Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

Волгограддагы жардыруу мигранттарды да чочутту


Жардырылган троллейбус. Волгоград, 30-декабрь, 2013.
Жардырылган троллейбус. Волгоград, 30-декабрь, 2013.

Жыл соңунда Волгограддагы жардыруудан соң коопсуздук чаралары күчөтүлүп, бул шаардагы кыргызстандыктар иштеген базар убактылуу жабылды.

Волгограддагы кош жардыруудан курман болгондордун алгачкылары бүгүн жерге берилди. Аталган шаарда 30-декабрда троллейбус жарылып, кеминде 14 киши набыт кеткен. Андан бир күн мурда ушул эле шаарда темир жол бекетиндеги жардыруудан 17 киши өлгөн. Жалпысынан каза болгондордун саны 33кө жетти. Кош жардыруулардан 60 чакты киши жараат алды.

Учурда Орусия коопсуздук чараларын күчөттү. Ошого байланыштуу мигранттарга кысым, текшерүүлөр дагы күчөйт деген кооптонулар жок эмес. Анткени Орусиядагы буга чейинки Бирюлево, Матвеев базарларындагы окуялар мигранттарга кыйла терс таасирин тийгизген. Бул окуялардан кийинки рейд учурунда бир топ мигранттар Орусиядан чыгарылган.

Орусиянын башка ири шаарларына салыштырмалуу Волгоградда кыргызстандыктардын саны аз. Москвадагы элчиликтен жана “Замандаш” ассоциациясынан билдиришкендей, бул шаарда 50дөн ашуун кыргызстандык иштейт. Алардын көбү Орусиянын жарандыгын алышкан. Басымдуу бөлүгү соода-сатык менен алектенишет. Волгограддагы жардыруулардан кыргызстандыктар жабыркабаганы кабарланган. Бирок бул окуя аларды да кооптондуруп, сыртка ашыкча чыгуудан чочуп турушат.

Ал жактагы мекендештердин “Достук” уюмунун жетекчисинин орун басары Кенжебек Абдылдаевдин белгилешинче, коопсуздук чараларына байланыштуу кыргыздар иштеген базар убактылуу жабылды.

- Бул жакты кыргыздар аз элебиз. Тактап-сураштырдык, жабыркагандар арасында кыргыздар жок. Шаардын ар жеринде полиция кызматкерлери көп жүрөт. Текшерүүлөр катуу болуп атат, паспорт, катталган жерлерин текшерип... Кыргыздар иштеген базарды 4-январга чейин жаап, тегерегин тосуп турушат. Элде жаңы жылдык маанай деле жок. Эл көп жерге баргандан, коомдук транспортко түшкөндөн коркуп калышты. Биз кыргыздар менен байланышып турабыз.

Орусиянын сайттары жазгандай, Волгоградда ушул тапта күнөөлүүлөрдү издөө улантылып, кеңири масштабдагы “Вихр-Антитеррор” операциясы жүрүп жатат. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги муну глобалдык террордук чабуулдун бөлүгү деп атап, эл аралык коомчулукту терроризмге каршы биргелешип күрөшүүгө чакырган. АКШ жооп катары Сочи олимпиадасынын коопсуздугун сактоо үчүн “тыгыз кызматташууну” сунуш кылды.

Сочи демекчи, Волгограддагы жардыруулар олимпиаданын ачылышына алты жума калганда жасалып отурат. Мурдарак Чеченстандагы козголоңчулардын анабашы Доку Умаров келерки жылы башталчу Сочи олимпиадасы учурунда чабуул жасоого үндөгөн эле.

Ушул себептенби, айтор Сочи олимпиадасына жакынкы күндөрдөгү айрым компаниялардын Бишкек-Екатеринбург каттамы токтотулду.

- Бишкек - Екатеринбург - Сочи багыты боюнча мындан эки ай мурда Урал авиалиниясынын билетин алдым эле. Кечээ “Кыргызконцептен” чалып билетиңизди өткөрүңүз, коопсуздук чараларына байланыштуу Урал авиалиниясынын каттамдары токтотулду деп айтышты. Ошол себептүү мен билетимди кайра тапшырдым, - дейт Сочи олимпиадасына аккредитация алган "Азаттыктын" спорттук кабарчысы Кабыл Макеш.

5-февраль күнү уччу Екатеринбург каттамы токтотулуп, бул күнү уча тургандардын акчалары кайтарылганын “Кыргызконцептин” жетекчисинин орун басары Данияр Аманалиев ырастады. Бирок ал эмне себептен экенин айткан жок.

- Екатеринбургдан Сочиге каттам бар. Азыр Бишкек-Екатеринбург каттамы токтотулду. Эмне себептен мындай болгонун биз билбейбиз.

Кыргызстандан Волгоградга түз каттам жок. Башка компаниялар Екатеринбургга каттамдар үзгүлтүккө учурабаганын билдиришүүдө. Волгоград Орусиянын түштүк-чыгышында, Европа бөлүгүндө жайгашкан. Ал Сочиден 700 чакырымдай алыс. Волгоградда беш күн аза күтүү жарыяланды. Мындагы жардырууну Бириккен улуттар уюму, Евросоюз, НАТО жана көптөгөн өлколөрдүн лидерлери айыптап чыгышты. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев да кыргызстандыктардын атынан Орусия элине көңүл айткан.

XS
SM
MD
LG