Азыркы кезде 600 миңге чукул кыргызстандыктар орус жарандыгына өткөнү айтылса, алардын көбүн жаштар түзөт.
Орусияда Энелик капитал деп аталган программанын негизинде үй-бүлөдө экинчи бала төрөлгөндө 450 миң рублдан жогорку өлчөмдө каражат мамлекеттен бөлүнөт.
Нурлис Токебаев Орусияга үй-бүлөсү менен баргандар же иштеп жүрүп баш кошкон жаш үй-бүлөлөрдүн көбүнө мындай мамлекеттик пул чоң жөлөк болуп жатканын айтты:
- Москвага келгенибизге алты жыл болду. Аялым Орусиянын жараны, мен орус жарандыгын алган эмесмин. Төрт балам бар, үчөө бул жакта төрөлдү. Эки баламдан кийин 453 миң рублдык энелик капиталдын сертификаты алганбыз. Аны жеке кызыкчылыктар үчүн колдонууга болбойт экен. Аны ипотекага батир ала турган болсоң, банктардын шарттарына жараша кошумча төлөм катары которулат. Орусияда биротоло кала турган оюбуз деле жок. Эртеби-кечпи мекенге кеткиң келет экен. Бирок барганда ишиң же жашай турган үйүң жок, мамлекеттен жардам болбойт. Азыр жаштардын баары эле бул жакта үй-бүлө куруп, балалуу болуп, материалдык капиталды үй алууга колдонуп жатышпайбы.
Москвада жашаган Перизат энелик капиталды алуу үчүн жаңы төрөлгөн ымыркайдын энеси сөзсүз түрдө орус жараны болушу керектигин белгиледи.
- Мен Орусияда көптөн бери жашайм. Ушул жерде эки балалуу болгом. Экинчи балам төрөлгөндө энелик капитал алгам. Азыр аны эч нерсеге корото элекмин. Бул каражат Орусиянын Пенсия фондунан алынат. Коротпой баланын окуусуна, турак жай алууга же карылыкка пенсияга деле калтырып койсо болот. Мамлекеттик жардамды алуу үчүн баланын ата-энеси экөө тең орус жараны болушу шарт эмес, баланын энеси гана орус жараны болушу керек.
Орусияда энелерге берилчү мамлекеттик жардамдан 25 миң рублды гана акчалай алууга болот. Калганын баланын окуусуна, үй же жер сатып алууга колдонуу шарт.
Гүлсия Аширалиева учурда энелик капиталы бар кыргызстандыктарга Тверь облусунда үй сатып алууга жардамдашып жатканын айтты:
- Мыйзамдуу жол менен энелик капиталга үй-жай сатып алууга жардам беребиз. Азыр Тверь облусундагы айылдарда жашаганга ылайыктуу бардык шарттары бар үйлөр бар. Пенсия фондунан адистер келип өздөрү текшерет. Үй сөзсүз түрдө эл жашаган аймакта орун алып, жашоого шарты бар болушу керек. Биз болсо орустардын эски үйлөрүн сатып алып, керектүү документтин баарын мыйзамдаштырып беребиз. Анан Пенсия фондунан акча бөлүнөт. Негизи кыргыздар мындай үйлөрдү Орусияда жашаган жери боюнча катталуу үчүн алышат. Көбү кайра эле Москвага барып иштейт. Бирок бул жакта отурукташып жашагандар да бар. Алар айыл чарба кармап, мал багып, жер айдашат.
Ушул тапта Орусиянын президенти Владимир Путиндин буйругу боюнча өлкөдө баланын төрөлүшүн колдоо максатында өлкөдөгү экономикалык каатчылыкка карабай Энелик капитал программасы 2018-жылга чейин узартылганы маалымдалды.
Ал эми азыркы кезде орус жарандыгына өткөн кыргызстандыктардын саны 600 миңге чукул, алардын көбүн жаштар түзөт.