Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Азербайжанда полиция 100дөн ашуун активистти кармап кетти


Бакудагы кармоо. 16-февраль, 2020-жыл.
Бакудагы кармоо. 16-февраль, 2020-жыл.

Бакуда полиция оппозициядагы партиялардын үч лидерин жана 100дөн ашуун активистти кармап кетти. Азербайжан баш калаасында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы акция өтмөк. Бирок күч түзүмдөрү ага жол беришкен жок. Кармалгандардын көбү жекшембинин кечинде бошотулду.

9-февралда өткөн парламенттик шайлоодо президент Илхам Алиевдин «Жаңы Азербайжан» партиясы алдыга чыккан. Калган орундар бийликчил талапкерлердин арасында бөлүштүрүлгөн.

16-февралдагы акцияны утурлай «РЕАЛ» партиясынын лидери Илгар Мамедлыны, «Мусават» партиясынын башчысы Ариф Гажылыны да кармап кетишкен. 11-февралда шайлоонун жыйынтыгына каршылыгын билдирип чыккан 20дай талапкерди полиция кармаган.

Азербайжандагы шайлоодо мыйзам бузуу көп болгонун Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) да байкоочулары белгилешкен.

XS
SM
MD
LG