Шаар тургуну Эмил Калыков күн сайын үйүнөн жумушка баратып машине жүрүүчү көчө менен басууга аргасыз. Ал көчөдө зуулдаган унааларды аралап жүрүү кооптуу экенине карабай тобокелге барарын айтты:
- Бизде тротуар жок да. Айласыз көчөгө чыгып басабыз. Тротуарлар тосулуп, ашкана болуп калган. Аны эч ким карабайт. Тротуар бар жерди да эч ким карабайт. Тротуарда кечинде эмес, күндүз баскандан коркосуң. Бирдемелерди төгүп салган же казып коюшкан. Бутка илешип зымдар жатат. Кудай сактасын деп машинелерге аралашып эле жүрөбүз.
Ош шаардык бийлигинде калаадагы жөө басуучу жолдорду өз алдынча ээлеп алгандардан коргоп калуу аракети байкалбайт. Маселен, шаардын борбордук бөлүгүндөгү көчөлөрдүн да жөө басуучу жолдору жеке адамдар тарабынан ээленип кеткен. Шаар бийлиги өз алдынча жол тоскондорго чара көрүлөт дегени менен, андай убадалар азырынча кагаз бетинде эле калып келет.
Ошто буга окшоп, тосулуп калган жөө басуучу жолдон чыгып, автоунаалар жүрүүчү көчөлөргө чыгып, өмүрүн тобокелге салып жүргөн жарандар четтен табылат. Ошто жөө адамдар баскан жолдун ордуна ашкана ачып алган ишкер айым ага шаар бийликтери уруксат бергенин айтты:
- Кудай сактап бул жолдо мен ашкана иштете баштагандан бери кырсык боло элек. Андай болушун да каалабайбыз. Бирок дайыма эле ойлонобуз. Бакчага келген ата-энелерге "балаңарды кармагыла, абайлагыла" деп айтабыз. Негизи эле бул көчөдө тротуар жок. Күндүз машиненин баары ушул жолдон өтөт. Мен бул жерге ашкананы мыйзамдуу ачкам. Шаар бийлиги уруксат берген. Кызыл китебим да бар. Дооматыңарды ошол чоңдорго барып айткыла.
Дагы бир ишкер жөө басуучу жолго ашкана ачканын мыйзамдуу деп эсептейт. Ал дагы шаар бийлигинин уруксаты менен жолго ашкана ачканын айтууда.
- Бул жолду пайдаланууга үйдүн ээси уруксат алган да. Буга документтери бар. Биз ошондуктан ашкананы ижарага алып иштетип атабыз. Кожоюн өзү азыр бул жерде эмес.
Укук коргоочу Гүлгакы Мамасалиева болсо мыйзамсыз курулуштардын баарын шаар бийлиги коргоп, пара алат деп эсептейт.
- Менин жеке пикиримде жеке адамдардын жолдорду өз башынча ээлеп алуусу бийликке пайда болуп атат. Анткени жолдорду өз башынча ээлеп алган ар бир жарандан Экотехинспекциянын кызматкерлери маал-маалы менен үлүш алып турушат. Мыйзам бузгандар шаар бийлигин багат, ошондуктан ушундай башаламандык болуп жатат десе болот. Муну башкача түшүндүрүүгө мүмкүн эмес. Анткени алар таза иштесе, эреже бузулмак эмес. Жолдор да тосулбайт эле.
Ош шаардык курулуш башкармалыгы мыйзамсыз курулуштардын баарын Экотехинспекция көзөмөлдөшү керек деп билдирди. Ал эми Ош облустук экотехинспекциянын бөлүм башчысы Курманбек Осмонкулов баарына архитектура күнөөлүү деди:
- Архитектура шаардын башкы планы менен деталдуу планын колума карматып коюшу керек. Азыр шаардын башкы планы бүтө элек. Ошону Архитектура жасашы керек. Анан менден ошол пландын сакталышын талап кылышсын, мен ошого жооп берейин. Азыр мен кайсы бир ишкерге барып жолду ач десем алар "жол кана? Канча метр жол? Картаң кана?" деп сурайт. Анан мен аларга эмне дейм?
Шаар бийлиги басуучу жолдор өз башынча ээленип, көзөмөлсүз калганына бири-бирин күнөөлөп гана отурушат. Буга чейин Ош шаардык мэриясы тротуарларды ачуу боюнча чоң өнөктүк баштадык деп маалымат таратышкан. Өз башынча жол тосуп алгандарга бир нече иреттен эскертүү каттары таратылып жатканын да кабарлашкан. Бирок ал демилге айтылган бойдон дымы чыкпай жым болду.
Жөө басуучу жолду тоскон дагы бир ишкер эгер шаар бийлиги бир ооз кайрылса, ал жолду ачып кое турганын айтты:
- Бул жерде дарак бар экен. Биз ошол дарактан берки жагын тосуп койдук. Кварталдык комитеттен эч ким унчуккан жок. Ал жерди ачып койгула деген кат бизге бир да жолу келген эмес. Эгер шаар бийлиги жолду ачкыла деп бир ооз айтса, биз ачып коебуз. Биз мыйзам сыйлаган адамбыз.
Негизи шаардагы курулуштарды Ош шаардык архитектура, Экотехинспекция, Ош шаардык мэриясынын курулуш бөлүмү жана шаардык жол коопсуздук кызматы көзөмөлдөйт. Бирок шаар жолдорун өз алдынча тоскондор кабат-кабат көзөмөл органдарынын көзүнө илинбей турат.
Буга чейин Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун тушунда жөө басуучу жолдор четинен ачыла баштаган. Ал мэр кызматтан кеткенден кийин жөө жүргүнчүлөр басуучу жолдорду ачуу аракети токтоп калгандай.