Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Москва бизди тууган кылды


Орусиядагы быйылкы мектеп бүтүрүүчүлөрдүн арасында орус жергесинде отурукташып калган кыргыз уул-кыздары да бар. Орусияда чоңойгон уул-кыздар эмне менен алек, ата журтуна, эне тилине кандай көз карашта?

"Мен дүйнөнүн адамымын"

17 жаштагы Айсулуу Темирова Орусияда туулуп-өскөн. Ал Москвадагы кыргыз диаспорасынын аксакалы Касым Темиров менен Жамилахан Бегиеванын кызы. Быйыл Айсулуу №814- 2 орто мектебин ийгиликтүү аяктап, чоң турмушка кадам таштады. Орус жергесинде бой тарткан кыз тарыхый мекени, эне тили боюнча ой бөлүштү:

Айсулуу
Айсулуу

- Ата-энем мени бала кезимен эле кыргыздардын мааракелерине алып барчу. Бирок Москвада чоңоюп калгандыктан, орустардын же кыргыздардын ой-жүгүртүүсү жакын деп айта албайм. Мен өзүмдү дүйнөнүн адамы катары эсептейм. Кыргызча түшүнөм, бирок оюмду эне тилимде жеткире албайм. Мектепте жаңы окуй баштаганда башкалардан өңүм менен айырмаланып турганымды сезчүмүн. Бара-бара ал сезим жоголуп кетти. Москвада кыргыздар көп, аларга урмат-сый менен мамиле кылам.

Айсулуу 9-классты кызыл аттестат менен аяктаган, быйыл жалпы мамлекеттик тестте орус тили боюнча 100 баллдан 96 балл алган. Эми бир жыл ичинде чет тилдерин үйрөнүп, саякатка чыгып, кесип тандап, андан кийин жогорку окуу жайларда билим алууну пландап жатат. Айсулуу алгачкы саякатын Кыргызстандан баштайм деди:

- Москва – менин кичи мекеним. Кыргызстан тарыхый мекеним катары жагат. Ата-энем туулган Өзгөндүн Ничке-Сай айылына жыл сайын барып турам. Мага алар чоңойгон айыл, Кыргызстандын жаратылышы жана эли кызык. Айылга барган сайын жергиликтүү эл менен көбүрөөк таанышып, өзүмдүн билгеним менен бөлүшкүм келе берет.

Окуу
Окуу

Айсулуу жарым жылдан бери Москвадагы мигранттардын балдарын окуткан «Такие же дети» интеграциялык борборунда ыктыярчы. Бул милдетти аркалоого борбордо окуган 15 жаштагы кыргызстандык Үмүтай аттуу өспүрүм кыз себепкер болгон.

- Үмүтай да мага окшоп корей тилине, маданиятына кызыгат экен. Бат эле тил табышып кеттик. Ата-энем менин окуума, жашоомо жакшы шарттарды түзүп берди, мен аларга ыраазымын. Бирок бардык эле ата-энеде мындай мүмкүнчүлүк жок да. Азыр Үмүтай менен математиканы, орус жана англис тилин чогуу окуйбуз. Мен ага өзүмдүн билгенимди үйрөтүүгө аракет кылам.

"ЖОЖдо окууну кыялданам"

Айсулууну бир тууган эжесиндей көрүп калган Үмүтай Кадирова Москвага 9-классты бүткөндөн кийин иштегени келген. Турмуш-шартка байланыштуу окуусун уланта албай калган өспүрүм азыр билим алууга шыктанып турат.

Үмүтай
Үмүтай

- Бир тууган эжем менен иштегени келгенбиз. Апам пол жууйт, атам короо шыпырат. Азар атам менен апам Кыргызстанга кетишти. Алардын ишин биз аткарып жатабыз. Иштен кийин жумасына үч күн борборго барып окуйм. Айсулуу эже мага көп нерсе үйрөттү, борбордо башка эжелер да бар. Эми Кыргызстанга кайтып, 11-классты бүтүп, жогорку окуу жайга тапшырам деп кыялданып калдым. Жаңы келгенде эч ким менен сүйлөшчү эмесмин, уялчумун. Азыр орусча үйрөнүп, оюмду тартынбай айтам.

Москвада туулган кыргыз кызы Айсулуу жана кичинесинен мигранттык турмуштун оор жүгүн тарткан Үмүтай Москвада табышкан бир тууган эже-сиңдилердей болуп калышты. Экөө жетелешип алып маданий иш-чараларга катышып, шаар кыдырып, келечекке чоң пландарды коюп кыялданышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG