Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Орусия аза күтүүдө


Орусияда суу ташкынынан 152 адам набыт болду, жалпысынан 12 миңдей киши жабыр тартты. Президент Владимир Путин элге кырсык жөнүндө эскертүү канчалык туура берилгенин текшерүүнү талап кылды.

Кырсыкты жергиликтүү эл негизинен ишембиде таң эртелеп сезди. Кубандык тургун Светлана Савидый “Рейтер” агенттигине окуя кандай болгонун сүрөттөп жатып: "15 мүнөттө эле суу белден келип, астыңкы кабатты толук каптап калды. Болгон мүлкүбүздүн баарын – эмерекпи, башка нерселерби – баарын суу алып кетти. Эмне болоорун билбегенден корктук", - деди.

​Суу ташкындан көбүрөөк жабыркаган Крымск районунун башка бир тургуну: "Айлананы шуулдап эле суу каптап кеткенде анын шаркылдаган добушу да катуу чыгып жатты. Биз коңшулар менен бири-бирибизди укпай, эч нерсени түшүнбөй жаттык. Эмне кылышты билбей калдык. Менин атам да ушул жерде, азыр ал кандай абалда экенин билбейм", - дейт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин регионалдык жетекчиси Александр Казликин: "Крымсктын төрттөн үч бөлүгү сууда калды, - дейт. - Өрт өчүргүчтөрдүн 20 отряды келди, аскерий отряддардын куткаруучулары келатышат. Министрлик Москвадан үч, Сочиден, Краснодардан жана Ростовдон бирден тик учактар жөнөтүлдү".

Кырсыктан өзгөчө Крымск районунун тургундары катуу жабыркашты, 8-июль, 2012
Кырсыктан өзгөчө Крымск районунун тургундары катуу жабыркашты, 8-июль, 2012
Бийликтер эмнеге суу ташкынынан мынчалык көп адам өлгөнүн азырынча түшүндүрө албай жатышат, болгону суу эң көп жайылган учур адамдар уктап жаткан мезгилге туура келгенин гана айтышууда.

Регионалдык администрациянын билдирүүсүндө айтылгандай, “Баары түнкүсүн жана көз ачып жумганча эле болуп кетти”. Анда кошумчаланга караганда, Геленжик шаарчасына беш айлык жамгырды 24 саатта эле төгүп салган.

"Себеп"

Бирок оппозициялык “Яблоко” партиясы адамдардын өлүмүнө негизинен жакын жердеги суу сактагычтан суу агыздырылганы себеп болгон деп билдирди.

Партиянын лидери Сергей Митрохин суу сактагычтан ашыкча суу айдалганын бийликтер учурунда элге эскертишкен эмес дейт.

Жергиликтүү бийликтер болсо бул айыпты заматта четке кагышты. Губернатордун расмий өкүлү Анна Минкова “Эхо Москвы” радиостанциясына сүйлөп жатып: “Тилекке каршы ушак, расмий маалыматка караганда, алда канча тез таралат экен”, - деди.

Резервуардан суу чындап эле төгүлгөн-төгүлбөгөнү азырынча аныктала элек.
Элдин кырсыкта көп өлгөнүн териштириш үчүн кылмыш иши козголду.

Президент Владимир Путин Краснодар крайын кыдыргандан кийин элге кырсык жөнүндө алдын ала эскертүү канчалык туура берилгенин текшерүүнү талап кылды.

Орусияда 9-июль өлгөндөргө аза күтүү күнү деп жарыяланды. Жабыр тарткандарга компенсация берүү да дүйшөмбүдө башталат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG