Люксембургда жайгашкан Европа соту 25-январдагы чечиминде Европа Биримдиги Орусияга киргизилген санкциялардын алкагында "Алмаз-Антейдин" каражатын камакка алуу пропорционалдык эмес кадамдарга барган эмес деп тапты.
Орусиянын "Алмаз-Антей" компаниясы абадан коргонуучу куралдарды жасайт. Анын ичинде 2014-жылы Украинанын аба мейкиндигинде Амстердамдан Куала-Лумпурга бараткан жарандык учакты атып түшүрүүдө колдонулган БУК зениттик-ракеталык системаны чыгарат.
2014-жылы Украинадагы ыңкылаптан кийин Орусия Крымды аннексиялап, Чыгыш Украинада жикчилдерди колдоосуна байланыштуу Европа Биримдиги ага каршы санкцияларды киргизген. Санкция жарыяланган 36 компаниянын арасында "Алмаз-Антей" да бар.
Европа Биримдигинин расмий баракчасында “орус бийликтери Украина Чыгышындагы жикчилдерге оор куралдарды берип, өлкөнү дестабилдештирди”, ал куралдар учактарды атып түшүрүүгө колдонулду деп жазылган. Мына ошону менен Европа Биримдиги Орусиянын "Алмаз-Антей" мамлекеттик компаниясы Украинаны дестабилдештирүүгө катышууда деп белгилеген.
Европа сотунун чечиминде Европа биримдиги “Украинада жикчилдер "Алмаз-Антей" жасаган куралды колдонулушун далилдеп отурууга милдеттүү эместигин, жаңжал тутанып турган мезгилде ал өзгөчө кыйын экенин” белгилеген. Ал эми "Алмаз-Антей" компаниясы Европа сотунун чечимин саясий деп атаганын орус маалымат каражаттары кабарлады.
Европа Биримдиги 2016-жылдын соңунда Орусияга каршы санкцияларды дагы алты айга узартууну чечкен. Ал март айында дагы алты айга улантылары күтүлүүдө.
Орусиянын өзүндө АКШ жана Европа Биримдиги жарыялаган санкциянын жакын арада алынышы же узартылышы боюнча түрдүү пикирлер айтылууда. Орусиянын биринчи вице-премьер-министри Игорь Шувалов Давостогу экономикалык форумда санкциялардын алынышына даярдык көрүш керек десе, өкмөт башчы Дмитрий Медведев андай үмүттөргө жетеленбөөнү билдирди:
- Башка бирөөлөрдүн шайлоолоруна, чет өлкөлүк мамлекеттердин башына жаңы жетекчилер келишине үмүт артуунун эч кандай кажети жок. Биздин агрардык тармагыбыз түзүлгөн оңтойлуу кырдаалды пайдаланыш керек. Бул иште биз аларды колдойбуз. Анткени кандай кырдаал болбосун биз өзүбүздү өзүбүз багабыз.
Европа Биримдиги Орусияга киргизилген санкцияларды алууну Москванын Минск келишимин толук аткаруусу менен байланыштырып келатат. Ал келишимдин негизинде Чыгыш Украинада айыгышкан кагылышуулар азайганы менен саясий жараяндарга өтүүдө жарытылуу кадамдар жасала элек. Киев менен Москванын ортосунда Минск келишимин аткаруу боюнча мунаса табуу эмес, кайым айтышуулар өрчүп турат.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 25-январда Минск келишиминин аткарылбай жатышына Киевди күнөөлөдү:
- Украина чыгышындагы кырдаал дале кооптуу бойдон калууда. Украинанын ички кризисин чечүүгө Киев бийликтеринин мындан эки жыл мурун Минскиде алган милдеттенмелерин аткарууну чындап каалабай жатышы негизги тоскоолдук болууда. Киев эки тарап беттешкен жерлерде куралдуу чагымдарды уюштуруп, согуштук-реваншисттик риторикасын токтотпой жатат.
Украина өз кезегинде өткөн жумада Гаагадагы эл аралык сотко Орусияга каршы доо менен кайрылды. Анда Киев Орусия Улуттар Уюмунун террорчулукту каржылоого каршы күрөшүү боюнча конвенциясын бузду деп айыптады. Киев ошондой эле Орусия Украинанын мүлкүн, кен байлыктарын мыйзамсыз конфискациялады, Крымды аннексиялады жана Донбассты мыйзамсыз басып алды деп айыптап жатат.