Питердеги И. Е. Репин атындагы Мамлекеттик көркөм өнөр, айкел жана архитектура академиялык институтунун студенти көргөзмөлөрүн Чыңгыз Айтматовдун элесине арнады.
Жалал-Абаддын Келте айылында төрөлүп-өскөн Тамила бала кезинде эле ылайдан кичинекей жан-жаныбарларды жасап, дубалдарга сүрөт тартчу.
- Мектепке бара электе эле ылайдан ар нерсени жасай берчүмүн. Дубалдарга чычала (күйгөн жыгач) менен сүрөт тартчумун. Колдорум жарылып кетчү. Пластилин таап алып, андан дагы бир нерселерди жасап жүрдүм. Апакем көрүп ал, “кой, ташта, таза эмес нерселерди кармаба” деп урушчу. Кийин район, облустарда айкелдерди көрүп, суктанар элем. “Жасай алам, колумдан келет” деген ишенимдер болгон.
Мектепти бүткөндөн кийин Тамила өзү сүйгөн кесипти тандап, Бишкектеги Көркөм өнөр улуттук академиясын бүтүргөн. Андан кийин өнөрүн өркүндөтүүнү эңсеп, беш жыл мурун Санкт-Петербургга келген.
- Ата-энем догдур болсун деп тилешчү, “скульптор болуу – кыз кишиге жарабайт, кантип нан таап жейсиң” дешчү. Бирок көнбөй максатымды жүзөгө ашырдым. Санкт-Петербургга дагы өзүм тапшырып, окуп жатам. Бир күн кечке сабак окуйбуз, андан чыгып өнөрканага кирип кетем, жабылгыча отуруп анан жатаканама кайтам. Болгон убактымды ушул ишиме жумшайм. Биздин окуу жайда билим берүү деңгээли жогору. Профессорлор, скульпторлор келип сабак берет. Анатомиядан баштап көп нерсени үйрөтүшөт.
Жаш кыздын тарткан сүрөттөрүндө, жасаган айкелдеринде көбүнчө айыл турмушу, айылдаштары, бала кезинде көргөн-билгени чагылдырылган. Андыктан, чогуу окуган группалаштардын арасында дагы анын иштери өзгөчө көрүнөт.
- Айылдык кызмын. Ааламга жол айылдан башталат дегендей, бардык чыгармачылык эргүү ушул айылымдан башталган. Жомоктор, айылдык турмуш, адабияттан окугандарымды, көргөн жан-жаныбарларды көп жасайм. Окуума байланыштуу алыста жүргөндүктөн дагы көбүнчө кыргызга тиешелүү нерселерди жайылтууга аракет кылам. Окуумда дагы ушул нерсени баалашат. Ар ким эле өзүнүн эли-жерин, элдик каада-салтын, тилин жакшы билсе, башкалар деле сыйлайт эмеспи.
“Эргүү тапканда убакытты, курсактын ач-тогун унутуп, ишиме сүңгүп кирип кетем”, - дейт жаш өнөрчү.
- Канчалык көп убакыт сарптасам, ишим ошончолук жакшы болот. Өнөрканага киргенде убакыттын өткөнүн деле байкабай калам, ач болгонумду деле сезбейм. Иштерим менен сыймыктанып, көңүлүм ачылып кетет. Окууну бүткөндө Кыргызстанга кайтып, өнөркана ачсам деп тилеп жатам. Анан, албетте, жакшы түгөй таап, бактылуу жубай, эне болгум келет.
Тамиланын иштери окуу жайда өткөн студенттик көргөзмөлөргө коюлуп, бир катар сыйлыктарды жеңип алган. Бардыгынын ичинен ушул жылы Кыргызстандагы “Ысык-Көлдүн сыйкырдуу кумдары” аталышындагы фестивалга катышып, Манас баатырдын төрт метрлик айкелин кумдан жасаганына кубанып келет.
Ал эми декабрда Санкт-Петербург менен Москвада өткөргөн чакан көргөзмөлөрүн Тамила Маматова жазуучу Чыңгыз Айтматовдун урматына арнап, “Өмүр сызыктары” деп атаган. Келечекте көп өлкөлөрдү кыдырып, “эл-жеримди чыгармачылыгым менен таанытсам” деген тилеги бар.