирип турушуңуздар керек. Дүйнө эбак өткөн электрондоштуруу системасына Кыргызстан дагы өтүшү зарыл. ККМ аппараттарын киргизүү бул бир гана салык үчүн керек эмес. Бул товарлардын сапатына карата элдик көзөмөл. Сертификат албай, салыктан качкан, өз пайдасы үчүн жанталашып жүргөн "караниет" ишкерлерди финансылык тартипке чакыруу. Ошондуктан бул аппараттарды бардык жерге киргизишибиз керек. Биз контрабанда, коррупция жана бюрократия менен дагы аёосуз күрөшөбүз", - деди президент.

11:03 14.7.2022

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл жалпысынан 400 чакырым жолго асфальт төшөлөрүн билдирди. Ал 14-июлда президент Садыр Жапаров төрагалык кылган өкмөттүн жыйынында жолдордогу жыртык-тешиктерди жамоо, шагыл төгүү иштери да уланарын айтты.

"Былтыр 178 чакырым жолго гана асфальт төшөлгөн. Быйыл дагы 150 миң чарчы метр жолдогу чуңкурлар оңдолот. Дагы 250 чакырым жолго шагыл төгүлөт. Баткен облусунда эле 43 объектте жолдор салынып жатат. Жол фонду түзүлдү. "Кыргыз жол куруу" компаниясы да түзүлдү. Кыргызстандын жолдорунун тышкы карызынан кутулуу боюнча дагы жакшы ойлорубуз бар", - деди Акылбек Жапаров.

11:01 14.7.2022

Садыр Жапаров: 30 жылдык тарыхыбызда биринчи жолу 20 миң тонна битум алып келдик. Азыр жолдорубуз оңолуп жатат. Коррупцияны жоюу бул бардык тармакты автоматташтыруу абзел. Акылбек Үсөнбекович IT тармагын өнүктүрө бериңиз, салык жаатында иштериңизди улантыңыз.

ККМ аппараттарын киргизүү бир гана салык үчүн эмес. Бул түн ичинде өтүп жаткан контрабанда менен күрөш. Бул товардын сапатын текшерүү. Баарыбыздын ден соолугубуз үчүн керек.

10:57 14.7.2022

Акылбек Жапаров: Мамлекет төрт тилди билген, компьютерде иштей алган сабаттуу кадрларга муктаж.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG