Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:05

Путиндин эски досу Орусияны сотко берди


Путин жана Пугачев. 2000-жыл
Путин жана Пугачев. 2000-жыл

Владимир Путиндин бир кездеги досу Сергей Пугачев Орусиянын Европадагы 6 млрд долларлык мүлкүн каматууну көздөөдө. Ал мурдагы жылы эле 12 млрд долларлык мүлкүн тартып алганын айтып, Орусияны эл аралык сотко берген эле.

Сергей Пугачев маалында орусиялык алдыңкы отуз банктын катарына кирген Эл аралык өндүрүш банкын (Межпромбанк) негиздеген. Ал Орусиянын туңгуч президенти Борис Ельциндин администрациясында иштеген. Владимир Путинди премьер-министр кылууга Ельцинди көндүргөнүн, муну менен анын президенттик тагдырына таасири зор экенин айтып жүрөт.

Аны убагында «Путиндин досу», «Кремлдин банкири» дешкен. Орусия Федерация кеңешинин мүчөсү болгон. Ири бизнестерге ээлик кылган.

2011-жылы Орусиядан чыгып кетип, азыр Европада жашайт. Бирок ал Кремлдин сынчысы эмес экенин, жөн гана Орусияда бизнес жасоого көзү жетпегенде Францияда жашаган үй-бүлөсүнө кеткенин айтып жүрөт.

Кетээр алдында Владимир Путин болгон байлыктарын сатууну сунуштаган дейт. Ал сатууга аргасыз болгонун, болбосо камалмактыгын айтып, буга далилдер да бар деп ишендирүүдө:

Сергей Пугачев
Сергей Пугачев

- Документтер көп. Том-том болуп турат. Анткени ал кезде Орусия өкмөтүнүн ишинин алкагында көптөгөн кат алышуулар, Путиндин толтура тапшырмалары болгон. Ал тапшырмалардын арасында кызыктуулары да бар. Мисалы, ал жерде «Өндүрүш министринен тиги же бул активдерди сатып алуу мүмкүнчүлүгүн караштырууну жана сунуш берүүнү өтүнөм» деген тапшырма бар. Анан акча табуу керек деген биринчи сунуш болгон. Экинчи сунуш: алгылыктуу баа бычуу. Үчүнчү сунуш: ФСБ, ИИМ, Тергөө комитетин ишке аралаштыруу, мүлк ээсине же компания жетекчилигине кылмыш ишин козгоо болчу. Менин түшүнгөнүмө караганда, үчүнчү сунушту алар өздөрүнө алдын ала курал катары колдонушкан, - деди "Азаттыктын" орус кызматына курган маегинде. ​

Ошентип, Пугачев мүлктөрүн сатууга аргасыз болгон жагдайдын бирин, тагыраагы кеме куруучу комплексин ал кездеги премьер-министр Владимир Путин менен кантип соодалашканын минтип эскерет:

- Баасын талкуулап жатканбыз. Мен аудитор жалдаш керектигин, бул өтө татаал маселе экенин, анткени эбегейсиз комплекс болгон үчүн канча турарын билбей турганымды айтты. Мисалы, кеме куруучу комплексте 30дай ишкана бар эле. Путин «болжолу баары канча турат деп ойлойсуң?» деди. Мен 10 млрд болгонун айттым. "Он дейсиңби? Кымбат" деди да Кудринге (ошол маалдагы каржы министри - ред.) чалды. Ал "билбейм, беш миллиард турат го" деди. Путин мага "беш жетеби?" дегенде ойлонуп көрүп, «жоктон көрө беш жакшы» дедим.

Кеп беш миллиард доллар жөнүндө болууда. Мындан тышкары көмүр өндүрүүчү ишканасы да ушундай жол менен алынып Чеченстан жетекчиси Рамзан Кадыровго берилгенин айтууда. Ал Орусиядагы бар байлыгын Путин 12 млрд долларга баалаганын, бирок кийин бир да тыйын албаганын ырастайт. Ошентип, 2015-жылы мүлкүн күч менен мамлекетке тартып алган деп Орусия бийлигин Гаага сотуна берген. Ал иш сотто каралууда.

Бул арада Пугачев доону камсыздандыруу үчүн Орусиянын Европадагы 6 млрд долларлык каражатын каматууну каалоодо. Бул үчүн ал Париждеги эл аралык арбитражга кайрылган. Анын чечими майда чыгары күтүлүүдө.

Жогорудагы айыптоолорго, анын ичинде Пугачев сүрөттөгөн схемалардын чын-бышыгына орус бийлиги жооп бере элек. Бирок аны буга чейин, 2013-жылы Орусия эл аралык издөөгө алган. Тагыраагы, ишкер алдамчылык менен "Межпромбанктагы" кардарларынын 28 млрд рублин кымырып, чет өлкөгө чыгарып кеткен делет.

Андан тышкары кайтарылбай турганын билип эле 68 млрд рубль кредит берип, ал да жок болгонун ырастайт Орусиянын Салымдарды камсыздандыруу агенттиги. Пугачев баарын биле туруп жасаган, өз банкынан акча уурдаган деп айыпталат. Ишкер мунун баарын четке кагып, "Межпромбанкты" түзгөнү менен 2001-жылдан тарта ага тиешеси болбой калганын айтып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG