Өткөн аптада премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Бишкектен “Манас” аэропортуна бараткан жолдун курулушун сындап, кайра баарын оңдоп-түздөп чыгууну тапшырды, транспорт жана жолдор министрине сөгүш берди.
Буга чейин жол куруудан миллиондогон сом кымырылып кеткени ачыкка чыкканы менен жоопко тартылган, жаза алгандар дээрлик болгон эмес.
Стратегиялык мааниге ээ Бишкек-Нарын-Торугарт жолу 2010-жылдан бери эле оңдолуп жатат. Бул жолду салып жаткан жөнөкөй жумушчулардын бири Айбек Осмонов сапат боюнча нааразылыгын ачык айтты:
- Жолдун сапаты анча жакшы эмес. Туура эмес салынып жатат. Чала жасалууда. Ушинтип жамап жатабыз. Бир жасай турган ишти эки жолудан жасаЙбыз. Мисалы, шагыл төккөнбүз да, эми кайра иштеп жатабыз. Жолго билгени деле, билбегени деле аралашып жатат.
Ушул тушта Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун эки бөлүгү оңдолууда. Транспорт жана жолдор министрлигинин билдиришинче, жолдун 272-365 чакырымын оңдоого 2013-жылы Араб координациялык тобу 45 миллион доллардан ашык насыя берген жана ушул тушта каражаттын теңинен көбү сарпталды. Жолду Кувейт-Кытай биргелешкен “Копри/Синохидро” компаниясы куруп жатат жана план боюнча жыл этегине чейин бүтүшү керек.
Министрликтин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетовдун “Азаттыкка” билдиришинче, Торугартка бараткан жолдун экинчи бөлүгүн - 479-539-чакырымын курууга эл аралык донорлор жана кыргыз өкмөтүнөн 88 миллион доллар каралган. Жолду кытайлык “Чайна Роуд” компаниясы салып жатат:
- Донор - Азия өнүктүрүү банкы, насыянын жалпы көлөмү 55 миллион доллар. Кыргыз өкмөтү болсо 15 миллион сом берген. Андан сырткары Азия өнүктүрүү банкы кошумча 11 миллион долларга жакын насыя, 4,3 миллион доллар грант берген. Өкмөттөн дагы үч миллион долларга жакын акча каралган.
Жалпы узундугу 540тай чакырымга жеткен Бишкек-Нарын-Торугарт жолу пайдаланып-пайдаланыла электе эле бир топтон бери тең ортосунан жарылып кеткен. Жол курган компания кемчиликтерди жоюуга убада бергени менен абал өзгөрө элек.
Дагы бир маанилүү Ош-Баткен-Исфана жолунун 220-232 жана 248-360 чакырымдарын оңдоого Кытайдын “Эксимбанкынан” 90 миллион доллардан ашык акча насыя алынган. Транспорт жана жолдор министрлиги иштин негизги бөлүгү бүтүп калганын маалымдап жатат. Бул жолдун 28-75-чакырымына JICA эл аралык уюму 117 милллиондой доллар насыя бөлгөн. Ушу тушта кеңеш берүүчү компанияны тандоо боюнча тендер өткөрүүгө камылга көрүлүп жатат.
Эң ири долбоорлордун бири – түндүк-түштүк альтернативдүү жолу болуп саналат. Жалпы узундугу 433 чакырым болгон жолду курууга 885 миллион доллар керектелери айтылган.
Транспорт жана жолдор министрлигинин кабарлашынча, жол куруунун биринчи-экинчи фазаларына Кытайдын “Эксимбанкынан” 700 миллион долларга жакын акча алынган. Үчүнчү фазасын долбоорлоо жана эсеп-кысабын чыгаруу, документтерди даярдоо үчүн Азия өнүктүрүү банкы 3 миллион доллар берген.
Түндүк менен түштүктү бириктирген азыркы негизги жолдун Бишкек-Кара-Балта бөлүгүнүн 50дөн ашык чакырымын жакшыртуу максатында 120 миллион доллар сарпталганы жатат. Азия өнүктүрүү банкынан 65 миллион доллар насыя, 35 миллион грант алынган. Кыргыз өкмөтү өзү 20 миллион доллар бөлгөн. Жолду кура турган компания тандалып жатат.
Ал эми Бишкек-Ош жолунун 67 чакырымга созулган Маданият-Жалал-Абад бөлүгүн оңдоого Азия өнүктүрүү банкынан 60 миллион доллар насыя, өкмөт өзү 12 миллион доллар берген. Жол кура турган компания азыр тандала элек.
Ушул айда болсо Тараз-Талас-Суусамыр жолунун 30 чакырымын оңдоо иштери башталды. Долбоордун жалпы баасы 22 миллион доллардан ашат. Анын 10 миллионун Ислам өнүктүрүү банкы, дагы ушунча акчаны Саудия өнүктүрүү банкы берген. Жолду түркиялык компания куруп жатат жана эмдиги жылы августта аяктайт.
Премьер-министр Темир Сариевдин отставкасы менен аяктаган чырлуу Балыкчы-Корумду жолу курулууда. Өкмөт 100 миллиондой доллар керектелерин айткан. Быйылкыга 1,5 миллионго жакын доллар бөлгөн.
Анткен менен каражаттын басымдуу бөлүгүн насыяга алып миллиондогон акча жумшап курулуп жаткан жолдун сапатына канааттанбагандар көп. Транспорт жана жол министрлигине караштуу “Кыргызжолтрансдолбоорлоо” институтунун башкы инженери Талант Солтобаев жолду сапатын текшерүүнүн жол-жобосун айтып берди:
- Жолду куруунун алдында анын сапатына көзөмөл кыла турган компания тандоо үчүн тендер болот. Ар бир курулуш участокторунда лабораториялар, тиешелүү адистер болот. Курулуш материалдарынын сапаты жеринен текшерилет. Эгерде сапаты текшерүүдөн өтпөй калса ошол компания өз эсебинен оңдоп бериши керек.
Анткен жолду курууга дээрлик көзөмөл жок деген доомат бар. Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин мүчөсү Эмил Токтошев кылмыштуу, мыйзамсыз иш-аракеттерди уюшкан топ жасаарын, мындан улам эч ким жоопко тартылбай жатканын белгиледи:
- Бул жерде мафия болуп калган. Уткан, жол курган, аны көзөмөлдөгөн, акчаны бөлүштүргөндөрдүн баары өз адамдар. Ошондуктан бул жерде баарын ачыкка чыгарып, иш козгоп, катуу жоопко тартмайынча токтобойт. Булар баары бири-бирин билет. Көзөмөлдү күчөтүү керек. Сапатсыз жол курган боюнча эч ким камалган, жоопко тартылган жок. Тааныш-билиш болуп, көз жуумп койгондун кесепети ушул болуп жатат.
Көзөмөлдү күчөтүү керек. Сапатсыз жол курган боюнча эч ким камалган, жоопко тартылган жок. Тааныш-билиш болуп, көз жуумп койгондун кесепети ушул болуп жатат.Эмил Токтошев
Өткөн аптада өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жолдун курулушун текшергени аңгыл-дөңгүл болуп калганын айтып министрди жемелеген жана компанияны өз эсебинен кайра оңдоп чыгуусун талап кылган:
- Жасаган ишиңер ушулбу? Ушинтип кантип жол курсун? Райондордо, айылдарда да мындай жол салбайт. Мындай болбойт да. Бул жолду кабыл албагыла. Бир миллиард сом кетип жатса, ал акчаны мамлекет өз бюджетинен берип жатса, биринчи жолу мамлекеттик акчага жасатып атсак, уят деген болуш керек. Баарын кайра салгыла.
Буга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жана Ош - Сары-Таш - Эркеч-Там өңдүү стратегиялык мааниге ээ жолдорду курууда ири каржылык мыйзам бузуулар аныкталган. Прокуратура кылмыш иш козголгонун маалымдаганы менен жол курууга жооптуу аткаминерлер дээрлик жазасыз калган.