Орусиянын демография, миграция жана аймактык өнүгүү институту көп балалууларды колдоо боюнча жаңы мыйзам долбоорун сунуштоодо.
Мыйзам долбоордо бала тарбиялап өстүрүүнү мыйзамдуу түрдө эмгек тажрыйба катары кароо, көп балалуу үй-бүлөлөргө жер үлүшүн берип, керек болсо мындай үй-бүлөлөрдү атайын шаарчаларга отурукташтыруу маселелери каралган. Андан тышкары үч-төрт балалууларга айына 25 миң рубл, беш-алты баласы барларга 45 миң рубл, сегиз баласы бар үй-бүлөлөргө 100 миң рубл акчалай жардам берүү керектиги жазылган.
Көп балалуу аталарга «Орусиянын эмгек сиңирген атасы» орденин берүү жана аларга автоунаа сатып алуу үчүн жеңилдиктерди кароо жөнүндө дагы айтылган. Ал эми балдары жок же бир балалуу үй-бүлөлөргө атайын салык киргизүү сунушталган.
Башкы демилгечи, Орусиянын демография, миграция жана аймактык өнүгүү институтунун жетекчиси Юрий Крупновдун билдиришинче, мыйзам кабыл алынса Орусиядагы көп балалуу 1,5 миллион үй-бүлөнүн абалы оңолот:
- "Көп балалуу үй-бүлөлөрдүн статусу жөнүндө" федералдык мыйзамдын концепциясы президенттин 2012-жылы 7-майдагы Орусиянын демографиялык саясаты жөнүндө буйругун ишке ашыруу үчүн иштелип чыкты. Биз документти ар кайсы субъектилердеги көп балалуу үй-бүлөлөрдүн ассоциациялары менен макулдашып чыктык. Аны бардыгы колдошот.
Жогорудагы чаралар 2030-жылга чейин өлкөдөгү демографиялык көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет деп белгиленет.
Былтыр Орусияда 1 миллион 893 миң ымыркай төрөлсө, каза болгон адамдардын саны 1 миллион 888 миңди түзгөн. Төрөлгөндөрдүн саны мурунку жылга салыштырмалуу 51 миңге азайган. Өлкөнүн статистика кызматы быйыл январь-февралда төрөт саны 10 пайызга кыскарганын маалымдаган.
Москвадагы Экономика жогорку мектебиндеги демография борборунун адиси Никита Мкртчян бир топ убактан бери Орусиянын калкы бир гана миграциянын эсебинен толукталып келе жатканын айтууда:
- Акыркы жылдары Орусиянын калкынын саны бир гана миграция менен толукталып келет. Миграциянын эсебинен жылына 300 миңге чейин калктын саны өсүүдө. Ал эми төрөлгөндөр менен каза болгондордун айырмасы Орусияда нөлгө барабар, эч кандай өсүү жок. Бул акыркы 7-8 жылдан бери ушундай. Биринчи кезекте Украина, андан кийин Казакстан жана Өзбекстандан келип, бул жактан жарандык алып биротоло отурукташууга ниет кылгандар көп.
Мигрантты "байлаган" энелик капитал
Мигрантты "байлаган" энелик капитал
Орусияда орус жарандыгын алып, Энелик капитал деп аталган мамлекеттик программанын негизинде берилчү каражатка үй же жер алууну көздөгөн кыргызстандык мигранттардын саны арбыды.
Орусияда демографиялык каатчылыкты жоюуга карата 2007-жылдан бери мамлекеттик «эне капиталы» деген программа иштеп келет. Жаңы төрөлгөн ымыркайга 250 миң рублдан 450 миң рублга чейин акчалай жардам көрсөтүлөт. Орус жарандыгына өткөн мигрант үй-бүлөлөр мындай жөлөк пулду жер үлүшүн же үй сатып алууга колдонушат.
Москвада «Ваш доктор А» медициналык борборун жетектеген Кубанычбек Алибеков акыркы убакта миграцияда үй-булө куруп, бала-чакалуу болгон жаштардын катмары көбөйгөнүн айтты:
- Акыркы 5-10 жылды салыштырып карасак, бул жакта төрөгөндөр бир топ көбөйдү. Бул миграция агымынын күчөгөнү, ишке үй-бүлөсү менен келгендердин көбөйгөнүнө байланыштуу. Бул жакта төрөтканадагы шарттар жакшы болгону дагы кызыктырат. Басымдуусу 25-35 жаштагы келиндер, көбү Кыргызстандын жараны. Бир көйгөй бар - кош бойлуу келиндер жашаган жери боюнча ооруканага каттоого өз маалында турбайт.
Эгемендүүлүк жылдарында Орусияда жарандык алган кыргызстандыктардын саны 600 миңге чукул. Орусиянын демографиялык абалына миграциянын күчтүү таасирин адистер баса белгилеп келгени менен акыркы жылдары канча КМШ өлкөлөрүнүн жараны орус жарандыгына өткөнү ошондой эле төрөт көрсөткүчтөрүндө мигранттардын балдары жөнүндө расмий маалыматтар ачыкталган эмес.
Президент Владимир Путиндин кароосуна жөнөтүлгөн бул мыйзам долбоорду Мамлекеттик Думада "Единая Россия", "Справедливая Россия" партиялары жана бир катар мамлекеттик ишмерлер сынга алууда. Бирок Кремл тарабынан расмий жооп айтыла элек.